Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 521 Жарлыгына) |
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн региондук кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө конкурс өткөрүү, аны түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы ПЖ № 321, 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173, 2023-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ № 241 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Көңүл буруңуздар! Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173 Жарлыгы менен киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык аталышы расмий тилде.
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн региондук кадрлар резервине (мындан ары - региондук резерв) талапкерлерди киргизүүгө конкурс өткөрүү, аны түзүү жана иштөө тартибин аныктайт.
2. Региондук резерв - жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервдегилердин) тобу.
3. Региондук резервди түзүүнүн максаты - жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана башчыларынын орун басарларынын бош кызмат орундарына квалификациялуу жана келечектүү башкаруучу кадрларды өз убагында дайындоо.
2. Региондук резервди түзүү жана анын иштөө тартиби
4. Региондук резервге төмөнкү адамдардын ичинен тандоо жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын улуттук кадрлар резервинде (мындан ары - Улуттук резерв) тургандардын;
- квалификациялык талаптарга шайкеш келген Кыргыз Республикасынын башка жарандарынын.
5. Чет мамлекеттин жарандыгы бар жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына мыйзамдарда белгиленген талаптарга шайкеш келбеген адамдар региондук резервге талапкер боло албайт.
6. Региондук резервге киргизүүгө конкурсту өткөрүү үчүн конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт, анын сандык жана жеке курамын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жетекчиси бекитет.
7. Региондук резервге тандоо боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси, комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү, комиссиянын төрагасынын орун басары;
- мамлекеттик органдардын жетекчилери (же жетекчинин орун басарлары) (үчтөн ашык эмес);
- мамлекеттик же муниципалдык кызматтын ардагери (макулдашуу боюнча);
- жарандык коомдун же эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча эки адамдан көп эмес);
- ыйгарым укуктуу органдын өкүлү, комиссиянын катчысы.
8. Региондук резервге киргизүүгө конкурс ыйгарым укуктуу орган тарабынан жарыяланат жана өткөрүлөт.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү комиссия тарабынан аныкталат жана конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун текстинде көрсөтүлөт.
(КР Президентинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы ПЖ № 321 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
9. Ыйгарым укуктуу орган региондук резервге конкурс өткөрүү жөнүндө тиешелүү актыны чыгаргандан кийин эки жумуш күндүн ичинде бул маалыматты өзүнүн ведомстволук веб-сайтында жайгаштырат.
10. Тандоого катышууга каалоосун билдирген адамдар кулактандырууда көрсөтүлгөн дарек боюнча комиссиянын төрагасынын атына арызды жана документтерди берет.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
- жеке арыз;
- конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандырууга тиркелген форма боюнча резюме;
- негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
- туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.
11. Ыйгарым укуктуу орган:
- документтерди кабыл алат;
- Улуттук резервде турган адамдарды кошпогондо, конкурстун катышуучуларын тестирлөөдөн өткөрүүнү уюштурат;
- документтерди кабыл алгандан кийин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине (талапкердин соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн) жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна (иштеген мезгилдери жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн), анын ичинде ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу суроо-талаптарды жөнөтөт. Суроо-талаптардын жыйынтыктары талапкердин өздүк ишине тиркелет.
12. Ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү бөлүмү берилген документтерди карап чыгат жана белгиленген талаптарга ылайык келген талапкерлерди тестирлөөгө, ал эми Улуттук резервде турган адамдар үчүн аңгемелешүүгө урyксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат. Талаш учурлар боюнча документтер конкурстук комиссия тарабынан каралат, ал талапкерлерге уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
(КР Президентинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы ПЖ № 321 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
13. Улуттук резервде турбаган, региондук резервге тандоого катышууга каалоосун билдирген адамдар ыйгарым укуктуу органда компьютердик тестирлөөдөн өтөт.
Компьютердик тестирлөөнүн этаптары төмөнкүдөй бөлүнөт:
1) жаппы мыйзамдарды билүү;
2) талапкердин кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аныктоо.
Жалпы мыйзамдарды билүүсүн компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө баллдын жалпы санынан 60%дан төмөн эмес балл алган талапкерлер, талапкердин кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аныктоо үчүн компьютердик тестирлөө этабына киргизилет.
Тесттик тапшырмалардын саны, тесттик тапшырмаларга киргизилген ченемдик укуктук актылардын тизмеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
Кесиптик маанилүү жеке сапаттарды аныктоо үчүн компьютердик тестирлөөдө босоголук барьер белгиленбейт.
Тестирлөөнүн жыйынтыктары протокол менен таризделет жана комиссиянын катчысына берилет.
Кесиптик маанилүү жеке сапаттарды аныктоо үчүн компьютердик тестирлөөдөн өткөндөн кийин талапкерлер аңгемелешүүгө киргизилет.
14. Аңгемелешүү комиссия тарабынан өткөрүлөт.
Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия талапкерди региондук резервге киргизүүгө сунуштоо же анын талапкерлигин четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссиянын ар бир мүчөсү талапкерди региондук резервдин курамына сунуштоого "макул" же "каршы" деп гана добуш берет.
Комиссиянын чечими жыйналышка катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Талапкер добуштардын бирдей санын алган учурда, комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Талапкер региондук резервге киргизүү үчүн сунушталбаган учурда, ал жалпы негиздерде региондук резервге кирүү үчүн кийинки конкурстук тандоого катышууга укуктуу.
Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага анын курамынын жарымынан кем эмеси катышса укуктуу болуп эсептелет.
(Абзац Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча жыйналыш аралыктан (онлайн режимде) өткөрүлүшү мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы ПЖ № 321, 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
15. Региондук резервге киргизүүгө конкурстук тандоонун жыйынтыктары протокол менен таризделет, ага комиссиянын төрагасы жана жыйналышка катышкан мүчөлөрү кол коюшат.
Региондук резерв түзүлүүчү форма ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
Конкурстук комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
16. Региондук резервдин курамы жана түзүмү комиссиянын сунушу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет жана ыйгарым укуктуу органдын веб-сайтына жайгаштырылат.
17. Региондук резервди түзүү жана анын иштөөсү боюнча ушул Жобо менен жөнгө салынбаган маселелер ыйгарым укуктуу орган тарабынан мыйзамдарга жана ушул Жобого каршы келбеген бөлүгүндө аныкталат.
18. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы региондук резервде турган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары (орун басарлары) региондук резервде турган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультациясы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушунун негизинде региондук резервде турбаган жана мыйзамдарда каралган квалификациялык талаптарга шайкеш келген адамдар дайындалышы мүмкүн, алар кийин дайындалган күндөн тартып 3 айдын ичинде белгиленген тартипте региондук резервге киргизилет.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын биринчи орун басарынын (орун басарынын) кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультациясы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын сунушунун негизинде региондук резервде турбаган жана мыйзамдарда каралган квалификациялык талаптарга шайкеш келген адамдар дайындалышы мүмкүн, алар кийин дайындалган күндөн тартып 3 айдын ичинде белгиленген тартипте региондук резервге киргизилет.
3. Региондук резервден чыгаруунун тартиби
19. Резервдеги адамдын региондук резервде туруу мөөнөтү ал региондук резервге киргизилген күндөн тартып үч жылды түзөт.
Региондук резервде турган адам төмөнкү учурларда анын курамынан белгиленген мөөнөткө чейин чыгарылат:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;
- соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылганда;
- соттун айыптоочу өкүмү менен кызматчы катары иштөөгө же мамлекеттик кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынганда;
- белгиленген талаптарга ылайык келбөө фактысы аныкталганда же билип туруп анык эмес же толук эмес маалыматтар берилгенде;
- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана/же ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда атайын текшерүүдөн өтпөгөндүгү жөнүндө маалыматтарды алуу;
- дайындоо үчүн региондук жана муниципалдык кадрлардын резервдери түзүлүүчү бош кызмат орундарынын ичинен каалаганын ээлөө;
- жеке арызын бергенде;
- адам каза болгон учурда.
(КР Президентинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы ПЖ № 321, 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173, 2023-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ № 241 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
20. Региондук резервдин курамынан чыгаруу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен таризделет.
Ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин тиешелүү буйругу ушул Жобонун 19-пунктунда каралган негиздерди ырастаган документтер же маалыматтар ыйгарым укуктуу органга келип түшкөн датадан тартып беш жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө кабыл алынат.
(КР Президентинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ № 241 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
21. Региондук резервден чыгаруу жөнүндө чечим мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.