Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 96 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2004-жылдын 13-октябры ПЖ № 353
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде жана Мамлекеттик башкаруудагы структуралык өзгөрүүлөр үчүн программалык кредиттин (GSАС) жана Мамлекеттик башкарууга техникалык жардамга кредиттин (GТАС) шарттарын аткаруу милдеттерине байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын Чет өлкөлүк инвестициялар жана экономикалык жардам боюнча мамлекеттик комиссиясы (Маминвесткому) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-апрелиндеги № 115 Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пунктта:
бешинчи абзац "Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;" деген сөздөрдөн кийин ", транспорт жана коммуникациялар министри;" деген сөздөр менен толукталсын;
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин;
"социалдык маселелерге кураторлук кылган вице-премьер-министр,";
онунчу абзацта "жана тике инвестицияларды тартуу" деген сөздөр алып салынсын;
он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"экономикалык өнүктүрүү, өнөржай жана соода министри;";
он бешинчи абзацта "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы Бишкек шаарынын мэри." деген сөздөр "Бишкек шаарынын мэри жана Ош шаарынын мэри." деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктта:
экинчи абзацта "тартуу жана" деген сөздөр алып салынсын;
үчүнчү-алтынчы абзацтар алып салынсын:
- аталган Указ менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Чет өлкөлүк инвестициялар жана экономикалык жардам боюнча мамлекеттик комиссиясы (Маминвесткому) жөнүндө Жободо:
- 2-пунктта:
төртүнчү абзац "Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;" деген сөздөрдөн кийин ", транспорт жана коммуникациялар министри;" деген сөздөр менен толукталсын;
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"социалдык маселелерге кураторлук кылган вице-премьер-министр;";
тогузунчу абзацта "жана тике инвестицияларды тартуу" деген сөздөр алып салынсын;
онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"экономикалык өнүктүрүү, өнөржай жана соода министри;";
он төртүнчү абзацга "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы Бишкек шаарынын мэри." деген сөздөр "Бишкек шаарынын мэри жана Ош шаарынын мэри." деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пунктта:
экинчи абзацта "тартуу жана" деген сөздөр алып салынсын;
үчүнчү-алтынчы абзацтар алып салынсын;
- 8-пунктта:
экинчи, үчүнчү, бешинчи жана он экинчи абзацтар алып салынсын;
- IV бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"IV. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөржай жана соода министрлигинин компетенциялары,";
- 9-пунктта "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөржай жана соода министрлиги," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пункттун экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү, өнөржай жана соода министри," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пунктта "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөржай жана соода министрлиги," деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 15-ноябрындагы № 332 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык саясат боюнча Кеңеш жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
"Жалпы жоболор" деген I бөлүмдүн биринчи абзацы "экономикалык" деген сөздөн кийин "жана бюджеттик" деген сөздөр менен толукталсын;
"Экономикалык саясат боюнча Кеңештин максаттары жана милдеттери" деген II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- финансылык мамлекеттик пландаштырууну жана бюджеттин аткарылышына контролдук кылууну жүзөгө ашырууга көмөктөшүү;
- учурдагы жана келечектеги мамлекеттик чыгымдардын саясатындагы артыкчылыктарды аныктоо;
- бюджеттик саясаттын фискалдык туруктуулук, ресурстарды натыйжалуу бөлүштүрүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу берүү менен макулдашылгандыгын камсыз кылуу;
- учурдагы жана инвестициялык мамлекеттик чыгымдар саясатында артыкчылыктарды аныктоо.";
- "Кеңештин функциялары" III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- кийин тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн чыгымдарды кыскартуу программалары боюнча маалыматтарды өзүнө камтыган бюджеттик баяндоолорду жүргүзүү;
- бюджеттин долбоорун даярдоо менен байланышкан маселелерди карап чыгуу жана кийинки финансылык жылга бюджеттин структурасын макулдашуу;
- бюджеттин орточо мөөнөттүү болжолун бекитүү;
- бюджеттин кирешелерин көбөйтүү же азайтуу боюнча маселелерди карап чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги менен бериле турган чет өлкөлүк инвестицияларды, ошондой эле экономикалык жардамды жана тике чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана пайдалануу артыкчылыктарын аныктоо;
- тышкы карыз алуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиктерин берүү менен байланышкан маселелерди карап чыгуу;
- эларалык уюмдар, финансылык институттар, донор өлкөлөр менен бирдикте иштелип чыгуучу тышкы жардамды тартуунун узак мөөнөттүү, орточо мөөнөттүү жана жылдык программаларын, ошондой эле мамлекеттик инвестициялардын программаларын карап чыгуу жана жактыруу;
- эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү стратегиясын аныктоо жана алардын ишин координациялоонун жана контролдоонун натыйжалуу системасын камсыз кылуу.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А.Акаев |