Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 1-августундагы №431 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 20-апрели № 238
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерим Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Нарын областындагы эркин экономикалык
зона жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 19-апрелин-
деги № 160 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Нарын облу-
сундагы эркин экономикалык зона жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр
киргизилсин:
- 15-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" де-
ген сөздөр "эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү боюнча ыйгарым укук-
туу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 23-пунктунун биринчи абзацындагы "Өкмөт тарабынан" деген сөздөр
"Премьер-министр тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. "Каракол" эркин экономикалык зонасы ("Каракол" ЭЭЗ) жөнүндө жо-
бону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын
12-январындагы № 13 токтому менен бекитилген ""Каракол" эркин экономи-
калык зонасы ("Каракол" ЭЭЗ) жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кир-
гизилсин:
- 7-пунктундагы жана 24-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Рес-
публикасынын Финансы министрлиги" деген сөздөр "эркин экономикалык зо-
наларды өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөз-
дөр менен алмаштырылсын;
- 9-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Өкмөт тарабынан" деген сөздөр
"Премьер-министр тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. "Бишкек" эркин экономикалык зонасы жөнүндө жобону бекитүү туу-
ралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 11-ноябрындагы №
474 токтому менен бекитилген "Бишкек" эркин экономикалык зонасы жөнүндө
жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 19-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" де-
ген сөздөр "эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү боюнча ыйгарым укук-
туу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. "Маймак" эркин экономикалык зонасы жөнүндө жобону бекитүү туу-
ралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 20-июнундагы № 357
токтому менен бекитилген "Маймак" эркин экономикалык зонасы жөнүндө жо-
бого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 15-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Финансы
министрлиги" деген сөздөр "эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү боюн-
ча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 18, 19 жана 20-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы" деген сөздөр "бажы иши боюнча
ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 29-пункттагы "Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр "Премьер-министри
тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов