Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 8-майындагы ПЖ № 146 Жарлыгына ылайык КОЛДОНУЛУШУ ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 30-октябры ПЖ № 145
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүнө, 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы, 1-2-пункттарындагы "Ички аскерлери" жана "Ички аскерлерди" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Ички коопсуздуктун аскер кызматы" жана "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздуктун аскер кызматын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 1-ноябрында N 91 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |