ТоктомКүчүндө

Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2011-жылдын 25-декабрындагы №141/ХХI-25 «Айыл чарбачылыкка белгиленген жерлер» категориясындагы «жайыт» түрүнөн «курулуштарды куруу» түрүнө Ак-Кудук айылдык округунун аймагындагы жер тилкелерди өткөрүү жөнүндө» токтому

Редакция19.12.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кудук айылдык округунун айылдык кеңешинин ХХV чакырылган ХVIII сессиясы

 

2011-жылдын 25-декабры №141/ХХI-25

“Айыл чарбачылыкка белгиленген жерлер” категориясындагы “жайыт” түрүнөн “курулуштарды куруу” түрүнө Ак-Кудук айылдык округунун аймагындагы жер тилкелерди өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 13- беренелерине ылайык Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы №19 бекитилген токтому, бир категориядан экинчи категорияга же бир түрдөн экинчи түргө өткөрүүү (трансформациялоо) тартиби жөнүндө Жобонун жетекчилиги астында “Полигон” №574 контурунун жанындагы жайгашкан жер тилкелерин өткөрүү жөнүндө даярдалган материалдарды карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Айыл чарбачылыкка белгиленген жерлер” категорясындагы “башка жерлердин “ түрүнөн жалпы аянты 0.37 га  “Полигон” №574 контурунун жанында жайгашкан жер тилкесин өткөрүүнү (трансформациялоону) жүргүзүү.

2. Ушул токтомду Ысык-Ата райондук мамлекеттик жетекчилигине бекитүүгө жиберилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Ак-Кудук айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Ак-Кудук айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

М.В.Ким