Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
2010-жылдын 19-майы № 34/1
Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү резервдер жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 22 жана 43-статьяларынын талабына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү резервдер жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү резервдер жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Токтом 2010-жылдын 31-майынан тартып күчүнө кирет.
4. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
5. Экономика башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын структуралык бөлүмдөрүн жана коммерциялык банктарды тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин Суеркул мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төрагасынын милдетин аткаруучу |
З. Чокоев
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-майындагы № 34/1 токтому менен бекитилген
|
Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү резервдер жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "Милдеттүү резервдер жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Жобонун 2.3-пункту алынып салынсын.
2. Жобонун 2.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"Милдеттүү резервдерди эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
(Сумма ОБт-1 - Сумма Ат-1)
ОРт = -------------------------- * Р, мында:
Дт-1
ОРт - өтүп жаткан жумадагы милдеттүү резервдер;
ОБт-1 - коммерциялык банктын эсептөө базасына кирген, өткөн жуманын ар бир күнү үчүн милдеттенмеси;
Ат-1 - коммерциялык банктын, Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча анын суммасына өткөн жуманын ар бир күнү үчүн эсептөө базасы кыскартылган активдери;
Р - милдеттүү резервдердин Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген өлчөмү;
Дт-1 - милдеттүү резервдерди эсептөөдө колдонулган өткөн жумадагы иш күндөрүнүн саны";
3. Жобонун 2.6-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү сүйлөмү алынып салынсын;
4. Жобонун 2.7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "МРТны аткарууда милдеттүү резервди депондоштургандыгы үчүн коммерциялык банкка төлөм чегерилет. Улуттук банкта депондоштургандыгы үчүн төлөм өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген компенсация ченинин жана милдеттүү резервдердин көлөмүнүн негизинде аныкталат.";
5. Жобонун 3.1., 3.2-пункттарындагы жана 2-тиркемедеги "(азайтылган милдеттүү резервдердин)" деген сөздөр алынып салынсын;
6. Жобого карата 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин:
| "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасы тарабынан 2010-жылдын 19-майындагы № 34/1 токтому менен бекитилген, милдеттүү резервдер жөнүндө жобого карата 1-тиркеме"
|
Милдеттүү резервдин
_____ тартып _____ чейинки мезгил ичиндеги
ЭСЕБИ
___________________________________
(коммерциялык банктын аталышы)
Милдеттери | ПРБОнун 36-формасы боюнча калык | Жума ичинде орточо | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | |||
1 2 3 4 | Эсептешүү (күндөлүк) эсептери Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер Мөөнөттүү депозиттер КР Өкмөтүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын эсептери жана депозиттери |
|
|
|
|
|
|
5 6 | Эсептешүү базасы Милдеттүү резервдерди эсептөө үчүн пайдаланылган Улуттук банктагы чет өлкө валютасындагы депозиттер |
|
|
|
|
|
|
7 | Жыйынтыгында (5-6) |
|
|
|
|
|
|
8 | Милдеттүү резервдер(*) |
|
|
|
|
|
|
Түшүндүрмө: (*)Милдеттүү резервдер ушул Жобонун 2.4-пунктуна ылайык эсептелет.
Боелгон тилкелер толтурулбайт.
Коммерциялык банктын жетекчисинин колтамгасы
Мөөрү".