Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 26-сентябры ПЖ № 241
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 "Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Региондук жана муниципалдык кадрлар резервин түзүү маселелерин тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 "Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн региондук кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө конкурс өткөрүү, аны түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө жободо:
- 19-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи, сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана/же ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда атайын текшерүүдөн өтпөгөндүгү жөнүндө маалыматтарды алуу;
- дайындоо үчүн региондук жана муниципалдык кадрлардын резервдери түзүлүүчү бош кызмат орундарынын ичинен каалаганын ээлөө;";
- 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин тиешелүү буйругу ушул Жобонун 19-пунктунда каралган негиздерди ырастаган документтер же маалыматтар ыйгарым укуктуу органга келип түшкөн датадан тартып беш жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө кабыл алынат.";
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө конкурс өткөрүү, аны түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө жободо:
- 23-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи, сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана/же ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда атайын текшерүүдөн өтпөгөндүгү жөнүндө маалыматтарды алуу;
- дайындоо үчүн региондук жана муниципалдык кадрлардын резервдери түзүлүүчү бош кызмат орундарынын ичинен каалаганын ээлөө;";
- 24-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин тиешелүү буйругу ушул Жобонун 23-пунктунда каралган негиздерди ырастаган документтер же маалыматтар ыйгарым укуктуу органга келип түшкөн датадан тартып беш жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө кабыл алынат.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 78 (3527) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |