Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-июну № 20/1
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобонун нормалары күчүнө кирген күндөн тартып, Улуттук банктын төмөнкү ченемдик документтери күчүн жоготкон катары таанылсын:
- Улуттук банк Башкармасынын 1997-жылдын 18-июнундагы № 15/12 токтому менен бекитилген "Финансы-кредит мекемелердин мамлекеттик казына векселдери менен операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо;
- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 1-декабрындагы № 31/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда биринчилик дилерлердин иши жөнүндө" жобо;
- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 19-сентябрындагы № 42/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүү тартиби жөнүндө" жобо;
- Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 42/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Юридика башкармалыгы бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
5. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | З. Асанкожоева |