Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-10-(НФКУ) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-декабры № 58/16
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9, 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:
- 2012-жылдын 25-июлундагы №30/14 “Адистештирилген финансы-кредит мекемеси – “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсын лицензиялоо, өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө” жобо тууралуу”;
- (үчүнчү абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (төртүнчү абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 2007-жылдын 31-январындагы №5/1 “Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө” жобо тууралуу;
- 2012-жылдын 17-апрелиндеги №17/1 “Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы” ЖЧКсынын укугу өткөн адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кызмат адамдарына карата коюлуучу минималдуу квалификациялык талаптар жана аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына макулдашуу жол-жобосу жөнүндө”.
2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсын, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын.
Төрага | Т. Абдыгулов |
| Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-декабрындагы № 58/16 токтомуна карата 1-тиркеме |
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9, 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 31-январындагы №5/1 “Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө” жобо тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө” жобонун:
1) 4.2-пунктунун 11-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
«11) МФКнын уюштуруучулары/катышуучулары (акционерлери) тарабынан анын уставдык капиталына салынган, Улуттук банк тарабынан жаңыдан түзүлгөн, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу операцияларын ишке ашырбаган МФКлар үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 1 пайызынан ашкан суммадагы акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар:
а) юридикалык жактар тарабынан төмөнкү документтер сунушталууга тийиш:
- акыркы финансылык жыл үчүн бухгалтердик баланстын жана түшкөн пайдалар, кеткен чыгымдар жөнүндө отчеттун Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тастыкталган көчүрмөсүн же;
- акыркы финансы жыл үчүн финансылык отчеттун, декларациялардын же финансылык абалга тиешелүү башка документтердин көчүрмөлөрүн;
- аудитордук корутундунун көчүрмөсүн (эгерде бул талап мыйзамдарда белгиленген болсо);
- уставдык капиталга салынган, Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан тыюу салынбаган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтер.
б) жеке адамдар тарабынан төмөнкү документтер сунушталууга тийиш:
- кирешелер жөнүндө маалымкаттар, декларациялар, сатып алуу-сатуу/тартуулоо келишимдери, суммаларды, мүлктү ж.б. мурастап калуу укугун тастыктаган документтер;
- уставдык капиталга салынган, Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан тыюу салынбаган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтер.
Сунушталган документтердин көчүрмөлөрү нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Улуттук банктын талабы боюнча МФК ушул пунктчанын 1-абзацында белгиленген шарттардан көз карандысыз, уставдык капиталга салынган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган маалыматтарды (документтерди) берүүгө тийиш.»;
2) 9.7.2-пунктунун 7-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- өтүнүч кат берилген күнү коммерциялык банктагы эсепке уставдык капиталды көбөйтүүнүн эсебине акча каражаттары толук өлчөмдө салынгандыгын тастыктаган документ (банктагы эсептешүү эсебинен көчүрмө);
Эгерде капиталдын көбөйүүсү төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашырылса:
- уюштуруучулар/катышуучулар (акционерлер) тарабынан салынган кошумча капиталдын эсебинен – бул учурда акча каражаттарын кошумча капитал катары салуу жөнүндө келишим/макулдашуу жана банктагы эсептешүү эсебинен акча каражаттарынын салынгандыгын тастыктаган көчүрмөсү берилүүгө тийиш;
- бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен – бул учурда уюштуруучулардын/катышуучулардын (акционерлердин) жалпы жыйынынын пайданы бөлүштүрүү жөнүндө чечими берилүүгө тийиш.»
3) 9.7.2-пункту төмөнкү мазмундагы 8-абзац менен толукталсын:
«- 4.2-пунктунун 11-пунктчасында белгиленген документтердин тизмегине ылайык, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар.»;
4) 9.9.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«9.9.1. МФКнын жайгашкан жеринин (почта дарегинин) өзгөрүшү калктуу пункттун, көчөнүн аталышынын, үй номеринин өзгөрүшү, МФКнын башка калктуу пунктка которулушу менен коштолушу мүмкүн. МФКнын бир калктуу пункттун ичинде орун которушу лицензиялардын алмаштырылышына алып келбейт жана уюштуруу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдүн киргизилишин талап кылбайт. Жайгашкан жери, анын ичинде айкын дареги өзгөргөн учурда МФК Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына төмөнкү документтерди сунуштайт:
1) МФКнын жайгашкан жеринин, анын ичинде айкын дарегинин өзгөргөндүгү тууралуу билдирмени.»;
2) ижара келишиминин же МФКнын тиешелүү жайга менчик укугун тастыктаган документтин көчүрмөсүн.».
3. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 17/1 “Адистештирилген финансы-кредит мекемеси - Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы” ЖЧКсынын укугу өткөн мекеменин кызмат адамдарына карата коюлуучу минималдуу квалификациялык талаптар жана аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына макулдашуу жол-жобосу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Адистештирилген финансы-кредит мекемеси - Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы” ЖЧКсынын ("ФКРПКС") укугу өткөн мекеменин кызмат адамдарына карата коюлуучу минималдуу квалификациялык талаптар жана аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына макулдашуу жол-жобосунун”:
1) Аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
“Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсы адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кызмат адамдарын макулдашуу тартиби“.;
2) Аталган документтин бүтүндөй тексти боюнча «Адистештирилген финансы-кредит мекемеси - Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы” ЖЧКсы” аббревиатурасы “КСФК” ААКсына” алмаштырылсын;
3) Документтин бүтүндөй тексти боюнча «КРУБ» деген аббревиатуралар тиешелүү жөндөмөдө «Улуттук банк» дегенге алмаштырылсын.
4) 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«2. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин саясатын (кредиттер, финансы ж.б. боюнча) түптөгөн негизги операцияларга катышууга же айкын катышууга ыйгарым укуктуу болгон Башкарма мүчөсүнүн, башкы бухгалтеринин саясатты аныктаган түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) жогорку билиминин болушу;
2) төмөнкүдөй эмгек стажынын болушу:
- Башкарманын Төрагасынын кызмат ордуна талапкерлер үчүн – финансы-кредит системасында кеминде үч жылдык, анын ичинде жетекчи кызматтарда – кеминде бир жылдык эмгек стажы;
Башкарманын Төрагасы кызмат ордуна талапкер ошондой эле төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш:
а) “КСФК” ААКсында жана бүтүндөй кредиттик союздар системасында ишке талдап-иликтөөлөрдү жүргүзө билүү;
б) кредиттик союздардын ишине тиешелүү маселелер боюнча атайы окутуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификаты/күбөлүгүнүн болушу, ошондой эле финансы-банк чөйрөсүндө иштеп жаткан же иштеп кеткен кеминде эки адамдын мүнөздөмө-жолдомосунун болушу (Улуттук банктын кызматкерлеринин, талапкерлердин жакын туугандарынын, ошондой эле “КСФК” ААКсынын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин жолдомолору эске алынбайт);
в) “КСФК” ААКсынын Башкармасынын Төрагалыгына дайындалган учурга карата акыркы үч жыл аралыгында кредиттик союздун катышуучусу же кызмат адамы болууга тийиш эмес.
- Башкарманын мүчөсүнүн кызмат ордуна талапкерлер үчүн – финансы-кредит системасында кеминде эки жылдык иш тажрыйбасы;
- башкы бухгалтердин, түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн – финансы-кредит системасында эң аз дегенде бир жылдык иш тажрыйбасы;
3) финансы-кредит мекемесинин ишин жөнгө салуу, тобокелдиктерди тескөө жана корпоративдик башкарууга тиешелүү мыйзамдарды билүүсү;
4) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин бизнес-планын билүүсү;
5) финансы-кредит системасында анын иштөөсүнө тыюу салган соттун чечиминин болбошу;
6) экономика чөйрөсүндө жана кызматтык кылмыштуулукка баргандыгы үчүн ага карата соттун чыгарган өкүмү болбосо;
7) ыйгарым укуктуу органдардын анын аракеттерине (аракеттенбей коюусуна) анын натыйжасында банктын/финансы-кредит мекемесинин лицензиясы кайтарылып алынган иш-аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) талапкердин тиешеси бардыгын тааныган актысынын болбошу.».
5) 4-пунктунун 5-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Улуттук банктын Төрагасынын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгын ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн, Башкарманын мүчөлөрүнүн, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин кызмат ордуна талапкерлер Улуттук банктын талаптарына ылайык келе тургандыгы/ылайык келбей калгандыгы тууралуу чечим кабыл алат.».
4. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-июлундагы №30/14 “Адистештирилген финансы-кредит мекемеси - Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсын лицензиялоо, өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Адистештирилген финансы-кредит мекемеси - Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсын лицензиялоо, өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө” жобонун:
1) бүтүндөй тексти боюнча "Адистештирилген финансы-кредит мекемеси - Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы” ЖЧКсынын ("ФКРПКС") укугу өткөн мекеменин кызмат адамдарына карата коюлуучу минималдуу квалификациялык талаптар жана аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына макулдашуу жол-жобосу” деген сөздөр “Адистештирилген финансы-кредит мекемеси - Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсынын кызмат адамдарын макулдашуу тартиби” деген тиешелүү жөндөмөдөгү сөз айкашына алмаштырылсын;
2) 5-тиркеменин 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«1. Бул лицензия аркылуу төмөнкү банктык операцияларды жүзөгө ашырууга уруксат берилет:
1) кредиттик союздарга кредиттерди берүү;
2) кредиттик союздун талабы жана алардын милдеттүү түрдө катышуусу шартында (үчүнчү жак катары) кредиттик союздардын катышуучуларына кредиттерди берүү;
3) финансы-кредит мекемелеринен акча каражаттарын тартуу;
4) кредиттик союздардын карыздык милдеттенмелерин (факторинг) сатып алуу жана сатуу;
5) кредиттик союздардан аманаттарды (депозиттерди) кабыл алуу;
6) кредиттик союздардын эсебин ачуу жана жүргүзүү;
7) кредиттик союздардын тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жана аларды кассалык тейлөөнү ишке ашыруу;
8) кредиттик союздар үчүн системанын оператору катары акча которуу боюнча операцияларды ишке ашыруу;
9) Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен башка операцияларды ишке ашыруу.».
5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 токтомуна ылайык күчүн жоготту)