Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2021-жылдын 28-июлундагы ПЖ № 319
Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 7-марты ПЖ № 35
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы № 365 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жөнүндө жободо:
мамлекеттик тилдеги текстинде:
7-пунктунун он бешинчи абзацындагы "өзүн-өзү" деген сөздөр "өз алдынча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8-пунктунун үчүнчү абзацы "мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн" деген сөздөрдөн кийин "жана тил саясатын өркүндөтүүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;
11-пунктунун он үчүнчү абзацы "фондусунун чегинде" деген сөздөрдөн кийин "Улуттук комиссиянын" деген сөздөр менен толукталсын;
13-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"13. Улуттук комиссиянын алдында оперативдүү башкаруу укугунда ишин жүргүзгөн Окуу-маалымат борбору жана "Кыргыз тили" гезитинин редакциясы иштейт.";
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкаруу схемасындагы "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы" деген позициясы алып салынсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы кеңешме органдын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы" мекемесин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын карамагына өткөрүп берүү максатка ылайыктуу деп эсептелсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы" мекемесинин финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын өзүнүн карамагына кабыл алуу;
- "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы" мекемесин кайра каттоодон өткөрүү.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы № 18 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Жээнбеков |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы кеңешме органдын КУРАМЫ
Ишекеев Назаркул | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, кеңешме органдын төрагасы; |
Жаманкулов Азамат Капарович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри; |
Абдысадыр уулу Азат | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясынын актыларды чыгаруу секторунун башчысы; |
Усеков Уланбек Абдилазизович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Тажиматов Санжарбек Камбарович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Акматалиев Абдылдажан Амантурович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик (макулдашуу боюнча); |
Мусаев Сыртбай Жолдошевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссиянын төрагасы, профессор; |
Рысбаев Сулайман Казыбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүү академиясынын лаборатория башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор; |
Мусаев Айбек Ырсалиевич | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Дербишева Замира Касымбековна | - | "Манас" атындагы Кыргыз-Түрк университетинин Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун директорунун орун басары, филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Биялиев Кутман Абакович | - | Россия Федерациясынын Биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) университетинин кыргыз тили кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Дюшеева Гульмира Самтыевна | - | "Тил Клаб" кыргыз тили борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Курбанов Райымжан Рахманович | - | "Кыргыз тили" коому" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); |
Сааданбеков Чоробек Идирисович | - | "Биздин мурас" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча); |
Култаева Үмүт Баймуратовна | - | филология илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча). |