Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-сентябры № 639
Салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү
айрым маселелер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 621, 127, 128, 129, 130 жана 131-беренелерин, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясын, «Саясий партиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясын, «Кесиптик бирликтер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 211-статьясын, «Кооперативдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-статьясын, «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесин ишке ашыруу, ошондой эле салыктык башкаруу, кыйыр салыктарды башкаруу жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен өз ара соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген товарларды эсепке алуу механизмдерин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Акча каражаттарын түзүү булактары, аларды сарптоо багыттары жөнүндө, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ээликтен ажыратылуучу мүлк тууралуу коммерциялык эмес уюмдун, саясий партиянын, кесиптик бирликтин, кооперативдин жана диний уюмдун жыйынды маалыматын берүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) акча каражаттарын түзүү булактары, аларды сарптоо багыттары жөнүндө, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ээликтен ажыратылуучу мүлк тууралуу коммерциялык эмес уюмдун, саясий партиянын, кесиптик бирликтин, кооперативдин жана диний уюмдун жыйынды маалыматы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 3-тиркемеде:
– 8-пунктта «220860» деген цифралар «220890» деген цифраларга алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 81, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта:
– экинчи абзац «тартиби» деген сөздөн кийин «жана максаты» деген сөздөр менен толукталсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– Базарлардын жана соода борборлорунун администрациялары тарабынан салыктык милдеттенмелердин жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелердин аткарылышын эсепке алууну жана контролдоону камсыз кылуу тартиби 6-тиркемеге ылайык.»;
2) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык постун орнотуу тартибинде:
– төмөнкүдөй мазмундагы 51, 52-пункттар менен толукталсын:
«51. Субъектте видео байкоо жүргүзүүгө арналган система болгон учурда, салык постун орнотуу процессинде видео жазууну башкарууда колдонуу үчүн Интернет жана/же башка тармактар аркылуу бул системага жана/же IP-камерага жана/же IP-дарекке туташууга кызматкерге уруксат берилет.
Субъектте видео байкоо жүргүзүүгө арналган система жок болгон учурда, кызматкер салык кызматынын органына таандык болгон жана интернет жана/же башка тармактар аркылуу видео жазууну өткөрүп берүүчү жабдууларды салык посту жайгашкан объектке орнотууга укуктуу. Мында кызматкер ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча субъект менен материалдык баалуулуктарды жооптуу сактоого кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын тариздейт.
Материалдык баалуулуктарды жооптуу сактоого кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы кол коет.
52. Видео байкоонун жазууларын берүүдөн баш тартылган учурда тоскоолдук кылуу актысы түзүлөт, анда кызматкердин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо фактысы көрсөтүлөт.
Тоскоолдук кылуу актысына кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы, ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коёт. Субъект же субъекттин жооптуу адамы тоскоолдук кылуу актысына кол коюудан баш тарткан учурда фото жана видео тартуу жүргүзүлөт жана тоскоолдук кылуу актысына тапшыруу датасын көрсөтүү менен «тоскоолдук кылуу актына кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды» деген жазуу жазылат.
Бул актынын негизинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тартылган же салык посту орнотулган жери боюнча катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда «укук бузуу факты менен макул эмесмин» деген белги коюу менен протокол түзүлөт жана кагаз жүзүндөгү протоколго ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен «баш тартылды» деген жазуу жазылат жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана жери дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт.
Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга өткөрүп берилет.»;
– 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Акциздик продукцияны өндүрүүчү субъекттерден тышкары, салык посту орнотулуучу субъекттердин тизмеси салык органы тарабынан аныкталат жана бекитилет.
Салык посту орнотулуучу акциздик продукцияны өндүрүүчү субъекттердин тизмеси ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.»;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу тартибинде:
төмөнкүдөй мазмундагы 131, 132-пункттар менен толукталсын:
«131. Субъектте видео байкоо жүргүзүүгө арналган система болгон учурда, товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу процессинде видео жазууну башкарууда колдонуу үчүн Интернет жана/же башка тармактар аркылуу бул системага жана/же IP-камерага жана/же IP-дарекке туташууга кызматкерге уруксат берилет.
Субъектте видео байкоо жүргүзүүгө арналган система жок болгон учурда, кызматкер салык кызматынын органына таандык болгон жана Интернет жана/же башка тармактар аркылуу видео жазууну өткөрүп берүүчү жабдууларды товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу жүзөгө ашырылган объектке орнотууга укуктуу. Мында кызматкер ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча субъект менен материалдык баалуулуктарды жооптуу сактоого кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын тариздейт.
Материалдык баалуулуктарды жооптуу сактоого кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы кол коет.
132. Субъект видео байкоонун жазууларын берүүдөн баш тарткан учурда тоскоолдук кылуу актысы түзүлөт, анда кызматкердин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо фактысы көрсөтүлөт.
Тоскоолдук кылуу актысына кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы, ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коёт. Субъект же субъекттин жооптуу адамы тоскоолдук кылуу актысына кол коюудан баш тарткан учурда фото жана видео тартуу жүргүзүлөт жана тоскоолдук кылуу актысына тапшыруу датасын көрсөтүү менен «тоскоолдук кылуу актына кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды» деген жазуу жазылат.
Бул актынын негизинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тартылган же товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу жүзөгө ашырылган жери боюнча катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда «укук бузуу факты менен макул эмесмин» деген белги коюу менен протокол түзүлөт жана кагаз жүзүндөгү протоколго ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен «баш тартылды» деген жазуу жазылат жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана жери дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга өткөрүп берилет.»;
5) ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда 6-тиркеме менен толукталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 «Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пунктта:
– 3-пунктчада «2025-жылдын 1-июлунан» деген сөздөр «2027-жылдын 1-июлунан» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 4-пунктчада «2026-жылдын 1-апрелинен» деген сөздөр «2027-жылдын 1-июлунан» деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 «Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-пункттун 1-пунктчасында «2026-жылдын 1-апрелине» деген сөздөр «2027-жылдын 1-июлуна» деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 «Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибинде:
– 131-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– карызды төлөөнү кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө түрүндө анын мөөнөтүн өзгөртүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте чечим кабыл алынган карыздан тышкары, кыйыр салыктар боюнча таанылган салык карызы;».
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемесинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 13-тиркемеде:
9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
9 | туризм чөйрөсүндө мамлекеттик маанидеги долбоорлордун статусуна ээ болгон долбоорлорду ишке ашыруучу мамлекеттик ишканаларга жана/же уставдык капиталында катышуу үлүшүнүн 100 пайызы мамлекетке таандык болгон чарба жүргүзүүчү коомдорго, анын ичинде уставдык капиталында катышуу үлүшүнүн 100 пайызы башкы компанияга таандык болгон туунду чарба жүргүзүүчү коомдорго мөөнөтсүз пайдаланууга берилген жер тилкелери |
»;
2) жогоруда аталган токтомдун 21-тиркемеси ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 449 «Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкаларын жана жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартибинде:
1) 7-пунктта:
– төртүнчү, бешинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө (иш жүргүзүү баскычында) отчеттук жыл үчүн жыйымдын отчету түзүлөт жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-январына чейин жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМОго берилет.
Жыйымдын отчету форма боюнча (ушул Тартиптин 3-тиркемеси) жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО менен макулдашылат жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартына чейин СК аркылуу лицензиялык аянттын жайгашкан жери боюнча аймактык салык органына форма боюнча (ушул Тартиптин 4-тиркемеси) жана толтуруу тартибинде (ушул Тартиптин 7-главасы) берилет.»;
– төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«2025-жыл үчүн жыйымдын отчету 2026-жылдын 1-июлуна чейин берилет.»;
2) 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«2026-жылдын январынан тартып мартын кошуп алган мезгилде жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алууда жыйымдын эсеби СК аркылуу 2-тиркемеге ылайык 1-апрелге чейин берилет.»;
3) 29-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«2026-жылдын январынан тартып мартын кошуп алган мезгил үчүн төлөм 2026-жылдын 20-апрелине чейин жүргүзүлөт.»;
4) 41-пунктта:
– үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– 103-уячада уюмдун аталышы көрсөтүлөт;»;
– бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– 105-уячада жер казынасын пайдалануу объектинин аталышы көрсөтүлөт;»;
– алтынчы, он экинчи, он бешинчи жана он алтынчы абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 42-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«42. II бөлүм. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымды эсептөө:
– 1-графада лицензиянын номери көрсөтүлөт;
– 2-графада лицензиянын колдонуу мөөнөтү көрсөтүлөт;
– 3-графада жер казынасын пайдалануунун түрү (издөө, чалгындоо, иштеп чыгуу) көрсөтүлөт;
– 4-графада бюджеттин түрү көрсөтүлөт: республикалык, жергиликтүү, башка;
– 5-графада жер тилкесинин жайгашкан жери (шаар, айыл аймагы) көрсөтүлөт;
– 6-графада пайдалуу кендердин түрлөрү көрсөтүлөт;
– 7-графада лицензияга ээлик кылуу мөөнөтү (жылдар боюнча саны) көрсөтүлөт;
– 8-графада лицензияга ээлик кылуу мөөнөтү учурдагы жылга айлар боюнча көрсөтүлөт;
– 9-графада жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияда чагылдырылган аянттын өлчөмү (квадрат километр, гектар менен) көрсөтүлөт;
– 10-графада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан же мындай ставкаларды караган башка документ менен белгиленген ставкаларга ылайык пайдалуу кендерди издөөдө, чалгындоодо жана иштеп чыгууда жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкасы көрсөтүлөт;
– 11-графада минималдуу эсептешүү көрсөткүчү (МЭК), башкача айтканда «Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 100 сом өлчөмүндө белгиленген эсептешүү көрсөткүчү – ЭК көрсөтүлөт;
– 12-графада формула (9-графа х 10-графа х 11-графа) боюнча жыйымдын суммасы көрсөтүлөт;
– 13-графада формулага (12-графа / 12 ай) ылайык бир айлык жыйымдын суммасы көрсөтүлөт, башкача айтканда жылдык сумма 12 айга бөлүнөт;
– 14-графада формулага (13-графа х 8-графа) ылайык жыйымдын иш жүзүндөгү суммасы көрсөтүлөт, башкача айтканда алынган маани ээлик кылуу айларынын иш жүзүндөгү санына көбөйтүлөт;
– 512-уячада 14-графадагы маалыматтар боюнча аныкталуучу жыйымдын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт, андан кийин төлөм милдеттенмесинин өзгөрүүлөрүн эске алуу менен лицензияга ээлик кылуунун айлары боюнча жыйымдын суммалары коюлат.»;
6) 46-пунктта:
– үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– 103-уячада уюмдун аталышы көрсөтүлөт;»;
– бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– 105-уячада жер казынасын пайдалануу объектинин аталышы көрсөтүлөт;»;
– алтынчы, он экинчи, он бешинчи жана он алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 47-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«47. II бөлүм. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөө:
– 1-графада лицензиянын номери көрсөтүлөт;
– 2-графада лицензиянын колдонуу мөөнөтү көрсөтүлөт;
– 3-графада пайдалуу кендердин түрлөрү көрсөтүлөт;
– 4-графада бюджеттин түрү көрсөтүлөт: республикалык, жергиликтүү, башка;
– 5-графада жер тилкесинин жайгашкан жери (шаар, айыл аймагы) көрсөтүлөт;
– 6-графада лицензияга ээлик кылуу мөөнөтү (жылдар боюнча саны) көрсөтүлөт;
– 7-графада лицензияга ээлик кылуу мөөнөтү учурдагы жылга айлар боюнча көрсөтүлөт;
– 8-графада лицензияда көрсөтүлгөн аянттын өлчөмү (квадрат километр, гектар менен) көрсөтүлөт;
– 9-графада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан же ушундай ставкаларды караган башка документтер менен белгиленген квадрат километр, гектар үчүн жана жылдар боюнча жыйымдын ставкасы көрсөтүлөт;
– 10-графада минималдуу эсептешүү көрсөткүчү (МЭК), башкача айтканда «Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 100 сом өлчөмүндө белгиленген эсептешүү көрсөткүчү – ЭК көрсөтүлөт;
– 11-графада жыйымдын суммасы (8-графа х 9-графа х 10-графа) көрсөтүлөт;
– 12-графада лицензиялык макулдашуунун шарттары боюнча пайдалуу кендин бир жылдык казып алуу көлөмү көрсөтүлөт;
– 13-графада бир жылда иш жүзүндөгү казып алуу көлөмү көрсөтүлөт;
– 14-графада лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткаруу, % менен (13-графа / 12-графа х 100) көрсөтүлөт;
– 15-графада лицензиялык макулдашуунун аткарылбаган шарттары, % менен көрсөтүлөт (12-графа - 13-графа) / 12-графа х 100;
– 16-графада жыйымдын суммасы (11-графа х 15-графа) көрсөтүлөт;
– 512-уячада жыйымдын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.»;
8) Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартибинин 2, 3 жана 4-тиркемелери ушул токтомдун 6, 7 жана 8-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 246 «Кыргыз Республикасынын жашыл таксономиясы – жалпы улуттук пилоттук классификаторун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада «, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 284-беренесин, 297-беренесинин 22-пунктчасын ишке ашыруу максатында» деген сөздөр алып салынсын;
2) 3-пунктта:
– экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн Таксономиянын талаптарына шайкештигин аныктоону жана идентификациялоону жөнөкөйлөтүү үчүн жашыл товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык жана бирдиктүү санариптик реестрин (электрондук маалыматтар базасын) түзсүн;»;
– үчүнчү абзацта «Финансы министрлигине» деген сөздөр «Министрлер Кабинетине» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 385 «Кыргыз Республикасында эсептик-контролдук маркаларды киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2026-жылдын 1-январынан тартып муздан тышкары, ТЭИ ТН 2201 коду менен классификациялануучу бөтөлкөгө куюлган же таңгакталган, анын ичинде минералдуу жана газдалган суу эсептик-контролдук маркалар менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш;
2) 2026-жылдын 1-июлунан тартып муздан тышкары, ТЭИ ТН 2201 коду менен классификациялануучу бөтөлкөгө куюлган же таңгакталган, анын ичинде минералдуу жана газдалган суунун эсептик-контролдук маркалар менен маркаланбаган калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат.».
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-мартындагы № 175 «Зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу тартибинде:
– 14-пункттун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
– жогоруда аталган Тартиптин 2-тиркемесинде:
« Акыркы жыл үчүн финансылык отчетту (бухгалтердик баланс) берүү.» деген сөздөр алып салынсын.
12. 2027-жылдын 1-январынан тартып базарлардын жана соода борборлорунун администрациялары салыктык эмес кирешелерди, камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, ошондой эле жалданма кызматкерлерден киреше салыгынын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнүшүн контролдоо боюнча функцияларды ишке ашырат деп белгиленсин.
13. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 147 «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 446 «Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын иштешине талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 5-пункту.
14. Бул токтом төмөнкүлөрдөн тышкары расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет:
1) 2025-жылдын 29-декабрынан тартып күчүнө кирүүчү 2-пункттан;
2) 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирүүчү 4-пункттун үчүнчү абзацынан;
3) 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирүүчү 4-пунктунун төртүнчү абзацынан жана 5-пункттан;
4) 2024-жылдын 9-сентябрынан тартып күчүнө кирүүчү 7-пункттун 2-пунктчасынан;
5) 2025-жылдын 8-декабрынан тартып күчүнө кирүүчү 8-пункттан;
6) 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 10-пункттун төртүнчү абзацынан;
7) 2026-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирүүчү 10-пункттун бешинчи абзацынан.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 73 (3833) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |