Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 31-январы ПЖ № 18
"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы жөнүндө
"Манас" эпосун, жалпысынан кыргыздардын эпикалык маданиятын, Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөө максатында;
кыргыз тили, байыркы жана соңку тарыхтын бай маданий мурасы азыркы учурда жана келечекте кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүнүн руханий негизин түзүп, өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоо ишинде адеп-ахлактын өзөгү жана карманган жолу болушу керектигин түшүнүп;
БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1995-жылдын 17-февралындагы "Манас" кыргыз улуттук эпосунун миң жылдыгын майрамдоо жөнүндө" 49/129-Резолюциясына ылайык кыргыздардын "Манас" эпосу Кыргызстан элинин гана эмес, бүткүл адамзаттын да руханий жана тарыхый-маданий дөөлөтүнүн бир бөлүгү болуп таанылгандыгын көңүлгө алып;
"Манас. Семетей. Сейтек" эпикалык үчилтиги ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын репрезентативдүү тизмесине кирген фактысын, ошондой эле 2018-жылдагы Ысык-Көл эл аралык форумунун катышуучуларынын дүйнөлүк лидерлерге, мамлекет башчыларына, коомдук ишмерлерге, илим, маданият жана искусство ишмерлерине кайрылуусун эске алып;
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин, "Париж шаарында 2003-жылдын 17-октябрында ЮНЕСКОнун Башкы конференциясы тарабынан кабыл алынган материалдык эмес маданий мурасты коргоо жөнүндө Эл аралык конвенцияны ратификациялоо тууралу", "Манас" эпосу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө", "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 20-апрелиндеги № 81 "Ч.Т.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
1) "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясын (мындан ары - Академия) "улуттук" деген статусту берүү менен түзсүн;
2) Академиянын ишинде төмөнкүлөр каралсын:
- "Манас" эпосунда, кыргыз элдик эпикалык маданиятында, Ч.Т.Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган көөнөрбөс руханий, адеп-ахлактык жана этикалык баалуулуктарды жайылтууга жана популярдаштырууга, илимий, техникалык жана искусство таануучулук изилдөөлөргө көмөк көрсөтүү;
- илимий-практикалык, илимий-техникалык конференцияларды, долбоорлорду, конкурстарды, симпозиумдарды жана башка иш-чараларды, анын ичинде эл аралык иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү жана аларга катышуу;
- илимий-изилдөө, илимий-популярдуу эмгектерди, мезгилдүү жана сериялык тематикалуу басылмаларды чыгаруу, аудио-визуалдык, окутуучу-агартуучу, таанып билүүчү материалдарды даярдоо;
- эл аралык гуманитардык комплекстүү программаларды ишке ашырууга багытталган сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу максатында дүйнөлүк маданияттын ишмерлеринин диалогдору жана жолугушуулары өтүүчү аянтча катары Ысык-Көл эл аралык форумунун ишин камсыз кылуу;
- улуттук жана дүйнөлүк адабияттын казынасынын ажырагыс бөлүгү катары "Манас" эпосун, кыргыз элинин башка эпикалык жана руханий мурасын, ошондой эле Ч.Т.Айтматовдун чыгармаларын жергиликтүү, улуттук жана эл аралык деңгээлдерде жайылтуу боюнча чыгармачыл бирликтердин, жарандык коомдун башка уюмдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын демилгелерин колдоо;
3) иш-чаралардын тематикалуу комплекстүү планын илимий-изилдөө, агартуу, маалыматтык-коммуникациялык иштин негизинде иштеп чыксын жана ишке ашырылышын камсыз кылсын.
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 5-февралындагы N 8 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |