Загрузка документа…
Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы № 170/26-4 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-октябры № 168/25-4
Токмок ш. биринчи вице-мэринин К.К.Чотбаевдин үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды алууга конкурска катышуу үчүн долбоорлорду тандоо боюнча комиссияны түзүү жөнүндө кайрылуусунунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015- жылдын 21-апрелиндеги № 230 “Үлүштүк (дем берүүчү ) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 6-июлундагы №89/14-4 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамы төмөнкү түрдө бекитилсин:
-Батырбек уулу Арнур –Токмок шаардык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы;
-Эсеналиев Мирбек Таалайбекович- Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Чүй башкармалыгынын каржы-бюджет координация бөлүмүнүн башкы адиси, комиссиянын катчысы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
-Бейшеналиева Айнура Таштанбековна- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн регионалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси;
-Макешов Мухтар Курманбекович – Муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги;
-Есенбаев Усөнбек Есенбаевич - “Есенбаевдердин үй-бүлөсү” кайрымдуулук фондунун төрагасы;
-Эшенов Элчибек Акматбекович- “Адилеттүү келечек” Коомдук фондунун жергиликтүү менеджери;
-Табалдиев Миран Аманбаевич – Жарандык активист;
-Лавринович Ольга Викторовна- “Карнелиус коому” коомдук фондунун төрайымы;
-Киртенов Жамангуль Камчибекович- “Жетинчи апрельдин Баатырлары” Коомдук бирикмесинин мүчөсү;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок шаарынын биринчи вице мэри К.К.Чотбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |