Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-марты №20
Жаңы-Акман айылынын көчөсүнө Султанкулов Асанбектин атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, Акман айылдык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби" жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдык кеңешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, Акман айылдык кенешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби" жөнүндө Жобонун негизинде Жаны-Акман айылынын көчөсүнө Маткеримова Айнусканын үйүнөн Абжапаров Жанадилдин чейин эмгек ардагери А.Султанкуловдун аты ыйгарылсын.
2. Эмгек ардагери А.Султанкуловдун аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо жана үй белгилерин коюу боюнча уюштуруу ии:терин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткаоылышын козомоллоону сопиаллык саясат. лепутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланышы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсөн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов
|