Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-марты № 2019-П-07/10-1-(ДКП)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20, 27 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Төмөнкү Улуттук банк Башкармасынын токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын:
2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
2010-жылдын 19-майындагы № 34/1 "Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү резервдер жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";
2014-жылдын 17-февралындагы № 3/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү резервдер жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү резервдер жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө";
2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым токтомдору жөнүндө";
2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 "Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-07/25-14-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";
- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна карата тиркеменин 42-пункту.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Экономика башкармалыгы Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы менен биргеликте бул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
5. Токтом 2019-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика башкармалыгын тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы |
| Т.Абдыгулов |