Загрузка документа…
Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылынын 8-февралындагы № 124/17-4 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
(Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылыдын 24-мартындагы №60/12-4 токтомуна ылайык өзгөртүүлөр киргизилди)
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
2016-жылдын 17-ноябры № 29/7-4
Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын жаңы курамын бекитүү жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын 11.11.2016-ж. чыг.№1868/1-4 Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын жаңы курамын карап жана бекитүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде жана кадрлык ѳзгѳрүүлѳр болгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-ж. №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү Жобонун 7-пунктуна жана Токмок шаардык кеңешинин 26.04.2006-ж. токтому менен бекитилген “Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 8-беренесине ылайык, өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча жана ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссияларынын 2016-жылдын 11-ноябрындагы биргелешкен отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер Кодекси жөнүндө”, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын жаңы курамы бекитилсин (тиркемеге ылайык).
2. Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгы (Кусанов С.А.) тарабынан, Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын катчысы Токмок ш. ММБнын жооптуу кызматкери ички буйрук менен дайындалсын.
3. Токмок шаардык кеңешинин 29.08.2016-ж. №21/6-4 токтому күчүн жоготту деп саналсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т.Солтобаев |
| Тиркеме Бекитилди Токмок шаардык кеңешинин токтому менен №29/7-4 17.11.2016-ж. |
Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамы
1 | Келдибеков Н.Н. | - Токмок ш. биринчи вице-мэри, комиссиянын төрагасы; |
2 | Момункулов Мелисбек Алиясович | - Чүй-Токмок аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча башкармалыгынын башкаруучусу, комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Комиссия мүчөлөрү:
| ||
3 | Кыдырбаев Абдулазим Юсупович | - Токмок ш. шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башкаруучусу; |
4 | Кошоев Н.Н. | - Токмок ш. ММБнын башкаруучусунун м.а.; |
5 | Бектурганов Улук-Бек Бектурсунович | -ОААжМСЭКБ башкы дарыгердин орун басары; |
6 |
Исаев Бакытбек Талантбекович |
- Токмок ш. мэриясынын башкы адиси – юристинин м.а;
|
7 | Джоошбеков Максат Болотович
| - Токмок шаардык кеңешинин депутаты; |
8 | Бостериева Кыял Суйунучовна | - Токмок шаардык кеңешинин депутаты; |
9 |
Эшенов Элчибек Акматбекович |
- “Токмок-ЖИА” бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору; |
10 |
Усупбеков Калыс Дамирбекович |
- “Общество Корнелиуса” коомдук фондунун мүчөсү; |
11 |
Калданов Мирбек Омурбекович |
- “7-апрелдин Баатырлары” КБнын мүчөсү. |
Төрага | Р.А.Кадыркулова |