Редакцияот 30.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 30-марты №21

Жаңы-Акман айылынын көчөсүнө Р.Жолдошовдун атын коюу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, Акман айылдык кенешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү тартиби" жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдьж кенешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кенешинин VI чакырылыштагы кезексиз II сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, Акман айылдык кенешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби" жөнүндө Жобонун негизинде Жаңы-Акман айылынын көчөсүнө Таңатаров Мыктыбектен Жацы-Акман айылдык мечитине чейин •эмгектин ардагери Жолдошов Раимбердинин аты ыйгарылсын.

2. Эмгектин ардагери Р.Жолдошовдун аты коюлгандыгы жонүндо жергиликтүү каллка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо жана үй белгилерин коюу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл окмотүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын козомөлдөенү социалдык саясат, депутаттьж этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Акман айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А.Маматкулов