Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры № 170/26-4
Токмок ш. биринчи вице-мэринин К.К.Чотбаевдин үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды алууга конкурска катышуу үчүн долбоорлорду тандоо боюнча комиссияны түзүү жөнүндө кайрылуусунунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015- жылдын 21-апрелиндеги № 230 “Үлүштүк (дем берүүчү ) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-октябрындагы №168/25-4 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамы төмөнкү түрдө бекитилсин:
-Батырбек уулу Арнур – Токмок шаардык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы;
-Эсеналиев Мирбек Таалайбекович - Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Чүй башкармалыгынын каржы-бюджет координация бөлүмүнүн башкы адиси, комиссиянын катчысы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
-Бейшеналиева Айнура Таштанбековна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн регионалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси;
-Есенбаев Усɵнбек Есенбаевич - “Семьи Есенбаевых” Кайрымдуулук фондунун тɵрагасы;
-Эшенов Элчибек Акматбекович - “Адилеттүү келечек” Коомдук фонддун жергиликтүү менеджери;
-Усупбеков Калыс Дамирбекович – “Общество Карнелиуса” Коомдук фонддун мүчөсү;
-Лавринович Ольга Викторовна - “Общество Карнелиуса” Коомдук фонддун төрайымы;
-Киртенов Жамангул Камчибекович - “Жетинчи апрелдин Баатырлары” Коомдук бирикмесинин мүчөсү;
-Насеков Айбек Рыспекович - “Токмок Жаштар кеңеши” Коомдук бирикмесинин төрагасы.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, экономика,бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок шаарынын биринчи вице-мэри К.К.Чотбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |