Загрузка документа…
КР Президентинин
2012-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 44 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 23-январы ПЖ № 27
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча
башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин
ишин камсыз кылуу маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 319 Жарлыгынын, 2007-жылдын 27-августундагы ПЖ № 385 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 28-октябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында токтом кылам:
1. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 319 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы ПЖ № 385 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 28-октябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги жөнүндө" Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 6-пунктта:
экинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти дайындай турган директордун бир орунбасары болот.";
төмөнкү мазмундагы үчүнчү-бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"Агенттиктин статс-катчысы мамлекеттик кызмат боюнча Кеңештин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
Агенттиктин статс-катчысынын бош кызмат ордун ээлөөгө тандоо конкурстук негизде мамлекеттик кызмат боюнча Кеңеш тарабынан жүргүзүлөт. Талапкерлер алардын кесиптик жана жеке сапаттарын, тийиштүү иш-стажысынын жана башкаруу ишиндеги жөндөмүнүн болушун эске алуу менен мамлекеттик кызмат боюнча Кеңеш тарабынан каралат жана сунуш кылынат.
Статс-катчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн Статс-катчыны аттестациялоо башка администрациялык мамлекеттик кызматчылар үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик кызмат боюнча Кеңеш тарабынан жүргүзүлөт.":
- 6-пункттагы "жана анын орунбасарлары" деген сөздөр ", анын орунбасары, статс-катчы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:
"10-1. Статс-катчы Агенттикте:
- мамлекеттик кызмат жагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча Агенттиктин директору иштеп чыккан саясатты жүзөгө ашырат;
- Агенттикте администрациялык-мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды дайындоого, которууга, ротациялоого сунуштарды жана аларды ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды даярдайт;
- мамлекеттик кызмат маселеси боюнча башка мамлекеттик органдардын статс-катчылары менен өзара аракеттенет;
- Агенттиктин директорунун алдында финансылык менеджмент жана мамлекеттик каражаттарды пайдалануу жагында отчет берет жана жоопкерчилик тартат.".
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы № 376 "Мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндөгү" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлыктын "статс-катчылардын кызмат орду түзүлө турган мамлекеттик органдардын Тизмеси" деген тиркеме "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги" деген мазмундагы абзац менен толукталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндөгү" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлыктын "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун, башка борбордук органдарынын кызматкерлеринин санынын чеги" деген № 1 тиркемесинин 34-пунктундагы "12" деген сан "28" деген сан менен алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 23-январындагы № 27 Жарлыгы менен бекитилген |
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 319 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ)