Загрузка документа…
КР Президентинин
2012-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ N 95 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2006-жылдын 7-августу ПЖ № 419
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-апрелиндеги
Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Президентинин 2001-жылдын 5-апрелиндеги № 116 Жарлыгы менен бе-
китилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө Жобону "Кыргыз
Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мына ылайык келтирүү максатында токтом кылам:
1. "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Президентинин 2001-жылдын 5-апрелиндеги № 116 Жарлыгы менен
бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө Жобого
төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Социалдык фонд өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз
Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мына, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, ушул Жобого,
Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кењеш-
тин чечимдерине ылайык жүзөгө ашырат.";
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Социалдык фонд өзүнө таандык болгон акча каражаттарына, имараттарга,
курулуштарга, башка материалдык баалуулуктарга жана мүлккө өзалдынча
ээлик кылат, аларды пайдаланат жана тескейт.";
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Социалдык фонддун Кыргыз Республикасынын аймагында региондук ор-
гандары болот";
- 4-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кы-
луу жагынан макулдашылган саясатты иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу;";
- 5-пунктта:
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
- камсыздандыруу взносторун чогултуу, толуктоо жана өз учурунда
жана толук көлөмдө Пенсиялык фондго, Милдеттүү медициналык камсызданды-
руу фондуна өткөрүп берүү;";
алтынчы абзацка ", калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү фон-
дунун, социалдык камсыздандыруу фондунун" деген сөздөр алып салынсын;
жетинчи абзацта "өндүрүп алуу жагында ишти уюштуруу" деген сөздөр
"өндүрүп алуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
сегизинчи абзац төмөнкүдөй жањы редакцияда берилсин:
"- камсыздандыруу взностору Социалдык фондго өз учурунда жана то-
лук келип түшүшүнө, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу
каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туура чыгымдалы-
шына контролдук кылуу;";
тогузунчу абзац төмөнкүдөй жањы редакцияда берилсин:
"- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кы-
луу тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү
боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү;";
онунчу абзацта "компетенциясына кирген" деген сөздөр "компетенция-
сына тиешелүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он биринчи абзацта "компетенциясына кирген" деген сөздөр "компе-
тенциясына тиешелүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"- жарандарды пенсиялык камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик
эмес пенсиялык фонддор менен өзара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу;";
он экинчи абзац тиешелүү түрдө он үчүнчү абзац деп эсептелсин;
- 6-пункт төмөнкүдөй жањы редакцияда берилсин:
"6. Алдыга коюлган милдеттерге жетишүү үчүн Социалдык фонд
төмөнкүлөргө укуктуу:
- уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин формасына карабас-
тан Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердик кылган юридикалык жана
жеке (анын ичинде четөлкөлүк) жактардын ишин белгиленген тартипте илик-
төөгө, камсыздандыруу взносторун төлөө жана мамлекеттик социалдык кам-
сыздандыруу каражаттарын чыгымдоо маселелери боюнча зарыл документтерди
жана маалыматтарды алууга;
- мамлекеттик социалдык жана пенсиялык камсыздандырууну жүзөгө
ашыруу үчүн зарыл болгон камсыздандыруучулар жана камсыздандырылган
жактар жөнүндө маалыматты, анын ичинде салык декларациясын жана башка
маалыматтарды салык кызматынын органдарынан Кыргыз Республикасынын мый-
замдарында белгиленген тартипте алууга;
- камсыздандыруу взносторун төлөө жана пенсияларды, жөлөкпулдарды,
компенсацияларды төлөөгө каралган каражаттарды чыгымдоо боюнча Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарын бузууларды жоюуну юридикалык жактын кызмат
адамдарынан, жеке жактардан талап кылууга;
- контролдоочу органдардын, башка уюмдардын, мекемелердин жана иш-
каналардын квалификациялуу адистерин экспертизаны жүргүзүүгө тартууга;
- камсыздандыруу взносторун төлөө боюнча табылган укук бузууларды
жоюу жөнүндө талаптар аткарылбаган, камсыздандыруу взносторун эсептөө
жана төлөө, социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөр менен байланышкан
документтерди камсыздандыруучунун кызмат адамдарына бербеген учурларда
банк мекемелериндеги жана башка финансы-кредиттик мекемелердеги эсептер
боюнча камсыздандыруучунун операцияларын мыйзамдарда белгиленген тар-
типте убактылуу токтотууга;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу
чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн мыйзамдар-
да белгиленген тартипте администрациялык айып салууга;
- милдеттүү камсыздандыруу взносторун төлөөдөн качкан жана Социал-
дык фонддун талаптарын аткарбаган адамдарга материалдарды укук коргоо
органдарына берүүгө;
- төлөм талаптарын коюу жолу менен мамлекеттик социалдык камсыз-
дандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган камсыз-
дандыруу взностору, финансылык санкциялар боюнча белгиленген мөөнөттө
төлөнбөгөн суммаларды Социалдык фонддун бюджетине өндүрүп алууга, ошон-
дой эле мыйзамда белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардын
мүлкүн өндүрүүгө;
- банктарда эсептерди ачууга;
- банктардагы кыска мөөнөттүү депозиттерге эркин каражаттарды
убактылуу жайгаштырууга, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу ка-
газдары жагынан операцияларды жүзөгө ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чыгарган баалуу кагаздарды
сатып алууга жана сатууга;
- Социалдык фонддун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн ре-
зервдик фондду, ошондой эле Социалдык фондду өнүктүрүү фондун түзүүгө;
- карыз каражаттарды тартууга;
- доо коюу же Социалдык фонддун таламдарын коргоо үчүн зарыл бол-
гон башка укуктук аракеттерди жасоого;
- камсыздандыруу взностору боюнча мөөнөтү өткөн карызы бар, бирок
оор финансылык абалга байланыштуу аны тындыруу мүмкүнчүлүгү болбогон
камсыздандыруучуларга, эгерде мажбурлап өндүрүп алуу камсыздандыруучуну
жоюуга же анын банкроттугуна алып келиши мүмкүн болсо, камсыздандыруу
взностору, туум, айып же башка финансылык санкциялар боюнча карызды
тындырууну кийинкиге калтыруу мөөнөтүн (бөлүп-бөлүп төлөөнү) берүүгө;
- Социалдык фонддун ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалымат-
тарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан алууга;
- пенсия жана жөлөкпул маселелери боюнча белгиленген тартипте эла-
ралык кызматташтыкка, мамлекеттер аралык жана эларалык келишимдер менен
макулдашууларды иштеп чыгууга жана турмушка ашырууга катышууга.";
- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияларды төлөөгө иш берүүчүлөр ко-
торуучу каражаттардан;";
- алтынчы-тогузунчу абзацтар тиешелүү түрдө жетинчи-онунчу абзац-
тар деп эсептелсин;
- 9-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй жањы редакцияда берилсин:
"- расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдарды төлөөгө;";
төртүнчү жана бешинчи абзацтар алып салынсын;
алтынчы-тогузунчу абзацтар тиешелүү түрдө төртүнчү-жетинчи абзац-
тар деп эсептелсин;
жетинчи абзацтын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй жањы редакцияда берил-
син:
"Өнүктүрүү фондун пайдалануу тартиби Мамлекеттик социалдык камсыз-
дандырууну башкаруу боюнча байкоочу кењеш тарабынан аныкталат.";
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгектик майыптык же
кесиптик оору боюнча компенсацияларды төлөөгө.";
- 11-пункттун биринчи абзацында "кесиптик бирликтер органдарынын,
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги-
нин," деген сөздөр алып салынсын;
- 12-пунктта "тарабынан каралат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
тарабынан" деген сөздөр ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ка-
ралат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан бекити-
лет."деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пункт:
төмөнкүдөй мазмундагы биринчи жана экинчи абзацтар менен толуктал-
сын:
"Социалдык фонддун ишинин аудитин Кыргыз Республикасынын Эсептөө
палатасы жүргүзөт.
Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу
кењеш Социалдык фонддун көзкарандысыз финансылык аудитин жүргүзүүгө
укуктуу.";
биринчи абзац үчүнчү абзац деп эсептелсин;
- 15-пунктта ар кандай жөндөмөлүк формалардагы "фирма" деген сөз
тиешелүү жөндөмөлүк формадагы "уюм" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 19-пункт төмөнкүдөй жањы редакцияда берилсин:
"19. Социалдык фонддун башкармасынын компетенциясына төмөнкүлөр
кирет:
- Социалдык фонддун келечектүү жана учурдагы милдеттерин аныктоо;
- Социалдык фонддун бюджетинин долбоорлорун жана бюджетти аткаруу
жөнүндө отчетторду жактыруу;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу
взносторунун тарифтеринин долбоорун жактыруу;
- пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу саясатына ылайык иштелип
чыккан мыйзамдардын долбоорлорун жактыруу;
- Социалдык фонддун түзүмүн бекитүү;
- Социалдык фонддун кызматкерлеринин кызмат орундарынын тизмесин,
эмгек акы төлөө формаларын, системасын жана өлчөмдөрүн бекитүү;
- Социалдык фонддун эсептеринин планын бекитүү;
- финансылык отчеттордун түзүмүн, аларды даярдоо жана жарыялоо
тартибин аныктоо;
- Социалдык фонддун компетенциясына кирген ченемдик актыларды бе-
китүү;
- Социалдык фонддун жана анын башкармасынын регламентин, ошондой
эле Социалдык фонддун ички жол-жоболорун бекитүү;
- Социалдык фонддун региондук органдарын жана башка өзалдынча
түзүмдүк бөлүмдөрүн түзүү жана жоюу;
- эларалык кызматташтыкка катышуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- Социалдык фонддун ишин камсыздандыруу үчүн негизги каражаттарды
сатып алуу жана сатуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу. Мында негизги ка-
ражаттарды сатып алуу жана сатуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Социалдык фонддун башкармасы Социалдык фонддун ишине тиешелүү ар
кандай башка маселени кароого укуктуу.";
- 25-пункт төмөнкүдөй жањы редакцияда берилсин:
"25. Социалдык фонддун төрагасын жана анын орунбасарларын (анын
ичинде биринчи орунбасарын) Кыргыз Республикасынын Президенти дайындайт
жана бошотот. Социалдык фонддун Башкармасынын мүчөлөрүн Социалдык фонд-
дун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти дайын-
дайт жана бошотот.";
- 26-пунктта:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй жањы редакцияда берилсин:
"- Социалдык фонддун атынан аракеттенет;";
сегизинчи абзац алып салынсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев