Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 06-августу №43
Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, ошондой эле мыйзамдуулук, укук тартиби, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиянын кортундусун талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин тиркеме №1.
2. Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы Регламента Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү" Мыйзамына ылайык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы Регламентин Кыргыз Республикасынын"Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү" Мыйзамынын 28-беренесине ылайык мамлекеттик Реестрине киргизүү максатында Жалал-Абад облустук Адилетбашкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларыжөнүндөгү" Мыйзамынын 29-беренесине ылайык расмий жарыялоо жана адилетбашкармалыгынан каттоодон өткөрүү Акман айылдык кеңешинин катчысынам и лдеттендирил син.
6. Токтомдун аткарылышын козомолго алуу мыйзамдуулук, укук тартиби, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |