Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2010-жылдын 11-февралындагы ПЖ № 46 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2001-жылдын 7-декабры ПУ № 355
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ
Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин
эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз
Республикасынын Президентине караштуу
Комиссия жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2002-жылдын 15-августундагы № 212 Жарлыгынын
2006-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 111 Жарлыгынын,
2007-жылдын 25-майындагы ПЖ № 268 Жарлыгынын,
2008-жылдын 18-апрелиндеги ПЖ № 137 Жарлыгынын
редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын торолушуна жана өнүгүшүнө көрүнүктүү
салым кошкон республиканын мамлекеттик, коомдук, илимий
жана маданият ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу
маселесине бирдиктүү мамилени калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу
максатында
токтом кылам:
1. Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө
калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-майын-
дагы ПЖ №268 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 31-октя-
брындагы №285 "Кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөрдүн эсте-
лигин түбөлүккө калтыруу жөнүндөгү" Указы күчүн жоготту деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Указга ылайык
келтирсин.
5. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана
социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-майындагы ПЖ №268
Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Бул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
№ 1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2001-жылдын
7-декабрындагы № 355 Указы менен
бекитилген
Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин
түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Президентине караштуу Комиссиянын
КУРАМЫ
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 25-майындагы ПЖ № 268 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Мадумаров Адахан - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы,
Кимсанбаевич Комиссиянын төрагасы;
Нур уулу Досбол – Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри,
Комиссиянын төрагасынын орунбасары;
Дикамбаев Азамат - Кыргыз Республикасынын Президентинин Админист-
Шамильевич рациясынын экономикалык жана социалдык саясат
бөлүмүнүн башчысы;
Эсенкулов Нурмамат - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын
Жокенович билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн
башчысы, Комиссиянын жооптуу катчысы;
Ахмедов Якуббек - "Рохат-НБУ" пансионатынын директору, Кыргыз
Рахматович Республикасынын Президентинин кеңешчиси;
Ташпаева Назгүл - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Аскеровна социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы"
Кайыпов Марат - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Таштанович
Раев Султан - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат
Акимович министри;
Үсөнов Данияр - Бишкек шаарынын мэри;
Токтогулович
Турсунбаев Онушбек - Бишкек башкы архитектура башкармасынын началь-
Атакозуевич ниги;
Бөрүбаев Алтай - Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялоо
Асылканович комиссиясынын төрагасы;
Плоских Владимир - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) уни-
Михайлович верситетинин кафедра башчысы;
Садыков Тургунбай - Кыргыз Республикасынын Сүрөт академиясынын
Садыкович президенти, Кыргыз Республикасынын Улуттук
илимдер академиясынын академиги;
Юсупова Майрам - Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт
Ажибековна музейинин директору.