ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезексиз XXXV сессиясы (III чакырылыш)
2016-жылдын 13-январы № 312
Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын тγзγмγн жана штаттык санын бекитγγ жѳнγндѳ
Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 27-ноябрындагы № 10∕07-02, 2016-жылдын 6-январындагы № 2/08-6-Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын тγзγмγн жана штаттык санын бекитγγ жѳнγндѳгγ катын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-октябрындагы «Ош шаарынын жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жѳнγндѳ» № 730-токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 642-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу жѳнγндѳ” типтγγ Жобого, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 13-пунктчасына ылайык, Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2015-жылдын 14-декабрындагы № 7-токтомун эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын тγзγмγ № 1 жана штаттык саны № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркемелер тиркелет).
2. Ош шаарынын мэриясы (А. Кадырбаев) Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын колдонуудагы тγзγмγн жана штаттык санын бул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ош шаардык кеңештин 2014-жылдын 5-февралындагы № 150 "Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын тγзγмγн, штаттык санын бекитγγ жана ишкердγγлγк жана тышкы экономикалык байланыштар башкармалыгын тγзγγгѳ макулдук берγγ жѳнγндѳ” токтомунун 1-пункту кγчγн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаарынын мэриясына (А. Кадырбаев) жана Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (М. Адашбаев) жγктѳлсγн.
М.а. төрага | А. Аланов |
Ош шаардык кеңешинин
2016-жылдын 13-январындагы
кезексиз XXXV сесиясынын
№ 312 токтомуна № 1 тиркеме
Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын тγзγмγ
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси С. Маматалиева
Ош шаардык кеңешинин
2016-жылдын 13- январындагы
кезексиз XXXV сессиясынын
№ 312 токтомуна №2-тиркеме
Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын штаттык саны
№ № | Кызматтык орундардын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
| Мэр | 1 |
| Биринчи вице-мэр | 1 |
| Вице-мэр | 3 |
| Аппарат жетекчи | 1 |
| Мэрдин кеңешчиси | 1 |
| Мэрдин жардамчысы | 1 |
| Бөлүм башчы | 7 |
| Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу | 1 |
| Башкы адис | 14 |
| Жетектөөчү адис | 14 |
| Адис | 7 |
|
Бардыгы: |
51
|
| Техникалык тейлөөдө иштеген кызматкерлер
| 10 |
| Кенже тейлөөчү кызматкерлер
| 6 |
|
Бардыгы: |
16
|
|
Жыйынтыгы: |
67
|
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси С. Маматалиева