Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 12-июнундагы № 422
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2006-жылдын
29-майындагы № 1009-III "Жерүй" алтын кенинин абалы жана
өнүгүүсүнүн келечеги жөнүндө" токтомун кароо тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикада алтын өндүрүү азайып
жаткан шартта ири "Жерүй" кенинин базасында алтын казуучу комплекс ку-
руу Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшүн камсыздоо үчүн маа-
нилүү шарт экенин бир нече жолу белгилеген, бирок долбоорду ишке ашыруу
көптөгөн жылдарга майнапсыз созулду.
"Норокс Майнинг Компани" компаниясы тажрыйбасы жана финансылык ка-
ражаты болбогондуктан "Жерүй" алтын кенин иштетүү боюнча өзүнө алган
милдеттенмелерин бир нече жолу бузганын белгилеп коюу зарыл. Мисалы,
"Талас Голд Майнинг Компани" биргелешкен ишканасы № 2 лицензиялык ма-
кулдашууда айтылган мөөнөттө "Жерүй" кенин иштетүүнүн банктык техника-
лык-экономикалык негиздемесин жана долбоорун тапшырган жок. Ушул себеп
боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-
дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Лицензия берүү боюнча ко-
миссиясынын чечими меиен 2002-жылдын 8-майындагы Аи-17-00 лицензия
(2002-жылдын 8-майындагы № 04-АН-02 протокол) жокко чыгарылган.
"Талас Голд Майнинг Компани" жабык акционердик коому тапшырган
кенди тездетип иштетүүнүн жањы жумушчу Программасын жана катуу графигин
эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2003-жылдын 19-апрелиндеги №
230 токтому менен Аи-17-00 лицензиянын жарактуулугун "Норокс Майнинг
Компани" компаниясы № 3 лицензиялык макулдашуунун шарттарына кирген бир
катар милдеттенмелерди аткарат деген шарт менен кайра калыбына келтир-
ген.
Бирок "Талас Голд Майнинг Компани" биргелешкен ишканасы лицензия-
лык макулдашуунун шарттарын бул жолу дагы аткарбай, долбоорду ишке ашы-
руунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-апрелиндеги №
230 токтомунда белгиленген мөөнөттөрү бузулган жана Кыргыз Республика-
сынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамына ылайык 2004-жылдын 3-августунда
"Жерүй" кенин иштетүү укугуна Аи-17-00 лицензиясы кайрадан жокко чыга-
рылган (№ 09-АН-04 протокол).
Бул долбоор узак убакыт бою ишке ашырылбаганын эске алып Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү 2006-жылдын 18-майында "Талас Голд Майнинг Ком-
пани" биргелешкен ишканасына 144,8 млн. АКШ доллары суммадагы чыгымдын
ордун толтуруу жөнүндө аныкталган тартипте доомат койгон.
Кыргыз Республикасынын мурдагы Өкмөтү лицензия жокко чыгарылгандан
кийин тез арада инвестициялык конкурс өткөрүүнүн ордуна "Талас Голд
Майнинг Компани" компаниясынын кысымы менен сүйлөшүүлөрдү кайра башта-
ган жана 2004-жылдын 15-ноябрындагы № 15-4/557 катта бир катар талап-
тарды койгон. Бирок алар толук аткарылган эмес.
"Талас Голд Майнинг Компани" компаниясынын чет өлкөлүк катышуучусу
лицензия жокко чыгарылганына карабастан кендин курулушунун объекттерин-
де жумуштун айрым түрлөрүн мыйзамсыз уланта берген.
Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 24-мартынан кийин түзүлгөн
Өкмөтү кыргыз тараптын абалын жакшыртууга эки жолу аракет кылды
(2005-жылдын майы жана 2006-жылдын апрели). Бирок дүйнөлүк рынокто ал-
тындын баасы орчундуу кымбаттаганына карабастан "Оксус Голд Плс" компа-
ниясы кыргыз тараптын негизги талаптарына макул болгон жок. "Талас Голд
Майнинг Компани" компаниясынын 2006-жылдын 23-майында киргизилген ки-
йинки коммерциялык сунуштары жањы инвестор менен Макулдашууга кол коюл-
гандан кийин алынды жана анын үстүнө так баяндалган эмес экен. Мындан
тышкары, "Норокс Майнинг Компани" компаниясынын билдирүүсүнө караганда
алар "Жерүй" кенин өздөштүрүүгө 47 млн. АКШ долларын жумшаган экен, ал
эми курулуштун жалпы баасы 55 млн. АКШ доллары. Ошентип, лицензияны
кайра жањыртканда долбоордун жалпы баасы 55 млн. АКШ долларына макулда-
шылган бюджеттен алда канча ашык болот.
"Жерүй" долбоорун иштетүүнү тездетүү үчүн Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү 2005-жылдын 28-декабрында № 619 "Жерүй" алтын кенин өздөштүрүүнү
тездетүү жөнүндө" токтом кабыл алып, ага ылайык потенциалдуу инвестор
изделди.
Мында потенциалдуу инвесторду издөө учурунда төмөнкүдөй шарттарга
өзгөчө көњүл бурулду:
- "Оксус Голд Плс", "Норокс Майнинг Компани" компанияларынын жана
алар менен аффилирленген башка компаниялардын, ошондой эле "МК Голд"
компаниясынын "Жерүй" долбоору боюнча доо арыздарына байланыштуу Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн жана "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун
соттук чыгымдарын төлөө мүмкүндүгү;
- "Жерүй" кенин иштетүүнүн коммерциялык шарттарын "Норокс Майнинг
Компани" компаниясы менен кол коюлган шарттарга салыштырганда жакшыр-
туу;
- "Оксус Голд Плс", "Норокс Майнинг Компани" компаниялары жана
алар менен аффилирленген башка компаниялар, ошондой эле "МК Голд" ком-
паниясы менен арбитраждык териштирүүлөргө карабастан "Жерүй" кенин тез
арада эксплуатацияга киргизүү мүмкүндүгү;
- инвестор объектиде курулуш жумуштары башталганга чейин "Талас
Голд Майнинг Компани" жабык акционердик коомунун мурдагы кызматкерлери-
не эмгек акы төлөө боюнча милдеттенме алышы.
"Оксус Голд Плс", "Норокс Майнинг Компани" компанияларынын жана
алар менен аффилирленген башка компаниялардын, ошондой эле "МК Голд"
компаниясынын "Жерүй" долбоору боюнча доо арыздарынан Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнүн жана "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун кызыкчы-
лыктарын коргоо боюнча эл аралык юридикалык компаниянын чыгымдарына
төлөөгө мамлекеттик бюджетте керектүү акча каражат жоктугун эске алып
жана инвестициялык конкурс жарыяланганына байланыштуу "Жерүй" алтын ке-
нин иштете баштоо кечиктирилишине жол бербөө максатында Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтү долбоордун оператору катары "Кыргызалтын" ачык акцио-
нердик коомуна мурда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Президентинин
Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык,
мурда "Норокс Майнинг Компани" компаниясы менен кол коюлган коммерция-
лык шарттарды жакшыртуу менен потенциалдуу инвесторлорду издөөнү тап-
шырган.
"Баррик Голд Корпорейшн" жана "Центерра Голд Инк." Компанияларынын
сунуштары каралды. Көрсөтүлгөн компаниялардын сунуштары конкреттүү ком-
мерциялык мүнөздө болбогондуктан алар каралган жок.
"Кыргызалтын" ачык акционердик коому Биргелешкен ишкана боюнча
өнөк катары "Глобал Голд Холдинг ГмбХ" компаниясын тандады, ал долбоор-
ду ишке ашыруунун баарынан жакшы шарттарын сунуш кылган.
"Жерүй" алтын кенин иштетүүнү тездетүү максатында Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтү 2006-жылдын 23-майындагы № 377 токтому менен "Кыргызал-
тын" ачык акционердик коому менен "Глобал Голд Холдинг ГмбХ" компания-
сынын ортосундагы "Жерүй" алтын кенин иштетүү боюнча биргелешип иштөө
жөнүндө келишимдин долбоорун жактырган. Мында "Глобал Голд Холдинг
ГмбХ" компаниясы жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу, "МК Голд"
компаниясына 2,5 млн. АКШ доллары суммадагы акча каражатты төлөп берүү
жөнүндө маселени жөнгө салуу, ошондой эле объектиде курулуш жумуштары
башталганга чейин Биргелешкен ишкананын мурдагы кызматкерлерине эмгек
акыларын төлөө боюнча милдеттенмелерди алган.
"Талды-Булак Голд Майнинг Компани" биргелешкен ишканасын түзүү
жөнүндө макулдашууну аткаруу бузулганына байланыштуу "Кыргызалтын" ачык
акционердик коомунун акционерлеринин жалпы чогулушунун чечимин эске
алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2005-жылдын 21-декабрында № 598
"Талды-Булак Сол жээк" долбоору жөнүндө" токтом чыгарган.
Жогоруда көрсөтүлгөн токтомду аткаруу үчүн 2005-жылдын 26-декаб-
рында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык
ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Жер казынасын пайдаланууга ли-
цензия берүү маселеси боюнча комиссиясы "Талды-Булак Сол жээк" кенинин
жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны жокко чыгаруу тууралуу че-
чим кабыл алган (№ 28-АН-05 протокол). "Талды-Булак Сол жээк" кенинин
жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия (№ 28-АН-05 протокол) мурдагы
ээси катары жањы потенциалдуу инвестор издөө үчүн "Кыргызалтын" ачык
акционердик коомуна кайра берилген.
Жогоруда айтылгандарды эске алып жана "Талды-Булак Сол жээк" алтын
кенин иштетүүнү тездетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
2006-жылдын 22-февралында № 124 "Талды-Булак Сол жээк" алтын кенин иш-
тетүүнү тездетүү жөнүндө" токтом кабыл алып, аны менен "Кыргызалтын"
ачык акционердик коому менен "Саммер Голд" жоопкерчилиги чектелүү ше-
риктештиктин (Казакстан Республикасы) ортосундагы Биргелешип иштөө
жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылган.
Ал Макулдашууда кыргыз тараптын позициялары мурдагы Макулдашуунун
шарттарына салыштырганда жакшыртылган.
"Кыргызалтын" ачык акционердик коому менен "Глобал Голд Холдинг
ГмбХ" компаниясынын ортосундагы Макулдашуунун көчүрмөсү изилдөө үчүн
мурдатан жиберилгенин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин де-
путаттарында ага карата сунуштар жана пикирлер болгон эместигин белги-
леп коюу зарыл.
"Талды-Булак Сол жээк" алтын кенин иштетүү боюнча биргелешип иштөө
жөнүндө макулдашуу да Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутат-
тары тарабынан каралган эмес жана талкууланган эмес.
"Жерүй" жана "Талды-Булак Сол жээк" долбоорлору боюнча макулдашуу-
ларда эгер курулуштун мөөнөттөрү бузулса, кендерди иштетүүнүн бекитил-
ген бюджетинин чегинен чыгып кетсе инвесторлор менен түзүлгөн макулда-
шуулар алардын тарткан чыгымдарынын ордун толтурбастан жокко чыгарылары
жөнүндө шарт катуу айтылганын өзгөчө баса белгилеп коюу керек. Бул
шарттар ал макулдашууларды мурдагы инвесторлор менен болгон макулдашуу-
лардан артыктыгы менен айырмалап турат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-статьясынын 15-пунктуна ылайык
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-февралындагы №
124 "Талды-Булак Сол жээк" алтын кенин иштетүүнү тездетүү жөнүндө" ток-
томун жана 2006-жылдын 23-майындагы № 377 "Жерүй" алтын кенин
өздөштүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө" токтомун жокко чы-
гаруу жана конкурс өткөрүү жогоруда айтылган объективдүү шарттарга бай-
ланыштуу мүмкүн эмес деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинен өзүнүн 2006-жылдын
29-майындагы № 1009-111 "Жерүй" алтын кенинин абалы жана өнүгүүсүнүн
келечеги жөнүндө" токтомун кайра артка алуу суралсын.
3. "Кыргызалтын" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ре-
сурстар боюнча мамлекеттик агенттик Кыргаз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаттык комиссиясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Жерүй"
жана "Талды-Булак Сол жээк" долбоорлору, ошондой эле башка алтын кендер
боюнча кабыл алган токтомдорду изилдөө үчүн керектүү материалдарды бе-
ришсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып
алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жана юридика бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов