Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-марты № 58
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга Бишкек шаарынын бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди эске алуу менен 8550273,2 миң сом суммада бекитилсин, анын ичинде:
4956356,9 миң сом - шаардык бюджет;
925210,1 миң сом - Ленин администрациялык районунун бюджети;
892839,7 миң сом - Октябрь администрациялык районунун бюджети;
856587,6 миң сом - Биринчи май администрациялык районунун бюджети;
919278,9 миң сом - Свердлов администрациялык районунун бюджети.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
2. 2019-2020-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын:
1) 2019-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол - 9971747,1 миң сом суммада, 2020-жылга - 10472294,1 миң сом суммада;
2) 2019-2020-жылдарга жактырылган шаардын бюджетинин болжолдук параметрлери, аларды кабыл алууда ар бир конкреттүү мезгилде такталууга тийиш.
3. 2018-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү жана 2019-2020-жылдарга болжолу 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
4. 2018-жылга Бишкек шаарынын бюджеттик мекемелеринин атайын каражаттардын киреше жана чыгаша бөлүктөрү 1-4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2018-жылга республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер 850000,0 миң сом суммага 1-5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2018-жылга Бишкек шаарынын бюджетинен чыгашаларды жана 2019-2020-жылдарга болжолун каржылоого каражаттар 2, 2-1-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
7. 2018-жылга чыгашаларды каржылоо накталай алынган кирешелердин чектеринде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Мында, биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча (айлык акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна төгүмдөр, медикаменттер, тамактандыруу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул, стипендиялар) чыгашаларды каржылоо жүргүзүлөт.
Бюджеттик мекемелерде бош кызмат орундарынын пайда болушу, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актыларды кабыл алынуусу менен байланышкан корголгон статьяларга каралган суммалардын азайтылышына жол берилет.
Каражаттын чыгымдалышы жана чыгаша статьяларынын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.
8. 2017-жылы жеткиликтүү каржыланбай калган чыгашалар 2018-жылга Бишкек шаарынын бюджети тарабынан каралган ассигнованиелердин эсебинен жана чектеринде гана компенсациялана тургандыгы белгиленсин.
9. 2018-жылдын 1-январына карата Бишкек шаары боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 600,0 миң сом суммада бекитилсин, анын ичинде шаардык бюджет боюнча 200,0 миң сом жана райондук бюджеттер боюнча 100,0 миң сомдон бекитилсин.
10. 2018-жылга пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн төмөндөгүдөй ченеми бекитилсин:
1) салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы, роялти, сатуудан салык, чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салык, патенттин негизиндеги салык, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө салык, жер салыгы, таштанды ташып чыгаруу үчүн акы боюнча:
- Ленин администрациялык районуна - 44,9%;
- Октябрь администрациялык районуна - 45,6%;
- Биринчи май администрациялык районуна - 20,4%;
- Свердлов администрациялык районуна - 41,3%.
2) ар кандай салыктар жана жыйымдар, калктуу конуштарда жер ижарасы жана мүлк ижарасы үчүн акы төлөмдөр жана мүлктү ижаралоо үчүн акы, Бишкек шаарынын ЭЭАсынан салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр - 100% шаардык бюджетке;
3) Бишкек шаарынын административдик райондор боюнча муниципалдык администрацияларынын административдик комиссиялары тарабынан салынуучу административдик жаза пулдар боюнча 100% администрациялык райондордун тийиштүү бюджетине жөнөтүлсүн.
11. Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге атайын каражаттарды казыначылык тутумунан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100% тиешелүү бюджеттин кирешесине алынат.
12. Бюджеттик уюмдар жана муниципалдык ишканалар тарабынан максаттуу багыты боюнча эмес пайдаланылган Бишкек шаарынын бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алууга жатат.
13. Ушул токтом менен бекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөртүү зарылчылыгы болсо, ага тиешелүү оңдоолорду кабыл алганга чейин Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу боюнча бюджеттик параметрлерди өзгөртүүнү жүргүзсүн.
14. 2018-жылга Бишкек шаарынын бюджетинен каржылануучу мекемелер үчүн төмөндөгүлөр белгиленсин:
1) жалпы билим берүү мектептеринин чарба башчыларына ай сайын айлык акыларына окуучулардын санына жараша 1 штаттык бирдик эсебинен 2800 сомго чейинки үстөк акы (100 окуучуга чейин - 450 сом, 100дөн 600гө чейин - 1000 сом, 600дөн 1200гө чейин - 1600 сом, 1200дөн 1800гө чейин - 2200 сом, 1800дөн жогору - 2800 сом);
2) балдар музыкалык мектептердин жаш адистерине ай сайын 500 сом үстөк акы;
3) карылар үйүнүн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунун, "Коломто" муниципалдык мекемесинин жана "Ардагер" шаардык геронтологиялык борборунун, Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборунун кызматкерлеринин айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын 1650 сом эсебинде үстөк акы;
4) Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлеринин айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын 4000 сом эсебинде үстөк акы;
5) Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын үйлөмө аспап, симфониялык оркестрлеринин, элдик аспаптар оркестринин, "Семетей", "Доор", "Сувенир" ансамблдеринин, "Кыргыз руху" фольклордук ансамблинин жана "Акак" комузчулар ансамблинин кызматкерлеринин, Бишкек шаардык драмалык театрынын негизги жана инженердик - техникалык персоналынын айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын 2500 сом эсебинде үстөк акы;
6) билим берүү жана маданият уюмдарынын борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлерине айлык акыга ай сайын 3000 сомдон үстөк акы;
7) шаардык маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине ай сайын айлык акыга төмөндөгүдөй үстөк акы:
мэриянын, шаардык кеңештин жетекчилерине 1000 сомдон;
материалдарды сактоо кызматынын кызматкерлерине 2000 сомдон;
шаардык бюджеттен каржылануучу түзүмдүк бөлүмчлөрдүн жетекчилерине жана кызматкерлерине, мэриянын, шаардык кеңештин башка кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгынын кызматкерлерине жана башкаруу органдарын тейлеген айдоочуларга 4000 сомдон;
муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлерине, жергиликтүү бюджеттин эсебинен күтүлүүчү Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын жергиликтүү жана салыктык эмес төлөмдөрдү контролдоо боюнча бөлүмүнүн начальнигинин орун басарына жана кызматкерлерине 3000 сомдон.
8) райондук маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин айлык акысына төмөндөгүдөй ай сайын үстөк акы:
администрациялык райондор боюнча муниципалдык администрациялардын жетекчилерине 1000 сомдон;
райондук билим берүү борборлорунун, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын, финансы органдарынын жана муниципалдык администрациялардын аппаратынын, МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен күтүлүүчү Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыктарынын (мындан ары - МСКБ) начальниктеринин орун басарларына 3000 сомдон;
9) райондук аскер комиссариаттарынын кенже тейлөөчү, техникалык жана аскердик - учеттук персоналдарынын айлык акыларына ай сайын 500 сомдон үстөк акы;
10) билим берүү, социалдык коргоо, маданият, спорт уюмдарынын башка кызматкерлеринин айлык акыларына 1 кызматкерге ай сайын 1000 сом эсебинде үстөк акы;
11) саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин айлык акыларына төмөндөгүдөй ай сайын үстөк акы:
дарыгерлерге, орто жана башка персоналга бир ставкага 1000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1000 сомдон ашык эмес суммада;
кенже медициналык персоналга бир ставкага 1500 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1500 сомдон ашык эмес суммада;
Бишкек шаарынын тез медицина борборунун сутка бою иштеген оперативдүү бөлүмүнүн кызматкерлерине, чакырууга чыгуу бригадасынын фельдшерлерине жана санитарларына 1 кызматкерге 2500 сом эсебинде;
тез кечиктирилгис жардам көрсөтүү кызматынын дарыгерлерине жана педиатр-дарыгерлерине, дарыгер-неонатологдорго, дарыгер-реаниматологдорго, дарыгер-анестезиологдорго, дарыгер-комбустиологдорго 1 кызматкерге 4000 сом эсебинде;
12) Билим берүү башкармалыгынын медициналык-педагогикалык комиссиясынын методисттеринин айлык акыларына 1 кызматкерге 1500 сом эсебинде ай сайын үстөк акы;
13) шашылыш медицинанын автомашиналарынын айдоочуларынын айлык акыларына 1 кызматкерге 2000 сом эсебинде ай сайын үстөк акы.
15. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө тамактандырууга төмөндөгү ченемдер белгиленсин:
1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында:
3 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 29 сом;
3төн 7 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 30 сом;
2) акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында - 57 сом;
3) кургак учук менен ооруган балдар үчүн бала бакчада - 95 сом;
4) жалпы билим берүү уюмдарындагы жетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 5-7-класстагы балдары үчүн - 14 сом;
5) жалпы билим берүү уюмдарындагы 1-4-класстардын балдары үчүн - 14 сом;
6) жалпы билим берүү уюмдарындагы акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн - 28 сом;
7) Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда, Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунда, "Айданек" жашы жете элек балдарды реинтеграциалоо борборунда, Октябрь районунун № 71 орто мектеп интернатындагы интернаттык топтордо жана № 1 гимназия - интернатында - 110 сом;
8) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунда - 60 сом;
9) жатып калган оорулуулардын ысык тамагына - 60 сом;
10) белгилүү жашаган орду жок адамдарды тамактандырууга - 35 сом;
11) мектеп алдындагы лагерлердеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын тамактандырууга - 44 сом.
16. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө медикаменттерге төмөнкү ченемдер белгиленсин:
1) Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда, Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунда, "Айданек" жашы жете элек балдарды реинтеграциалоо борборунда 12,80 сомго чейин;
2) шаардык реабилитациялык борборунда мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн 0,55 сомго чейин;
3) белгилүү жашаган орду жок адамдар үчүн 12,50 сомго чейин.
17. 2018-жылга турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө жарандардын өздүк чыгымдарынын чектүү жол берилген үлүшү 10% өлчөмдө белгиленсин.
18. 2018-жылга төмөнкү чыгашалар бекитилсин:
1) 20 саатка чейинки жумалык жүктөмү менен орус тилдүү мектепке чейинки балдар уюмдарында кыргыз тил мугалимин жана кыргыз тилдүү мектепке чейинки балдар уюмдарында орус тил мугалимин күтүүгө;
2) жалпы билим берүү уюмдарында аскерге чакырууга чейин даярдык боюнча жетекчинин бир ставкасын күтүүгө;
3) Бишкек шаарынын тез медицина борборунун "медициналык кызматкердин депозитине" 40,0 штаттык бирдикке бир дарыгерге айына 6000 сом эсебинде жана үч жыл иштеп бүткөндүгү боюнча бир орто медициналык кызматкерге ай сайын 5000 сом;
4) Биринчи май районунун "Коломто" муниципалдык мекемесин күтүүгө;
5) Ленин, Октябрь администрациялык райондору боюнча 2 кечки жалпы билим берүү мектебин жана Свердлов администрациялык районунун № 35 жана 94 жалпы билим берүүчү мектептеринин алдында кечки класстарды күтүүгө;
6) SOS - Герман Гмайнер орто мектебинин, Бишкек шаарынын балдар айылынын SOS - бала бакчасынын чыгымдарын төлөөгө;
7) менчик - мамлекеттик еврей мектебинин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чыгымдарды төлөөгө;
8) "Сезим" кризистик борборунун, "Оберег" реабилитациялык борборунун, "Бириккен-Кол" аутист балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин, "Биринчи балдар хосписи" коомдук кайрымдуулук фондусунун коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн чыгымдарды төлөөгө;
9) Бишкек шаарынын согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлер жана оорук эмгекчилер кеңешинин чыгымдарын төлөөгө;
10) зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборун күтүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген типтүү штаттардан сырткары киргизилген кошумча штаттык бирдиктерди, 3-тиркемеге ылайык 577,25 штаттык бирдик санында кызмат орундарын күтүүгө;
12) аскерге чакырылуучуларды анык аскердик кызматка чакыруу жана жөнөтүү мезгилинде Республикалык топтоо пунктунун ишин камсыздоого;
13) Бишкек шаарын жана жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө, ошондой эле шаардык жана аймактык маанидеги обьекттерди (социалдык, коомдук, коммуналдык, инженердик инфраструктарлар, тургундардын жалпы үлүштүк менчиктерин) түзүүгө, өнүктүрүүгө, калыбына келтирүүгө жана реабилитациялоого жана жергиликтүү коомчулуктун өз алдынча башкаруусунун ар түрдүү формаларын өнүктүрүүгө, алардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга жана коммуналдык жана башка жашоо тиричилик маселелерин өз алдынча чечүүгө жөндөмдүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды берүүгө;
14) "Мурас-Ордо" конушунун балдарын Аламүдүн районунун Степное айылынын "Келечек" мектебине ташууну уюштурууга;
15) Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде "Жаш мугалим депозити" программасын ишке ашырууга;
16) Октябрь администрациялык районунун № 34 атайын көмөкчү мектебиндеги акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн узартылган күн топторуна тарбиячылардын 5,0 ставкасын күтүүгө;
17) карыздарын төлөөгө жана милдеттемелерин аткарууга шаардык бюджеттен Бишкек шаарынын администрациялык райондоруна өткөрүп берилүүчү каражаттар боюнча;
18) балансында кезметтик (кызматтык) автомашиналары жок муниципалдык аймактык башкармалыктарга айына 100 литрден бензин сатып алууга;
19) райондук МСКБнын начальниктеринин орун басарларын, райондук МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн 60,0 штаттык бирдигин, Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча МСКБнын начальнигинин орун басарын жана Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ИСТК МСКБнын жергиликтүү жана салыктык эмес төлөмдөрдү контролдоо боюнча бөлүмүнүн 5,0 штаттык бирдигин күтүүгө.
19. Кварталдык, үй комитеттеринин жана аксакалдар сотторунун төрагаларына келишимдик негизде 4-тиркемеге ылайык ай сайын акы төлөө белгиленсин.
20. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө келишимдик негизде квартал сайын 250 сомдон акы төлөө белгиленсин.
21. "Алга-Бишкек футбол клубу" муниципалдык мекемесинин футболчуларына ай сайын 5000 сом өлчөмүндө стипендия белгиленсин.
22. 5-тиркемеге ылайык 2017-жыл үчүн чыгашалардан кирешелерди ашыруунун эсебинен 287964,4 миң сом суммада чыгымдарды багыттоого уруксат берилсин.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
23. 6-тиркемеге ылайык, "Алга-Бишкек футбол клубу" муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине кызматтык маяна белгиленсин.
24. 7-тиркемеге ылайык, жылдын башталышына карата бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарынын калдыгынын чыгашаларын багыттоо бекитилсин.
25. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, аппараттардын, өз алдынча бөлүмдөрдүн жана башка мекемелердин кызматкерлерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен сыйлык акы берүү жана кызматтык эмгек акыларын жана аларга үстөк акыларды белгилөө укугу Бишкек шаарынын мэринде сакталсын.
26. Бишкек шаарынын мэриясы:
1) Бишкек шаарынын бюджетине кошумча каражаттарды тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 618 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун, жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн жана тындыруунун тартиби жөнүндө" жобого ылайык муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу зарылчылыгына жараша жүргүзүүгө уруксат берилсин;
2) 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына чейин Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен 2017-жылга каралгандан кем эмес көлөмдө 2018-жылга республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттердин көлөмүн жогорулатуу маселеси боюнча иш жүргүзсүн;
3) 2018-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында салыктарды жана жыйымдарды башкаруу өкүлдөнгөн функцияларды кабыл алуу боюнча уюштуруу иш-чараларды аяктасын;
4) Кыргыз Республикасынын азыркы мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар өспүрүм спорт мектебин каржылоону карап чыксын;
5) 2018-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө жолчырак объекттери боюнча бирдиктүү заказчынын функцияларын өткөрүп берүү менен, ошондой эле кампада болгон жолчырак объекттерин, себилдөөчү белен тетиктери жана жабдуулары менен КР ИИМ ЖКККББ СМЭБ МИсинен Бишкек шаарында жайгашкан бардык жолчырак объекттерин муниципалитеттин балансына кабыл алуу менен борбордун жолчырак объекттеринин ишин уюштуруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн түзүү боюнча Бишкек шаардык кеңешке сунуш киргизсин;
6) бюджетти каражаттарды үнөмдөө максатында, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын тамактануу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча бөлүмүнүн түзүмү боюнча сунушту кайра карасын жана Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизсин;
7) 2018-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө парк зоналарын, базарларды жана токтотмолорду тескөө функцияларын ага өткөрүп берүү менен, Бишкек шаарынын мэриясынын токтотмолор жана муниципалдык базарлар башкармалыгы жөнүндө жобону Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизсин;
8) курулуш жана борбордун муниципалдык жолдорун ремонттоо жаатындагы муниципалдык бирдиктүү саясатты камсыздоо максатында, бирдиктүү заказчыны аныктасын жана 2018-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңешке сунуш киргизсин;
9) жаңы муниципалдык автобустарды жана троллейбустарды сатып алууда, алардагы каттамдын номурларынын кыймылы аркылуу жарыялоо боюнча функцияларды жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн мониторлорду карап чыксын;
10) 2018-жылдын 15-апрелине чейинки мөөнөттө Жер ресурстар башкармалыгынын 948,2 млн. сом жана Муниципалдык мүлк башкармалыгынын 28,0 млн. сом дебитордук карызын кыскартуу боюнча бекитилген графикти Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизсин;
11) бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн комиссиянын курамына киргизүү менен 2016-2017-жылдардын жыйынтыгы боюнча "Бишкекасфальтсервис" МИсинин ишине аудит жүргүзсүн;
12) 2018-жылга Бишкек шаарынын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө "Бишкекасфальтсервис" МИсинин 10000,0 миң сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуданы кайтарууга сумманы карасын;
13) муниципалдык лифттерди капиталдык-калыбына келтирүү ишине 30000, 0 миң сом суммага каражат издеп тапсын;
14) "Калыс Ордо" конушунун тышкы жарыктандыруусуна 3200,0 миң сом өлчөмүндөгү каражат издеп тапсын;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган тартипте Бишкек шаары боюнча КР ӨКМБсы үчүн өрт өчүрүүчү машинанын түтүктөрүн жана көбүк түзүүчүлөрдү сатып алууга 1000,0 миң сом өлчөмүндө каражат издеп тапсын;
16) гүлдөрдү жана көчөттөрдү сатуу муниципалдык пункттарын уюштуруу боюнча "Бишкекжашылчарба" МИсине 4064,1 миң сом өлчөмүндөгү каражат издеп тапсын;
17) Ахунбаев көчөсүнө жана Джунусалиев көчөсүнө жолчырак орнотууга 900,0 миң сом өлчөмүндө каражат издеп тапсын;
18) Бишкек шаарынын ИИББсынын мобилдик батальону үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга 6200,0 миң сом өлчөмдөгү жана имараттын жайларын утурумдук ремонт жүргүзүүгө 926,8 миң сом өлчөмдөгү каражат издеп тапсын.
27. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
28. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы А.М.Кененбаевге жана Бишкек шаарынын мэри А.С.Ибраимовго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
| А.Кененбаев |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 19-мартындагы № 58 токтомуна 1-тиркеме |
Бишкек шаарынын 2018-жылга бюджетинин КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
(миң сом) | |||||||
код | Кирешелердин аталышы | Бардыгы | Шаардык бюджет | Ленин адм. району | Октябрь адм. району | Биринчи май адм. району | Свердлов адм. району |
11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 2422895,0 | 806842,3 | 443239,6 | 431493,2 | 431823,9 | 309496,0 |
11121100 | Чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салык | 161500,0 | 102792,3 | 13194,8 | 20593,6 | 10728,6 | 14190,7 |
11122 | Патенттин негизинде салык | 1407750,0 | 860229,5 | 94403,2 | 108342,9 | 50429,9 | 294344,5 |
11311 | Кыймылсыз мүлккө салык | 505600,0 | 316477,8 | 54387,1 | 53234,5 | 28074,7 | 53425,9 |
11312 | Кыймылдуу мүлккө салык | 262000,0 | 160797,5 | 36972,0 | 26443,8 | 11964,5 | 25822,2 |
11321100 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 45500,0 | 27745,9 | 8938,4 | 2915,9 | 1980,5 | 3919,3 |
11321300 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 149900,0 | 93631,3 | 13636,0 | 15342,2 | 7955,1 | 19335,4 |
11412100 | Сатуудан салык | 1270800,0 | 462603,6 | 215849,8 | 172849,5 | 262576,1 | 156921,0 |
11462 | Роялти | 15900,0 | 1504,9 | 270,6 | 13993,4 | 77,6 | 53,5 |
14152100 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | 980000,0 | 980000,0 |
|
|
|
|
14211 | Мүлк ижарасы үчүн акы | 220000,0 | 220000,0 |
|
|
|
|
14224200 | Калктуу пункттардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйым | 26600,0 | 16936,3 | 3444,8 | 2310,0 | 1692,3 | 2216,6 |
32142110 | Ишканалар жана уюмдар тарабынан ссудаларды тындыруу | 10000,0 | 10000,0 |
|
|
|
|
Бардык кирешелер | 7478445,0 | 4059561,4 | 884336,3 | 847519,0 | 807303,2 | 879725,1 | |
1423 | Атайын каражаттар | 221828,2 | 58398,0 | 38836,6 | 43098,3 | 46959,2 | 34536,1 |
Өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар | - | -11602,5 | 2037,2 | 2222,4 | 2325,2 | 5017,7 | |
Бишкек шаары боюнча бардыгы | 7700273,2 | 4106356,9 | 925210,1 | 892839,7 | 856587,6 | 919278,9 |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 19-мартындагы № 58 токтомуна 1-1-тиркеме |
Бишкек шаарынын 2018-2020-жылдарга бюджетинин КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
(миң сом) | ||||
код | Кирешелердин аталышы | 2018-жылга | 2019-жылга болжол | 2020-жылга болжол |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 2422895,0 | 5131691,6 | 5454988,2 |
11121100 | Чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салык | 161500,0 | 169575,0 | 177545,0 |
11122 | Патенттин негизинде салык | 1407750,0 | 1478137,5 | 1547610,0 |
11311 | Кыймылсыз мүлккө салык | 505600,0 | 515712,0 | 526026,2 |
11312 | Кыймылдуу мүлккө салык | 262000,0 | 275100,0 | 288855,0 |
11321100 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 45500,0 | 45500,0 | 45500,0 |
11321300 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 149900,0 | 149900,0 | 149900,0 |
11412100 | Сатуудан салык | 1270800,0 | 1334340,0 | 1397054,0 |
11462 | Роялти | 15900,0 | 16695,0 | 17479,7 |
14152100 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | 980000,0 | 448800,0 | 457776,0 |
14211 | Мүлк ижарасы үчүн акы | 220000,0 | 163200,0 | 166464,0 |
14224200 | Калктуу пункттардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйым | 26600,0 | 26600,0 | 26600,0 |
32142110 | Ишканалар жана уюмдар тарабынан ссудаларды тындыруу | 10000,0 |
|
|
Бардык кирешелер | 7478445,0 | 9755251,1 | 10255798,1 | |
1423 | Атайын каражаттар | 221828,2 | 216496,0 | 216496,0 |
Бишкек шаары боюнча бардыгы | 7700273,2 | 9971747,1 | 10472294,1 |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 19-мартындагы № 58 токтомуна 1-2-тиркеме |
Бишкек шаарынын 2018-жылга бюджетинин КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 19-мартындагы № 58 токтомуна 1-3-тиркеме |
Бишкек шаарынын 2018-жылга бюджетинин КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ. КОНТИНГЕНТ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 19-мартындагы № 58 токтомуна 1-4-тиркеме |
2018-жылга Бишкек шаарынын бюджеттик мекемелеринин атайын каражаттарынын кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрү
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
(миң сом) | |||||||
Аталышы | Бардыгы | Шаардык бюджет | Ленин адм. району | Октябрь адм. району | Биринчи май адм. району | Свердлов адм. району | |
Бардык кирешелер | 221828,2 | 58398,0 | 38836,6 | 43098,3 | 46959,2 | 34536,1 | |
701 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар | 1300,0 | 1300 |
|
|
|
|
702 | Коргоо | - |
|
|
|
|
|
703 | Коомдук тартип жана коопсуздук | - |
|
|
|
|
|
704 | Экономикалык маселелер | - |
|
|
|
|
|
706 | Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр | 15482,4 | 15482,4 |
|
|
|
|
707 | Саламаттык сактоо | 9800,0 | 9800,0 |
|
|
|
|
708 | Эс алуу, маданият жана дин | 12943,8 | 12943,8 |
|
|
|
|
709 | Билим берүү | 182087,0 | 18866,8 | 38776,6 | 43098,3 | 46809,2 | 34536,1 |
710 | Социалдык коргоо | 215,0 | 5,0 | 60,0 |
| 150,0 |
|
Бардык чыгашалар | 221828,2 | 58398,0 | 38836,6 | 43098,3 | 46959,2 | 34536,1 |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 19-мартындагы № 58 токтомуна 1-5-тиркеме |
2018-жылга республикалык бюджеттен Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине максаттуу ТРАНСФЕРТТЕР
(миң сом)
№ к/к | Кирешелердин аталышы | Бардыгы | Шаардык бюджет | Ленин адм. району | Октябрь адм. району | Биринчи май адм. району | Свердлов адм. району |
1 | Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттер | 850000,0 | 850000,0 |
|
|
|
|
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 19-мартындагы № 58 токтомуна 2-тиркеме |
Бишкек шаарынын 2018-жылга бюджетинин ЧЫГАША БӨЛҮГҮ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 19-мартындагы № 58 токтомуна 2-1-тиркеме |
Бишкек шаарынын 2018-2020-жылдарга бюджетинин ЧЫГАША БӨЛҮГҮ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
(миң сом) | ||||
№ к/к | 2018-жылга | 2019-жылга болжол | 2020-жылга болжол | |
| Бишкек шаары боюнча бардыгы: | 8550273,2 | 9971747,1 | 10472294,1 |
701 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар | 553691,8 | 1522406,1 | 1455206,1 |
Резервдик фонду | 65326,2 | 66254,0 | 66254,0 | |
702 | Коргоо | 14655,6 | 14655,6 | 14655,6 |
703 | Коомдук тартип жана коопсуздук | 34504,2 | 33000,0 | 33000,0 |
704 | Экономикалык маселелер | 787655,1 | 412226,2 | 412226,2 |
анын ичинде: | - |
|
| |
| - | - | - | |
* | Транспорт | 750624,2 | 372825,9 | 372825,9 |
706 | Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр - анын ичинде: | 2692202,8 | 3582799,7 | 4150546,7 |
* | Капиталдык салымдар | 521197,7 | 1709900,1 | 2277647,1 |
707 | Саламаттык сактоо | 276204,6 | 275443,3 | 275443,3 |
708 | Эс алуу, маданият жана дин | 424003,4 | 301627,4 | 301627,4 |
709 | Билим берүү | 3387938,7 | 3444222,9 | 3444222,9 |
710 | Социалдык коргоо, анын ичинде: | 314090,8 | 319111,9 | 319111,9 |
* | Даректүү социалдык жардам | 183195,0 | 178487,3 | 178487,3 |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 19-мартындагы № 58 токтомуна 3-тиркеме |
Бишкек шаарынын билим берүү уюмдары боюнча 2018-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген типтүү штаттардан ашыкча киргизилген КОШУМЧА ШТАТТЫК БИРДИКТЕР
№ к/к | Кызматтардын аталышы | Бардыгы шт. бирдик | анын ичинде райондор | Эскертүү | |||||
Ленин адм. району | Октябрь адм. району | Биринчи май адм. району | Свердлов адм. району | № 1 гимн. инт. | ОЧШБ | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 8 | 9 |
Билим берүү уюмдары боюнча | |||||||||
1 | Директордун тарбия иштери боюнча орун басары | 88,00 | 26,50 | 16,50 | 20,00 | 25,00 |
|
| окуучулардын саны 600гө чейин - 0,5 бирдик, окуучулардын саны 600 жана андан ашык болсо - 1,0 бирдик |
2 | Директордун окуу тарбия иштери боюнча орун басары | 1,50 | 0,50 | 0,50 |
| 0,50 |
|
| № 22, 30, 34 атайын жардамчы мектептер үчүн - 0,5 бирдиктен |
3 | Директордун мамлекеттик тил боюнча орун басары | 72,50 | 23,00 | 15,00 | 15,00 | 19,50 |
|
| окуучулардын саны 600гө чейин - 0,5 бирдик, окуучулардын саны 600 жана андан ашык болсо - 1,0 бирдик |
4 | Директордун илимий- усулдук иштер боюнча орун басары | 35,00 | 6,00 | 9,00 | 10,00 | 10,00 |
|
| бардык статустук мектептерде - 1,0 бирдиктен |
5 | Директордун чет тили боюнча орун басары | 6,00 | 1,00 | 2,00 | 2,00 | 1,00 |
|
| № 6, 13, 23, 26, 37, 69 мектептерде - 1,0 бирдиктен |
6 | Психолог | 93,50 | 27,00 | 17,50 | 20,50 | 28,50 |
|
| окуучулардын саны 600гө чейин - 0,5 бирдик, окуучулардын саны 600 жана андан ашык болсо - 1,0 бирдик, № 1 БГИден башка, (№ 12, 38, 67,29 ГМ - 2,0 бирдиктен). (№ 22, 30, 34 АЖМ - 1,0 бирдиктен) |
7 | Усулчу | 1,00 |
|
| 1,00 |
|
|
| № 1 гимназия-интернат - 1,0 бирдик |
8 | Китепканачы | 79,50 | 24,00 | 16,00 | 17,00 | 22,50 |
|
| окуучулардын саны 1200гө чейин - 0,5 бирдик, 1200 жана андан ашык болсо - 1,0 бирдик, № 22, 30, 34 АЖМ - 1,0 бирдиктен |
9 | Ийрим башчысы | 0,75 |
| 0,75 |
|
|
|
| № 34 АЖМ - 0,75 бирдик |
10 | Ашпозчу | 1,00 |
| 1,00 |
|
|
|
| № 34 АЖМ - 1,0 бирдик |
11 | Чарба башчысы | 4,00 | 1,00 | 2,00 |
| 1,00 |
|
| № 22, 30, 34 АЖМ, № 7 ЖЖМ - 1,0 бирдиктен |
12 | Катчы | 7,00 | 3,00 | 3,00 |
| 1,00 |
|
| № 14, 90 ОМ, № 22, 30, 34 АЖМ, № 7, 10 ЖЖМ - 1,0 бирдиктен |
13 | Бассейндин башчысы | 2,00 |
| 1,00 | 1,00 |
|
|
| № 70 ОТК - 1,0 бирдик. № 71 МИ - 1,0 бирдик |
14 | Бассейндин нускоочусу | 2,00 |
| 1,00 | 1,00 |
|
|
| № 70 ОТК - 1,0 бирдик, № 71 МИ - 1,0 бирдик |
15 | Хим. суу тазалоо аппаратчысы | 5,00 |
| 2,00 | 3,00 |
|
|
| № 70 ОТК - 3,0 бирдик, № 71 МИ - 2,0 бирдик |
16 | Гардеробчу | 2,00 |
| 1,00 | 1,00 |
|
|
| № 70 ОТК - 1,0 бирдик, № 71 МИ - 1,0 бирдик |
17 | Кастелянша | 1,00 |
|
| 1,00 |
|
|
| № 1 гимназия-интернатты тейлөө үчүн |
18 | Электрик | 1,50 |
|
| 1,50 |
|
|
| № 1 гимназия-интернатты тейлөө үчүн |
19 | Сантехник | 1,00 |
|
| 1,00 |
|
|
| № 1 гимназия-интернатты тейлөө үчүн |
20 | Имаратты тейлөө боюнча жумушчу | 5,00 | 2,00 | 2,00 |
| 1,00 |
|
| № 22, 30, 34 АЖМ, № 7, 10 ЖЖМ - 1,0 бирдиктен |
| Билим берүү уюмдар боюнча жыйынтыгы | 409,25 | 114,00 | 90,25 | 95,00 | 110,00 | 0,00 | 0,00 |
|
Мектептен тышкаркы уюмдар боюнча | |||||||||
1 | Директордун уюштуруу-тарбия иштери боюнча орун басары | 1,00 |
|
|
|
|
| 1,00 | 3000ден ашык окуучу жана 95 мугалим |
2 | Бөлүм башчысы | 5,00 |
|
|
|
|
| 5,00 | ийримдердин багыттары боюнча |
3 | Усулчу | 4,00 |
|
|
|
|
| 4,00 | Бишкек шаарынын мектептен тышкаркы уюмдары боюнча усулдук иштер |
4 | Уюштуруу мугалими | 1,00 |
|
|
|
|
| 1,00 | маданий-массалык иш-чараларды уюштуруу үчүн |
5 | Режиссер-үн оператору | 1,00 |
|
|
|
|
| 1,00 | "Таберик" БМТсынын иштеши үчүн |
6 | Режиссер-коюучу | 1,00 |
|
|
|
|
| 1,00 | "Таберик" БМТсынын иштеши үчүн |
7 | Костюмдар кампасынын башчысы | 1,00 |
|
|
|
|
| 1,00 | костюмдарды талаптагыдай кароо жана сактоо үчүн |
8 | Имаратты тейлөө боюнча жумушчу | 2,00 |
|
|
|
|
| 2,00 | "Чайка", "Звездочка" эки имаратын тейлөө үчүн |
9 | Катчы | 0,50 |
|
|
|
|
| 0,50 | иш кагаздарын жүргүзүү үчүн - 0,5 бирд., |
10 | Вахтер | 2,00 |
|
|
|
|
| 2,00 | "Кыргызстан балдары" ШМОЧБ - 2,0 бирд., |
| Мектептен тышкаркы уюмдар боюнча жыйынтык | 18,50 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 18,50 |
|
Мектепке чейинки билим берүү уюмдар боюнча | |||||||||
1 | Усулчу | 44,50 | 6,00 | 24,00 | 4,50 | 10,00 |
|
| 6дан 8 топко чейин - 0,5 бирдик, 8 жана андан ашык топтор - 1,0 бирдик, № 164 атайын б/бакча - 0,5 бирдиктен, № 162 б/б "Азем" № 181, № 182-0,5 бирд. |
2 | Улук медайым | 43,00 | 9,00 | 18,00 | 7,50 | 8,50 |
|
| Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында - 0,5 бирдиктен, б/б № 181, № 182 - 0,5 штаттык бирд. |
3 | Медайым | 1,00 | 1,00 |
|
|
|
|
| № 164 "Ак-Тилек" атайын бала бакчасы - 1,0 бирдик |
4 | Чарба жумушчулары | 16,00 | 2,50 | 8,50 | 2,00 | 3,00 |
|
| 6 жана андан ашык топ - 0,25 бирдик, б/б № 181, № 182 - 0,25 штаттык бирд. |
5 | Дарыгер педиатр | 1,00 | 1,00 |
|
|
|
|
| № 164 "Ак-Тилек" атайын бала бакчасы |
6 | Ортоптист-медайым | 1,00 |
| 1,00 |
|
|
|
| № 174 атайын бала бакчасы |
7 | Психиатр дарыгер | 1,00 | 1,00 |
|
|
|
|
| № 164 "Ак-Тилек" атайын бала бакчасы |
8 | Дарылоо дене-тарбия инструктору | 0,50 | 0,50 |
|
|
|
|
| № 164 "Ак-Тилек" атайын бала бакчасы |
9 | Укалоочу | 1,00 | 1,00 |
|
|
|
|
| № 164 "Ак-Тилек" атайын бала бакчасы |
10 | Чарба башчысы | 9,50 | 3,00 | 2,00 | 3,00 | 1,50 |
|
| № 4, 5, 26, 49, 64, 66, 72, 73, 75, 78, 91, 122, 162, 164, 172, 173, 181, 182, 185 мектепке чейинки билим берүү уюмдарында - 0,5 бирдиктен |
11 | Ашпозчу | 18,50 | 1,00 | 12,00 |
| 5,50 |
|
| 10 жана андан ашык топ - 1,0 бирдиктен № 162 б/б "Азем" № 181, № 182 - 0,5 штаттык бирд. |
12 | Логопед | 11,00 | 4,00 |
| 3,00 | 4,00 |
|
| № 28, 52, 64, 185, 28, 61, 75, 51, 113, 145, 162 мектепке чейинки билим берүү уюмдарында - 1,0 бирдиктен |
13 | Түнкү мезгилде иштөөчү медайым | 1,00 |
|
|
| 1,00 |
|
| № 48 атайын бала бакчасында - 1,0 бирдик |
14 | Электрик | 0,50 |
| 0,50 |
|
|
|
| № 182 МББУда - 0,5 бирдик |
| Мектепке чейинки билим берүү уюмдар боюнча жыйынтыгы | 149,50 | 30,00 | 66,00 | 20,00 | 33,50 | 0,00 | 0,00 |
|
| Бардыгы: | 577,25 | 144,00 | 156,25 | 115,00 | 143,50 | 0,00 | 18,50 |
|
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 19-мартындагы № 58 токтомуна 4-тиркеме |
Кызматкерлерге келишимдик негизде ай сайын акы төлөө
(сом) | ||
№ к/к | Аталышы | сумма |
1 | Кварталдык комитеттердин төрагаларына | тейленген 1 үй үчүн 15 сом |
2 | Үй комитеттеринин төрагаларына | тейленген 1 батир үчүн 13 сом |
3 | Аксакалдар сотторунун төрагаларына | 2000 |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 19-мартындагы № 58 токтомуна 5-тиркеме |
2018-жылдын 1-январына карата чыгашалардан кирешелерди ашыруунун эсебинен багытталган ЧЫГЫМДАРДЫН СУММАСЫ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
(миң сом) | |||
| Мекемелердин аталышы | Кандай максаттарга | Сумма |
Шаардык бюджет - бардыгы: |
| 143786,4 | |
701 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар | 1. Кызматкерлердин тамактануусу жана жол киресине карата чыгашаларды компенсациялоого: Бишкек шаардык кенешке 2342,4 миң сом суммада, Бишкек шаарынын мэриясына 5770,0 миң сом суммада, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгына 2696,3 миң сом суммада, Ленин райондук финансы башкармалыкка 1116,9 миң сом суммада, Ленин районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарына 1084,5 миң сом суммада, Октябрь администрациялык району боюнча муниципалдык администрацияга 2370,3 миң сом суммада, Октябрь райондук финансы башкармалыкка 1018,9 миң сом суммада, Октябрь районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарына 1876,1 миң сом суммада, Биринчи май администрациялык району боюнча муниципалдык администрацияга 2266,9 миң сом суммада, Биринчи май райондук финансы башкармалыкка 1803,3 миң сом суммада, Биринчи май районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарына 501,0 миң сом суммада, Свердлов администрациялык району боюнча муниципалдык администрацияга 2310,7 миң сом суммада, Свердлов райондук финансы башкармалыкка 1018,9 миң сом суммада, Свердлов районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарына 895,7 миң сом суммада. Кызматкерлерге дем берүүчү акыларды төлөөгө: Бишкек шаарынын мэриясына 26773,8 миң сом суммада, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгына 11175,1 миң сом суммада, Бишкек шаардык кенешке 10735,1 миң сом суммада, Ленин администрациялык району боюнча муниципалдык администрацияга 4083,9 миң сом суммада, Ленин райондук финансы башкармалыкка 964,5 миң сом суммада, Октябрь администрациялык району боюнча муниципалдык администрацияга 4255,5 миң сом суммада, Октябрь райондук финансы башкармалыкка 895,3 миң сом суммада, Биринчи май администрациялык району боюнча муниципалдык администрацияга 4 111,8 миң сом суммада, Биринчи май райондук финансы башкармалыкка 1540,7 миң сом суммада, Свердлов администрациялык району боюнча муниципалдык администрацияга 4183,5 миң сом суммада, Свердлов райондук финансы башкармалыкка 865,5 миң сом суммада. 2. Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигине "Бишкек шаарынын жолдорунун боюна муниципалдык токтотмолорду уюштуруу" долбоору боюнча консультациялык кызматтарды төлөөгө 9800,0 миң сом суммада жана "Шаардык транспортту жакшыртуу" жана "Мектепке чейинки мекемелерди куруу" долбоорлору боюнча 27902,0 миң сом суммада | 134358,6 |
706 | Турак-жай коммуналдык чарба | 1. Кызматкерлерге дем берүүчү акыларды төлөөгө: Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгына 2273,9 миң сом суммада, Бишкек шаарынын мэриясынын турак-жай коммуналдык чарба башкармалыгына 1386,9 миң сом суммада, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгына 1 554,4 миң сом суммада, Бишкек шаарынын мэриясынын Колл-борборуна 1003,5 миң сом суммада. 2. Кызматкерлердин тамактануусу жана жол киресине карата чыгашаларды компенсациялоого Бишкек шаарынын мэриясынын Колл-борборуна 735,3 миң сом суммада | 6954,0 |
709 | Билим берүү | Бишкек шаарынын № 1 гимназия-интернатынын утурумдук ремонтуна 345,5 миң сом суммада, утурумдук чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алууга 692,3 миң сом суммада, эмеректерди сатып алууга 1436,0 миң сом суммада. | 2473,8 |
Ленин адм. району - бардыгы: |
| 4213,0 | |
701 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар | Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын кызматкерлеринин тамактануусуна жана жол киресине чыгашаларын компенсациялоого 2321,3 миң сом суммада, Ленин районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарына 791,6 миң сом суммада. Ленин районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарынын кызматкерлерине дем берүүчү акы төлөөлөргө 1100,1 миң сом суммада | 4213,0 |
Октябрь адм. району - бардыгы: |
| 1119,4 | |
701 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар | Октябрь районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарынын кызматкерлерине дем берүүчү акы төлөөлөргө 875,5 миң сом суммада, Октябрь районунун МСКБсынын кызматкерлерине дем берүүчү акы төлөөлөргө 243,9 миң сом суммада | 1119,4 |
Биринчи май адм. району - бардыгы: |
| 2162,4 | |
701 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар | Биринчи май районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарынын кызматкерлеринин тамактануусуна жана жол киресине чыгашаларын компенсациялоого 1062,4 миң сом суммада, Биринчи май администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын кызматкерлерине дем берүүчү акы төлөөлөргө 404,3 миң сом суммада, Биринчи май райондук финансы башкармалыкка 344,3 миң сом суммада, Биринчи май районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарына 351,4 миң сом суммада | 2162,4 |
Свердлов адм. району - бардыгы: |
| 1769,4 | |
701 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар | Свердлов районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарынын кызматкерлеринин тамактануусуна жана жол киресине чыгашаларын компенсациялоого 669,4 миң сом суммада, дем берүүчү акы төлөөлөргө 1100,0 миң сом суммада. | 1769,4 |
| Бишкек шаары боюнча бардыгы: |
| 153050,6 |
| Мекемелердин аталышы | Кандай максаттарга | Сумма |
Шаардык бюджет - бардыгы |
|
| |
706 | Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр | "Бишкекасфальтсервис" МИ Жибек-Жолу пр. боюнча Борбордук Мечитке жолду жана транспорт кирүү жолун капиталдык оңдоо жүргүзүүгө - 46336,2 миң сом суммасында жана шаардык жолдорду, тротуарларды капиталдык оңдоого - 50625,7 миң сом суммасында; "Тазалык" МИ Эркиндик бульварын көрктөндүрүү боюнча жумуштарды аткарууга - 13709,4 миң сом суммасында; "Бишкек жашыл чарба" МИ Эркиндик бульварын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жумуштарды аткарууга - 7349,1 миң сом суммасында; "Бишкексвет" МИ "Революция каармандарына" скверинде жана Уркуя Салиеванын эстелигинде тышкы жарыктандыруу, реконструкциялоо жана көрктөндүрүү боюнча жумуштарды аткарууга - 5982,3 миң сом суммасында; Токомбаев көчөсүнөн ЖБИге чейин Шабдан Баатыр көчөсү боюнча тышкы жарыктандыруу тармагынын жаңы курулушун жүргүзүүгө - 2784,3 миң сом суммасында жана электр материалдарын сатып алууга - 7126,8 миң сом суммасында. | 133913,8 |
709 | Билим берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгына Е.Б.Якир атындагы № 61 физика-математикалык мектеп-лицей автордук окуу комплексинин имаратынын ички дааратканаларын капиталдык оңдоо жүргүзүүгө - 1000,0 миң сом суммасында. | 1000,0 |
| Бишкек шаары боюнча БАРДЫГЫ: |
| 134913,8 |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 19-мартындагы № 58 токтомуна 6-тиркеме |
"Алга-Бишкек" футбол клубу" муниципалдык мекемесинин кызматкерлеринин КЫЗМАТТЫК АЙЛЫК АКЫЛАРЫ
(сом) | |||
катар № | Кызматтардын аталыштары | кызматтык айлык акы | |
Администрациялык-башкаруу персоналы | |||
1 | Директор | 12000 | |
2 | Спорт даярдык боюнча менеджер | 10000 | |
3 | Башкы бухгалтер | 9000 | |
4 | Администратор | 8000 | |
5 | Чарбалык бөлүк боюнча администратор | 9000 | |
6 | Дарыгер | 8000 | |
7 | Укалоочу | 8000 | |
Машыктыруучу курам | |||
1 | Башкы машыктыруучу | 10000 | |
2 | Башкы машыктыруучунун жардамчысы | 9000 | |
3 | Машыктыруучу | 9000 | |
Кенже жана техникалык тейлөөчү персонал | |||
1 | Жайларды тазалоочу | 4500 | |
2 | Кароолчу | 4500 | |
3 | Айдоочу | 8000 | |
4 | Чарба жумушчусу | 8000 | |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 19-мартындагы № 58 токтомуна 7-тиркеме |
2018-жылдын 1-январына карата Бишкек шаарынын бюджеттик мекемелеринин атайын каражаттарынын калдыктарынын чыгашаларын багыттоо
(миң сом) | |||||||
| Аталышы | Бардыгы | Шаардык бюджет | Ленин адм. району | Октябрь адм. району | Биринчи май адм. району | Свердлов адм. району |
| Жылдын башталышындагы атайын каражаттардын бардык калдыгы | 19493,3 | 6428,8 | 2067,5 | 1577,4 | 6637,4 | 2782,2 |
| Чыгашалардын бардыгы, анын ичинде: | 19493,3 | 6428,8 | 2067,5 | 1577,4 | 6637,4 | 2782,2 |
701 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар | 214,6 |
|
|
|
| 214,6 |
702 | Коргоо | 0,0 |
|
|
|
|
|
703 | Коомдук тартип жана коопсуздук | 0,0 |
|
|
|
|
|
704 | Экономикалык маселелер | 0,0 |
|
|
|
|
|
706 | Турак жай жана коммуналдык кызматтар | 186,9 | 155,5 | 6,2 |
| 25,2 |
|
707 | Саламаттык сактоо | 1032,5 | 1032,5 |
|
|
|
|
708 | Эс алуу, маданият жана дин | 1203,5 | 1203,5 |
|
|
|
|
709 | Билим берүү | 16753,6 | 4037,3 | 1969,1 | 1577,4 | 6602,2 | 2567,6 |
710 | Социалдык коргоо | 102,2 |
| 92,2 |
| 10,0 |
|
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |