Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-декабры №141/ХХI-25
“Айыл чарбачылыкка белгиленген жерлер” категориясындагы “жайыт” түрүнөн “курулуштарды куруу” түрүнө Ак-Кудук айылдык округунун аймагындагы жер тилкелерди өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 13- беренелерине ылайык Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы №19 бекитилген токтому, бир категориядан экинчи категорияга же бир түрдөн экинчи түргө өткөрүүү (трансформациялоо) тартиби жөнүндө Жобонун жетекчилиги астында “Полигон” №574 контурунун жанындагы жайгашкан жер тилкелерин өткөрүү жөнүндө даярдалган материалдарды карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Айыл чарбачылыкка белгиленген жерлер” категорясындагы “башка жерлердин “ түрүнөн жалпы аянты 0.37 га “Полигон” №574 контурунун жанында жайгашкан жер тилкесин өткөрүүнү (трансформациялоону) жүргүзүү.
2. Ушул токтомду Ысык-Ата райондук мамлекеттик жетекчилигине бекитүүгө жиберилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Ак-Кудук айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ак-Кудук айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.В.Ким |