Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 6-апрели ПЖ № 105
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө жободо:
- 4-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн (мындан ары - бөлүм) башчысы кызмат орду боюнча Кеңештин катчысы болуп эсептелет.";
- 8-пунктунун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин КУРАМЫ
Кеңештин Төрагасы:
- Кыргыз Республикасынын Президенти;
Кеңештин мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, Кеңештин катчысы;
- Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын профессору, юридика илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);
- "Адилет" укуктук клиникасынын директору (макулдашуу боюнча).