Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 11-октябры № 211
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 373 "Жарандардын айрым категорияларына ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемеси тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | У.А. Марипов |
| Тиркеме |
|
|
Мамлекеттик жөлөкпулдардын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Мамлекеттик жөлөкпулдардын түрү | Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү, сом менен | ||
1 | 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) - "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул | 810 (сегиз жүз он) | ||
2 | Пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул - "социалдык жөлөкпул" (мындан ары - социалдык жөлөкпул) | 2021-жылдын 1-октябрына чейин | 2021-жылдын 1-октябрынан тартып | 2022-жылдын 1-январынан тартып |
Социалдык жөлөкпулду алуучулардын категориялары: |
|
|
| |
1) | ВИЧке же СПИДке чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар | 4000 (төрт миң) | 6000 (алты миң) | 8000 (сегиз миң) |
2) | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар | 4000 (төрт миң) | 6000 (алты миң) | 8000 (сегиз миң) |
3) | Атасынан же энесинен айрылган балдар | 1000 (бир миң) | 1500 (бир миң беш жүз) | 2000 (эки миң) |
4) | Атасы менен энесинен айрылган балдар | 2000 (эки миң) | 3000 (үч миң) | 6000 (алты миң) |
5) | Бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар | 4000 (төрт миң) | 6000 (алты миң) | 8000 (сегиз миң) |
6) | Бала кезинен II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар | 3300 (үч миң үч жүз) | 4950 (төрт миң тогуз жүз элүү) | 6600 (алты миң алты жүз) |
7) | Бала кезинен III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар | 2700 (эки миң жети жүз) | 4050 (төрт миң элүү) | 5400 (беш миң төрт жүз) |
8) | I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар | 2000 (эки миң) | 2500 (эки миң беш жүз) | 2500 (эки миң беш жүз) |
9) | II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар | 1500 (бир миң беш жүз) | 2000 (эки миң) | 2000 (эки миң) |
10) | III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар | 1000 (бир миң) | 1500 (бир миң беш жүз) | 1500 (бир миң беш жүз) |
11) | Баатыр энелер | 2000 (эки миң) | 2500 (эки миң беш жүз) | 2500 (эки миң беш жүз) |
12) | Улгайган жарандар | 1000 (бир миң) | 1500 (бир миң беш жүз) | 1500 (бир миң беш жүз) |
3 | Атасы менен энеси белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул | 2000 (эки миң) | 3000 (үч миң) | 6000 (алты миң) |