Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №218
Ош шаардык кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-октябрындагы №730 “Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык, Ош шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык кеңешинин аппаратынын түзүмү 1-тиркемеге жана штаттык санына 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 11-июнундагы №194 “Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси К.Камчиевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |
| 2019-жылдын 25 -декабрындагы кезектеги ХХIV сессиясынын №218 токтомунун 2-тиркеме
|
Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын аппаратынын штаттык саны
№ | Кызматтык орундардын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
Саясий муниципалдык кызматкерлер | ||
1. | Төрага | 1 |
2. | Төраганын орун басары | 1 |
3. | *Туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы | 2 |
Бардыгы: | 4 | |
Административдик муниципалдык кызматкерлер | ||
1. | Аппарат жетекчиси | 1 |
2. | Бөлүм башчы | 3 |
3. | Башкы адис | 5 |
4. | Жетектөөчү адис | 5 |
5. | Адис | 1 |
Бардыгы: | 15 | |
Техникалык тейлөө персоналы | ||
1. | Башкы эсепчи | 1 |
2. | Кабылдаманын катчысы | 1 |
3. | Чарба башчысы | 1 |
4 | Инженер-программист | 1 |
Бардыгы: | 4 | |
Кичи тейлөө персоналы | ||
1. | Тазалоочу | 1 |
Бардыгы: | 1 | |
ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 24 |
Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 13-беренесине ылайык шаардык Кеңештин чечими боюнча туруктуу комиссиялардын экиден ашпаган төрагалары өз ишмердүүлүгүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзө алышат. Акы төлөнүүчү төрагалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, башка акы төлөнүүчү кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси | К.Камчиев
|