КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-июну № 305
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарынын ишине тийиштүү ченемдик укуктук актыларды тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын маселелери" жөнүндө токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 "Аскер кызматкерлерине, ички иштер, финансылык полиция, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункттагы "Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
- аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматкерлерине, ички иштер, финансылык полиция, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-пункттун "г" пунктчасындагы он биринчи жана он жетинчи абзацтар "Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу" деген сөздөр менен толукталсын;
Жобонун 4-тиркемесинин 3-пунктунун "г" пунктчасында "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 "Аскердик, атайын жана ведомстволук форма кийимди кийүүнү тартипке салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктундагы "министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун" деген сөздөр "мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кызматкерлери кийимдин аскердик, атайын жана ведомстволук формаларын кийип жүрүүгө укуктуу министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун убактылуу тизмесинде:
аталышындагы "министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун" деген сөздөр "мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 10-декабрындагы № 678 "Салык мыйзамдарын сактоо жана бул чөйрөдөгү тартип бузууларга каршы күрөшүү маселеси боюнча кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин ортосундагы Макулдашууну бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пунктта "Финансы министрлигине караштуу Финансы полициясы башкармалыгы" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 8-декабрындагы № 670 "Жалган товардык белгилерди жана географиялык көрсөткүчтөрдү пайдаланууну алдын ала эскертүү жана тыюу салуу боюнча чаралар жөнүндөгү Макулдашууну бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктундагы "Финансылык полиция кызматына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18-августундагы № 460 "Иштеген убакыт Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун (областтык, Бишкек шаардык, райондук, шаардык соттордун, областтардын жана Бишкек, Ош шаарларынын экономикалык иштер боюнча сотторунун) судьясынын кызмат ордуна кандидаттардын адистик боюнча стажысына эсептелчү кызмат орундарынын Тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Иштеген убакыт Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун (областтык, Бишкек шаардык, райондук, шаардык соттордун, областтардын жана Бишкек, Ош шаарларынын экономикалык иштер боюнча сотторунун) судьясынын кызмат ордуна кандидаттардын адистик боюнча стажысына эсептелчү кызмат орундарынын тизмесинде "Финансылык полиция кызматынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 12-апрелиндеги № 168 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык полиция башкармасынын Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталышында жана экинчи абзацындагы "Финансы министрлигине караштуу Финансылык полиция башкармасынын" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык полиция башкармалыгынын Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө жободо:
1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 3-мартындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык полиция башкармалыгынын маселелери жөнүндө" токтомуна" деген сөздөр алып салынсын;
бүткүл текст боюнча "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы полициясы башкармалыгы" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесинде:
"Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-февралындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын туусунун баяндамасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышында жана бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын туусунун баяндамасында:
аталышында жана бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-октябрындагы № 798 "Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын толук бюджеттик каржылоого этабы менен өтүшү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Толук бюджеттик каржылоого өткөрүлүүчү министрликтер менен ведомстволордун тизмесинде:
"Финансы полициясынын башкармалыгы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июнундагы № 434 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын кызматкерлерине азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсациянын нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышында жана бүткүл текст боюнча "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-апрелиндеги № 247 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция башкармасынын жетекчи жана катардагы курамдагы кызматкерлери үчүн кызматтык кийимди кийип жүрүүнүн эрежесин, берүүнүн нормаларын жана кийип жүрүү мөөнөттөрүн, айырмалоо белгилеринин сүрөттөмөсүн, мундирдин предметтеринин, бут кийиминин жана жабдыктарынын сыпаттамасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пунктта "Финансылык полиция кызматына" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамында:
"Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-декабрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Республикасынын Финансы полиция кызматынын ортосундагы өз ара маалымат алмашуу жана кызматташуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана 1-пунктта "Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Республикасынын Финансы полиция кызматынын ортосундагы өз ара маалымат алмашуу жана кызматташуу жөнүндө жободо:
аталышында жана бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Финансылык полиция кызматынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-сентябрындагы № 458 "2005-жылдын 3-июнунда Тбилиси шаарында кол коюлган Салык кылмышына каршы күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункттагы "Финансы полициясы башкармалыгына" деген сөздөр "Финансылык полиция мамлекеттик кызматына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы № 876 "Кыргыз Республикасынын спирт жана алкоголь өнөр жайында түзүлгөн оор кырдаалды жоюу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 17-пунктта "Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 756 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесинде:
1-пунктта "Финансылык полиция кызматынын" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-декабрындагы № 575 "Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагынын сыйымдуулугун пайдалануу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагына кошулуу укугу берилген абоненттердин тизмесинде:
- "Финансылык полициянын" деген сөздөр "Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 365 "Мамлекеттик статистика органдарынан статистикалык маалыматты акысыз алууга укугу бар пайдалануучулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик статистика органдарынан статистикалык маалыматты акысыз алууга укугу бар пайдалануучулардын тизмесинде:
"Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын республикалык бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерине өбөлгө түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктта "Финансылык полиция кызматына" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 610 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылуучу регенерациялануучу кагазга жана картонго (макулатурага жана таштандыларга) ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пунктта "Финансылык полиция кызматына" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
21. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери" жөнүндө токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарынын Тартиптик уставын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 15-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 517 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 12-январындагы № 6 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 3-июлундагы № 224 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 12-октябрындагы № 303 буйругу.
22. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
|
|