Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 16-июлундагы № 296                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                                           Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарында              кызмат өтөо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу                                      Кыргыз  Республикасынын Президентинин милдетин  аткаруучунун  2005-жылдын 14-апрелиндеги № 103 «Финансылык системанын башкаруу органдарынкайра уюштуруу жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат:      1.  Кыргыз  Республикасынын финансылык полиция органдарында  кызматөтеө жонүндө тиркелген жобо бекитилсин.      2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12«Аскер  кызматкерлерине, ички иштер органдарынын,  финансылык  полицияоргандарынын,  жазык-аткаруу системасынын  катардагы  жана  жетекчиликкурамдагы   адамдарына  жана  алардын  үй-бүлөсүнө  иштеген   жылдарынэсептөөнүн,  пенсия  жана пособие дайындоонун  жана  төлөөнүн  тартибижөнүндө   жобону  бекитүү  тууралуу»  токтомуна  төмөнкүдөй   өзгөртүүкиргизилсин:      -  3-пунктта  «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине»  дегенсөздөр  «Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык  полициябашкармасына» деген сөздөргө алмаштырылсын;      3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12«Аскер  кызматкерлерине, ички иштер органдарынын,  финансылык  полицияоргандарынын,  жазык-аткаруу системасынын  катардагы  жана  жетекчиликкурамдагы   адамдарына  жана  алардын  үй-бүлөсүнө  иштеген   жылдарынэсептөөнүн,  пенсия  жана пособие дайындоонун  жана  төлөөнүн  тартибижөнүндө жобого» төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:      -   8-пункттун   «б»  пунктчасынын  экинчи  абзацысындагы   «КыргызРеспубликасынын    Финансы   министринин»   деген    сөздөр    «КыргызРеспубликасынын  Өкмөтүнө  караштуу Финансылык  полиция  башкармасынындиректорунун» деген сөздергө алмаштырылсын;   -  19-пункттун биринчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын  Финансыминистрлигинин» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууФинансылык полиция башкармасынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;   -  20-пункттун жетинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын  Финансыминистрлиги  тарабынан» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнөкараштуу  Финансылык  полиция  башкармасы  тарабынан»  деген  сөздөргөалмаштырылсын;   -  22-пунктта «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине»  дегенсөздөр  «Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык  полициябашкармасына» деген сөздөргө алмаштырылсын;   -  жогоруда  аталган  токтомдун  № 4 тиркемесинин  3-пунктунун  «г»пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:   «  -  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык  полициябашкармасынын  оперативдүү издөө бөлүмүнүн Ички иштер министрлигиндегижана Улуттук коопсуздук кызматындагы ушундай кызматтардагы календардыкэсептөөдө    5   жылдан   ашык   иштеген   жылдарын   эсептөө    мененаттестацияланган курамына;».      4.  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-апрелиндеги  №182  «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу финансылыкполиция  органдарында  кызмат өтөө жөнүндө  Убактылуу  жобону  бекитүүтууралуу» токтому күчүн жоготту деп табылсын;      5.  Бул  токтомдун  аткарылышын контролдоо  Кыргыз  РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.         Биринчи вицне-премьер-министрдин          милдетин аткаруучу                                Ф.Кулов