Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-сентябры № 55/9
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика Башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду, расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.
Төрага үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын төраганын милдетин аткаруучу |
З.Чокоев |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 55/9 токтомуна карата тиркеме |
I. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 29-декабрындагы № 96/2 "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоо) каршы аракеттенүү максатында, коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштуруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген, "Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштуруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун экинчи абзацы "Пайда алуучу" деген сөздөн кийин "ушул жобонун максатында" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Жобонун 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун сегизинчи абзацы "Верификациялоо" деген сөздөн кийин "ушул жобонун максатында" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Жобонун 3-бөлүгүнүн 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"7. Банк Башкармасы, банктык эсептерди ачуу(анын ичинде кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо), эсептер боюнча операцияларды жүргүзүү, кардарлар (эсеп ээлери) жана аманатчылар менен түзүлгөн келишимдерди бузууга тиешелүү талаптарды кошо алганда, ички контролдуктун натыйжалуу камсыз кылынышына жана "Терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) каршы аракеттерди көрүү жөнүндө" мыйзамдын талаптарын сактоо боюнча чаралардын жүзөгө ашырылышына жооп берет.
Банк Башкармасы банктын шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды жүргүзүүсүнө жол бербөө максатында, тиешелүү чараларды кабыл алууга тийиш."
4. Жобонун 4-пункту төмөнкү мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын:
"9-1. Банктар, ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органдын банктык мыйзамдарга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген талаптарын эске алуу менен терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү боюнча ички контролдук чараларын иштеп чыгуулары зарыл".
5. Жобонун 6-бөлүгүнүн 25-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"2) банк кардарларынын төмөнкүлөргө тиешелүү маалыматтарды камтыган, шектүү операциялардын бүтүмдөрдүн) белгилери бар операцияларды табуу максатында жүргүзгөн операцияларына иликтөөлөрдүн натыйжалары:
- кардарлардын эсептери (кардарлардын колдонуудагы эсептери, банк кызматкерлеринин эсептери) боюнча олуттуу динамикага;
- эң ири суммадагы операцияларга;
- чет өлкө валюталарын сатып алууга же аларды кардарларга чектүү суммадан ашкан суммада сатууга;
- кардарлардын суммалары анкетада көрсөтүлгөн жүгүртүүлөрдөн олуттуу ашкан операцияларына;
- накталай каражаттар менен операцияларга (каражаттарды нак акчага айландыруу, активдер менен алмашуу, банктын адистештирилген аралыкта орнотулган жабдуулары аркылуу банктык эсепти толтуруу үчүн нак акчаларды салуу);
- кредиттерди берүү жана депозиттерди (мөөнөттүү) кабыл алуу боюнча операцияларга;
- гарантиялар, аккредитивдер жана башка шарттуу милдеттенмелер менен операцияларга;
- акча которуулар системасы боюнча, ошондой эле SWIFT системасы (же банктарда негизги катары саналуучу башка системалар) аркылуу эсеп ачуусуз эле которууларга;
- кардардын жана банктын баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу боюнча операцияларына;
- башка өлкөлөрдө жайгашкан банктын кардарларынын акча каражаттарынын кыймылы."
6. Жобонун 6-бөлүгүнүн 25-пунктунун 4-пунктчасында "анда" деген сөз "аларда" деген сөзгө алмаштырылсын;
7. Жобонун 6-бөлүгүнүн 25-пунктунун 9-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"9) төмөнкүлөр боюнча аналитикалык маалыматтарды:
- кардарлардын мүмкүн болуучу өз ара байланышы;
- банк корреспонденттер;
- кардарлар менен келишим боюнча мүлктү ишеним боюнча тескөө (траст) операциялары;
- жаңы банктык продуктуларды жана технологияларды жайылтуу жана алардын жайылтылышына байланыштуу келип чыккан тобокелдиктер."
8. Жобонун 8-бөлүгүнүн 38-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тизмеге кирбеген операциялар да милдеттүү түрдө контролдукка алынууга тийиш.".
9. Жобого карата кошо тиркелген 1-тиркеме төмөнкү мазмундагы 14-17-пунктчалар менен толукталсын:
"14) жеке адамдын уюмдун уставдык капиталына акча каражаттарын накталай формада салышы;
15) тараптарынын бири тиешелүү каттоодон өткөн, жашаган жери бар же финансылык операцияларды жүргүзүүдө маалыматтарды ачып көрсөтүү же берүү каралган өлкөдө жеке адам же юридикалык жак болсо, же болбосо тараптарынын бири көрсөтүлгөн мамлекетте (көрсөтүлгөн аймакта) катталган банктагы эсепке ээлик кылуучу адам болгон шартта, операциялар (бүтүмдөр);
16) эгерде, жок дегенде, бул операцияларга (бүтүмдөргө) катышкан тараптардын бирөө, ага карата мыйзамдарда же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде белгиленген тартипте террористтик же экстремисттик иштерге катыштыгы бар экендиги жөнүндө (терроризмди же экстремизмди каржылоо) маалыматтар бар жеке адам же юридикалык жак болгон шартта, акча каражаттары же мүлк менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр);
17) шектүү операциялар (бүтүмдөр)".
II. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 31 – октябрындагы № 41/12 токтомуна ылайык күчүн жоготот.