Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2019-жылдын 11-июну № 194
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-октябрындагы №730 “Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомунун негизинде жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин талаптарына ылайык, Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүнүн жана штаттык санынын долбоорлорун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери” боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 29 майындагы № 7 токтомун эске алып, Ош шаардык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмү жана штаттык саны № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме №1).
2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-майындагы №234 “Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппараты жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтому жана Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы №310 “Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин иштери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Раимбердиев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |
Ош шаардык Кеңешинин 11.06.2019-ж.
№194 Токтомдун № _1_ тиркемеси
Ош шаардык Кеңешинин Аппаратынын
түзүмү
Ош шаардык Кеңешинин
Аппарат жетекчисинин м.а. К. Камчиев