Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-октябры № 116
Бишкек шаарындагы аянтка Турдакун Усубалиевич Усубалиевдин атын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө", Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 2-февралындагы № 19 "Т.Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык, 2018-жылдын 28-ноябрындагы Бишкек шаарынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиясынын жыйынынын № 3 протоколун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-мартындагы № 45-б буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынынын протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турдакун Усубалиевич Усубалиевдин аты Бишкек шаарында Орозбеков-Раззаков көчөлөрүнүн чектеринде жайгашкан аянтка (Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн имаратынын маңдайы) тиркелген чиймеге ылайык ыйгарылсын.
2. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы, "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом 2020-жылдын октябрь айынан тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж. Абиров |
Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 116 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиевич Усубалиевдин аты ыйгарылуучу аянттын ЧИЙМЕСИ
N
Бишкек
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси | М. Дж. Алымбеков |