Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-январы № 4/1
Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 29-июлундагы № 32/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 17 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ кылат:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 29-июлундагы № 32/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом эстон кронасы мыйзамдуу төлөм каражаты катары жүгүртүүдө токтотулган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду жарыялангандан кийин, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Тышкы жана коомдук байланыштар бөлүмү бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын.
5. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Мамлекеттик бажы комитетин, Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетти, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Чокоев З.Л. мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төраганын милдетин аткаруучу |
Б.Жеенбаева
|
| Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-январындагы № 4/1 токтому менен бекитилген |
Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 29-июлундагы № 32/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Эреженин "Эстония кронасы" деп аталган 41-пункту алынып салынсын.