Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 12-январы № 23

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 23-октябрындагы № 526 "Кыргыз Республикасынын Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн адистерди даярдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- преамбуладагы жана 1-пункттагы ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2, 4 жана 7-пункттардагы ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 "Аскер кызматкерлерине, ички иштер, финансылык полиция, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышындагы жана 1-пункттагы "ички иштер" деген сөздөр "ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматкерлерине, ички иштер, финансылык полиция, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жободо:

аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "ички иштер органдары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын, буга 1-пункттун бешинчи абзацы, 2-пункттун экинчи абзацы кирбейт;

бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги", "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги", "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы", "Кыргыз Республикасынын ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы", "Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "улуттук коопсуздук комитети" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "коргоо министри", "ички иштер министри", "улуттук коопсуздук министри", "өзгөчө кырдаалдар министри" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси", "ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси", "улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси", "өзгөчө кырдаалдар маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Улуттук гвардия" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

1-пункттун он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- Кыргыз Республикасынын ички иштер, өзгөчө кырдаалдар маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кесиптик өрт өчүрүүчү кызматында, өрттү алдын алуу жана өчүрүү менен байланышкан кызмат орундарында иштеген мезгилде;";

2-пункттун экинчи абзацындагы "жетекчилик" деген сөздөн мурдагы "ички иштер органдарынын" деген сөздөр "ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-декабрындагы № 756 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлигинин туусунун сүрөттөлүшүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышындагы жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Улуттук коопсуздук министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пункттагы "министрликке" деген сөз "улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлигинин туусунун сүрөттөлүшүндө:

аталышындагы жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Улуттук коопсуздук министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 12-ноябрындагы № 619 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлигинин Жогорку курсуна А.К.Бакаевдин ысмын ыйгаруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталышындагы жана экинчи абзацтагы "Улуттук коопсуздук министрлигинин" деген сөздөр "улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 639 "Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө жободо:

5-пункттун жетинчи абзацындагы "Ички иштер министрлигинин" деген сөздөр "ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

8-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"8. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички аскерлеринин аскер кызматчыларына, Кыргыз Республикасынын ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын окуу жайларынын жетекчилик жана катардагы курамына, курсанттарына жана угуучуларына, ошондой эле өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдарда милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларына жана куткаруучуларына колдонулат.".

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-июлундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Материалдык колдоо жана социалдык өнүктүрүү фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышындагы жана бүткүл текст боюнча "Улуттук коопсуздук кызматынын" деген сөздөр "улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Материалдык колдоо жана социалдык өнүктүрүү фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө жободо:

аталышындагы жана бүткүл текст боюнча "Улуттук коопсуздук кызматынын" деген сөздөр "улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3.2-пункттагы "Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын" деген сөздөр "улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-августундагы № 515 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын жарандык персоналынын кызмат акыларын көтөрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышындагы жана 1-пункттагы "Улуттук коопсуздук кызматынын" деген сөздөр "улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 95 "Алардын террористтик жана/же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын тизмегин түзүү жана аны маалымат берүүчү жактарга жеткирүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2 жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Алардын террористтик жана/же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын тизмегин (мындан ары - Тизмек) түзүү үчүн негиз болуп эсептелген жана 1997-жылдын 1-январынан башталган мезгилге тиешелүү болгон маалыматтарды Кыргыз Республикасынын ички иштер, улуттук коопсуздук, тышкы иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча) терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап эки айдын ичинде жиберишет;

- терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул токтомдун 2-пунктунун экинчи абзацында аталган мөөнөт аяктагандан кийин, бирок бул мөөнөт аяктагандан кийин 15 күндөн кеч эмес мезгилде, алынган маалыматтардын негизинде Тизмекти түзөт жана бекитет.

3. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.";

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Алардын террористтик жана/же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын тизмегин түзүү жана аны маалымат берүүчү жактарга жеткирүү тартиби жөнүндө жободо:

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"3. Ушул Жобонун 4-пунктунда каралган негиздер бар болсо, Кыргыз Республикасынын ички иштер, улуттук коопсуздук, тышкы иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча) тизмекке киргизүү үчүн негиздердин пайда болгондугу жөнүндө маалыматты алган күндөн баштап үч жумушчу күндөн кеч эмес мезгилде тиешелүү маалыматтарды, аларды ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - Финансылык чалгындоо) жашырындуулук эрежелерин сактоо менен колмо-кол же почталык жөнөтүү менен жиберет.".

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-июнундагы № 369 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкеринин күнүн белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталышындагы жана экинчи абзацтагы "кызматынын" деген сөз "органынын" деген сөз менен алмаштырылсын.

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктта:

сегизинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чегара кызматынын" деген сөздөр "чек ара кызматынын органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

тогузунчу абзацтагы "Мамлекеттик күзөт кызматынын" деген сөздөр "мамлекеттик күзөт органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 13-июлундагы № 486 "Аскердик кызматтан качуу менен күрөшүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 8-пункттагы "Мамлекеттик күзөт кызматы" деген сөздөр "мамлекеттик күзөт органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов