Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы №2019-П-07/10-1-(ДКП) токтомуна ылайык
КУЧУН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-январы № 4/1
Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7, 22 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Камдык активдерде камтылуучу, коммерциялык банктардын банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак акча калдыктарынын өлчөмү алардын банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак акча калдыктарынын жалпы суммасынын 30 пайыз деңгээлинде белгиленсин.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Экономика башкармалыгы Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы менен биргеликте ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
5. Токтом 2016-жылдын 8-февралынан тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.
Төрагасынын милдетин аткаруучу | Н.Жениш |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомуна карата тиркеме |
Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобонун:
- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана анда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) милдеттүү камдарды депондоштуруу боюнча банктарга карата талаптар белгиленип, милдеттүү камдардын өлчөмү, аларды эсептөө тартиби жана коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы тарабынан милдеттүү камдык талаптардын аткарылышы жана аларды сактабагандыгы үчүн санкциялар аныкталган.";
- 1.2-пункттун үчүнчү абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Эсептик базага кирген милдеттенмелердин тизмеги жана валюталык түзүмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат.";
- 1.2-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Камдык активдер - бул, банктын банкоматтарындагы улуттук валютадагы каражаттардын жана Улуттук банктагы корреспонденттик эсептеги акча каражаттарынын нак калдыгынын суммасы.";
- 2.4-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
- 2.4-пункттун бешинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын;
- 2.6-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Эгерде базалык мезгил ичинде камдык активдер менен милдеттүү камдардын өлчөмү ортосундагы суммардык айырма оң чыкса же нөлгө барабар болсо, милдеттүү камдык талаптар аткарылган катары таанылат.";
- төмөнкү мазмундагы 2.9-пункт менен толукталсын:
"2.9. Камдык активдерде камтылуучу, коммерциялык банктардын банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак акча калдыктарынын өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын чечими менен аныкталат жана акча-кредит саясатынын максатында өзгөртүлүшү мүмкүн.";
- 3.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.1. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм суммасы Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген төлөм ченинин жана базалык мезгил ичинде банктын камдык активдеринин суммасынын милдеттүү камдардан орточо күндүк терс четтөөсүнүн негизинде эсептелинет.";
- 3.2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Ос - камдык активдердин милдеттүү камдардан орточо күндүк четтөөсү;";
- 3.2.1-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.2.1. Улуттук банктагы корреспонденттик эсептеги милдеттүү камдардын көлөмүнүн күндөлүк минималдуу деңгээлин аткаруу талабы банк тарабынан сакталбаса, милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн банкка карата күндөлүк терс четтөө суммасынан Улуттук банктын үч эселенген эсептик чен өлчөмүндө төлөм чегерилет.";
- төмөнкү мазмундагы 3.2.2-пунктча менен толукталсын:
"3.2.2. Банк тарабынан банкоматтардагы улуттук валютадагы нак калдыктар боюнча такталбаган маалыматтар берилген учурда, банкоматтардагы улуттук валютадагы нак калдыктарды эсепке алуусуз, базалык мезгилдин башталышынан бери милдеттүү камдардын көлөмү кайрадан эсептелинет жана кемчиликтер аныкталгандан кийинки бир жыл ичинде банкоматтардагы улуттук валютадагы нак калдыктар милдеттүү камдык талаптардын сакталышын эсептөөдө эске алынбайт. Милдеттүү камдык талаптардын көлөмүнүн минималдуу деңгээли сакталбаган шартта ушул жобонун 3.2-пунктунун 3.2.1-пунктчасына ылайык айыптык санкциялар колдонулат.";
- жобого карата 1 жана 2-тиркемелер төмөнкү редакцияда берилсин:
| "Улуттук банк Башкармасынын ____-жылдын __-________ № ___ токтому менен бекитилген, "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобого карата 1-тиркеме |
________ дан ________ чейинки мезгил үчүн милдеттүү камдардын эсеби
_____________________________________________________
(коммерциялык банктын аталышы)
Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун 36-формасы боюнча калдык | Милдеттенмелер | |||||
Эсептешүү (күндөлүк) эсептер | Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер | Мөөнөттүү депозиттер | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын эсептери жана депозиттери | Эсептешүү базасы (1+2+3+4) | Милдеттүү камдар(*) | |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
1 күн |
|
|
|
|
| х |
2 күн |
|
|
|
|
| х |
3 күн |
|
|
|
|
| х |
- |
|
|
|
|
| х |
28 күн |
|
|
|
|
| х |
Базалык мезгил үчүн орточо |
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: (*) Милдеттүү камдар ушул Жобонун 2.4-пунктуна ылайык эсептелет.
Боёлгон (х) ячейка толтурулбайт.
Коммерциялык банктын жетекчисинин кол тамгасы
Мөөр
| "Улуттук банк Башкармасынын ____-жылдын __-________ № ___ токтому менен бекитилген, "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобого карата 2-тиркеме |
Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөмдөрдү эсептөө мисалы
(сом)
№ п.п. | Отчеттук мезгил | Улуттук банктагы корреспонденттик эсеп (К) | Банкоматтардагы каражаттардын калдыктары (Б) | Камдык активдер (А) | Милдеттүү камдар (Р) | Милдеттүү камдардан четтөөлөр (А-Р) | Милдеттүү камдык талаптардын минималдуу өлчөмү (Р * Морт)
| Минималдуу милдеттүү камдардан четтөөлөр (Ом) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 5 | 6 | 7 | 8 |
1 | 16.11.2015 | 203160090 | 10878518 | 214038609 | 225447841 | -11409232 | 202903057 | 257033 |
2 | 17.11.2015 | 214138964 | 11206088 | 225345052 | 225447841 | -102789 | 202903057 | 1235907 |
3 | 18.11.2015 | 203200990 | 10442355 | 213643345 | 225447841 | -11804496 | 202903057 | 297933 |
4 | 19.11.2015 | 222755618 | 10905123 | 233660741 | 225447841 | 8212900 | 202903057 | 19852561 |
5 | 20.11.2015 | 223011849 | 10142294 | 233154143 | 225447841 | 7706301 | 202903057 | 20108792 |
6 | 21.11.2015 | 204036849 | 10754110 | 214790959 | 225447841 | -10656882 | 202903057 | 1133792 |
7 | 22.11.2015 | 218011849 | 9878518 | 227890367 | 225447841 | 2442526 | 202903057 | 15108792 |
8 | 23.11.2015 | 203731782 | 11032658 | 214764439 | 225447841 | -10683402 | 202903057 | 828725 |
9 | 24.11.2015 | 203421817 | 10275835 | 213697652 | 225447841 | -11750189 | 202903057 | 518760 |
10 | 25.11.2015 | 225723793 | 8155325 | 233879118 | 225447841 | 8431277 | 202903057 | 22820736 |
11 | 26.11.2015 | 270361873 | 9431752 | 279793626 | 225447841 | 54345785 | 202903057 | 67458816 |
12 | 27.11.2015 | 226816333 | 10284718 | 237171051 | 225447841 | 11723210 | 202903057 | 23983276 |
13 | 28.11.2015 | 226886333 | 10713172 | 237599505 | 225447841 | 12151664 | 202903057 | 23983276 |
14 | 29.11.2015 | 203009349 | 11085433 | 214094782 | 225447841 | -11353059 | 202903057 | 106292 |
15 | 30.11.2015 | 100200100 | 10943715 | 111143815 | 225447841 | -114304026 | 202903057 | -102702957 |
16 | 01.12.2015 | 202976564 | 10513273 | 213489837 | 225447841 | -11958004 | 202903057 | 73507 |
17 | 02.12.2015 | 204302185 | 9023676 | 213325861 | 225447841 | -12121980 | 202903057 | 1399128 |
18 | 03.12.2015 | 204526117 | 10283674 | 214809791 | 225447841 | -10638050 | 202903057 | 1623060 |
19 | 04.12.2015 | 203245032 | 10971139 | 214216171 | 225447841 | -11231670 | 202903057 | 341975 |
20 | 05.12.2015 | 203245032 | 11461437 | 214706470 | 225447841 | -10741372 | 202903057 | 341975 |
21 | 06.12.2015 | 203245032 | 11791321 | 215036353 | 225447841 | -10411488 | 202903057 | 341975 |
22 | 07.12.2015 | 204341146 | 12312678 | 216653824 | 225447841 | -8794017 | 202903057 | 1438089 |
23 | 08.12.2015 | 203602026 | 10957213 | 214559240 | 225447841 | -10888602 | 202903057 | 698969 |
24 | 09.12.2015 | 230701404 | 10734620 | 241436024 | 225447841 | 15988182 | 202903057 | 27798347 |
25 | 10.12.2015 | 218150573 | 10512965 | 228663538 | 225447841 | 3215697 | 202903057 | 15247516 |
26 | 11.12.2015 | 217823064 | 11065413 | 228888477 | 225447841 | 3440636 | 202903057 | 14920007 |
27 | 12.12.2015 | 214572618 | 11332681 | 225905300 | 225447841 | 457459 | 202903057 | 11669561 |
28 | 13.12.2015 | 204072618 | 10991834 | 215064452 | 225447841 | -10383389 | 202903057 | 1169561 |
| Жыйынтыгында |
|
|
|
| -151117012 |
|
|
| Орто күндүк четтөөсү (Ос) |
|
|
|
| -5397036 |
|
|
| Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм (Пн) |
|
|
|
| 125931 |
| 85586 |
Милдеттүү камдардан четтөө эсебинин формуласы:
О = А - Р, мында
А - банктардын камдык активдери;
Р - милдеттүү камдар.
Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөмдү эсептөө формуласы:
Пн = Ос*Сп/100/360*Д, мында
Пн - милдеттүү камдарды сактабагандыгы үчүн төлөм;
Ос - милдеттүү камдардан камдык активдердин эсебинен орто күндүк четтөөсү;
Сп - милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм чени (мында 10 пайыз);
Д - базалык мезгилде календарлык күндөрдүн саны (учурда 28 күн).
Милдеттүү камдардын минималдуу көлөмүнөн четтөөнүн эсебинин формуласы:
Ом = А - Р * Морт, мында
К - Улуттук банктагы корреспонденттик эсеби;
Р - милдеттүү камдар;
Морт - милдеттүү камдардын көлөмүнөн минималдуу деңгээл (учурда 90 пайыз).
Милдеттүү камдык талаптардын минималдуу деңгээлин сактабагандыгы үчүн төлөмдү эсептөө формуласы:
Пн = Ом*Сп/100/360*Д, мында
Пн - милдеттүү камдарды сактабагандыгы үчүн төлөм;
Ом - милдеттүү камдардын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен күндөлүк четтөөсү;
СП - милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм чени (учурда 10 пайыз);
Д - милдеттүү камдык талаптардын минималдуу көлөмү сакталбаган күндөрүнүн саны.
Маалымат үчүн:
Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм чени Улуттук банктын эсептик ченинин базалык мезгил үчүн орточо үч эселенген өлчөмдө белгиленет.