Загрузка документа…
КР Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 18-октябры ПЖ № 351
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана андан ары регламенттөө максатында, ошондой эле "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына өткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жободо:
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Иш башкармасынын түзүмү жана штаттык ырааттамасы Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу (мындан ары - иш башкаруучу) тарабынан бекитилет.";
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Иш башкармасы белгиленген компетенциянын чегинде эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.";
-11-пункту:
төмөнкүдөй мазмундагы 9, 10-пунктчалар менен толукталсын:
"9) Кыргыз Республикасында жайгашкан жана өзүнүн ишин жүргүзгөн чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын (алардын өкүлчүлүктөрүнүн) талаптагыдай иштеши үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүү менен байланышкан маселелердин комплексин чечүү жана чараларды жүзөгө ашыруу;
10) чет өлкөлөрдө жайгашкан жана өзүнүн ишин жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин ишин тейлөө жана камсыз кылуу.";
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Чет өлкөлөрдө жайгашкан жана өзүнүн ишин жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасында жайгашкан чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын (алардын өкүлчүлүктөрүнүн) ишин камсыз кылуу менен байланышкан милдеттерди Иш башкармасы тиешелүү ведомстволук уюм аркылуу жүзөгө ашырат.";
- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 24-27-пунктчалар менен толукталсын:
"24) чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдү жайгаштыруу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык кызмат органдарын жайгаштыруу (пайдалануу) үчүн имараттарды/жайларды жана объекттерди куруу, тейлөө, реконструкциялоо, реставрациялоо жана капиталдык оңдоо боюнча жумуштарды, ошондой эле заказчынын жана/же подрядчынын функцияларын аткарат;
25) Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары жана башка уюмдары менен биргеликте чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдү сервистик тейлөөнү координациялайт;
26) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана тиешелүү чет мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү курууну, сатып алууну, эксплуатациялоону жана ээликтен ажыратууну уюштурат;
27) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарын жана алардын кызматкерлерин материалдык-техникалык камсыздоону (анын ичинде турак жана турак эмес жайларды тандоо жана/же ижаралоо, автотранспорт каражаттарын сатуу, тейлөө, эсептен чыгаруу жана сатып алуу, жабдууларды сатып алуу ж.у.с.) уюштурат.";
- 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 22-пунктча менен толукталсын:
"22) чарбалык коомдордо акцияларды (үлүштөрдү) кармоочу катары чыгууга.";
- 20-пунктундагы "Президентинин Администрациясынын Жетекчиси" деген сөздөр "Президенти" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 22-пунктунун 7-пунктчасындагы "Президентинин Администрациясынын Жетекчисине" деген сөздөр "Президентине" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |