Загрузка документа…
Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылынын 8-февралындагы № 124/17-4 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-марты № 60/12-4
Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын 22.03.2017-ж. чыг.№464/1-4 Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө катын карап жана талкуулап чыгып, кадрдык өзгөрүүлөр болгондугуна байланыштуу, ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 22.03.2017-ж. отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-ж. №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү Жобонун 7-пунктуна жана Токмок шаардык кеңешинин 26.04.2006-ж. токтому менен бекитилген “Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 8-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер Кодекси жөнүндө”, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен
Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 17.11.2016-ж. №29/7-4 токтомуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамынан Токмок ш. ММБнын башкаруучусунун м.а. – Кусанов С.А., Токмок ш. биринчи вице-мэри – Имамадиев Б.К. чыгарылсын;
- комиссиянын курамына мүчө болуп – Кошоев Н.Н. Токмок ш. ММБнын башкаруучусу, Токмок ш. биринчи вице-мэри – Келдибеков Н.Б. киргизилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |