Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-октябры № 62/1
Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9, 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:
- (үчүнчү абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (үчүнчү абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 76/9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 2007-жылдын 31-январындагы № 5/1 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө" жобо тууралуу".
2. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Орозбаевага ыйгарылсын.
Төрага | Т. Абдыгулов
|
Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9, 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы № 14/3 "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- токтомдун аталышындагы "жобонун жаңы редакциясы тууралуу" сөздөр "жобо жөнүндө" дегенге алмаштырылсын.
- 1-пункттагы "жобонун жаңы редакциясы" сөздөр "жобо" дегенге алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобонун:
10.3.-пунктунун:
- 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"1) кредиттик союздун ишин токтотуу;";
- жобо төмөнкү мазмундагы 10.3-1. жана 10.3-2. пункттар менен толукталсын:
"10.3-1. Эгерде кредиттик союз кредиторлор, анын ичинде финансы-кредит мекемелери алдында бардык милдеттенмесин аткара албай калган болсо, өзүнөн-өзү жоюлуу чечимин кабыл алышына жол берилбейт.
10.3-2. Кредиттик союз Улуттук банктын лизенцияны кайтарып алуу тууралуу чечимин алгандан кийинки үч күн ичинде лицензиянын түп нускасын (кошумча лицензияны кошо алганда) Улуттук банкка тапшырууга тийиш.".
II. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
III. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 31-январындагы № 5/1 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө" жобо:
- төмөнкү мазмундагы 10.2.-1. пункту менен толукталсын:
"10.2-1. Эгерде МФК кредиторлор, анын ичинде финансы-кредит мекемелери алдында бардык милдеттенмесин аткара албай калган болсо, ыктыяры боюнча өзүнөн-өзү жоюлуу чечимин кабыл алышына жол берилбейт.".