Загрузка документа…
КР Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 3-ноябры ПЖ № 291
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана анын ишин андан ары регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жободо:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын;";
- 11-пункттун 2-пунктчасындагы "Жогорку Кеңештин" деген сөздөр "Жогорку Кеңештин Төрагасынын, Жогорку Кеңештин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 14-ноябрындагы № 90 (3539) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |