Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2014-жылдын 1-августундагы № 431 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 8-майы № 285

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 19-апрелиндеги № 160 "Нарын облусундагы эркин экономикалык аймагы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы эркин экономикалык аймак жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 23-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:

"ЭЭАнын башкы директору жана анын орун басарлары эмгек келишиминин шарттарында беш жылдык мөөнөткө дайындалышат.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 12-январындагы № 13 "Каракол эркин экономикалык аймагы ("Каракол" ЭЭА) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Каракол эркин экономикалык аймагы ("Каракол" ЭЭА) жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

- "ЭЭАнын башкы директору жана анын орун басарлары эмгек келишиминин шарттарында беш жылдык мөөнөткө дайындалышат.".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 20-июнундагы № 357 "Маймак" эркин экономикалык аймагы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "Маймак" эркин экономикалык аймагы жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 29-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"ЭЭАнын башкы директору жана анын орун басарлары эмгек келишиминин шарттарында беш жылдык мөөнөткө дайындалышат.".

4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

И.Чудинов