Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын
тартиптик уставы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350, 2023-жылдын 9-августундагы № 400, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ушул Устав Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарындагы (мындан ары - укук коргоо органдары) кызматтык тартиптин маани-маңызын, аны сактоо боюнча кызматкерлердин милдеттерин, башчылардын (командирлердин), укук коргоо органдарынын жетекчилеринин кызматтык тартипти сактоону камсыздоо боюнча милдеттерин жана укуктарын, сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу, тартиптик жазаларга даттануу, сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын эсепке алуу тартибин, ошондой эле башчылардын (командирлердин), укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жана аларга туура келген тартиптик укуктар тизмегин аныктайт.
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын (мындан ары - Устав) талаптары прокуратура жана улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөп жаткан кызматкерлерди кошпогондо, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин (мындан ары - кызматкер) аткаруулары үчүн милдеттүү жана мыйзамдуулуктун, негиздүүлүктүн, адилеттүүлүктүн, максатка ылайыктуулуктун, өз убагындалуулуктун, жоопкерчиликтин туруктуулугунун, күнөөлүү жоопкерчиликтин жекечелигинин жана бир же ошол эле тартиптик жорукту жасагандыгы үчүн кайталап же экинчи жолу жоопкерчиликке тартууга жол бербөө принциптеринде негизденет.
2. Ушул Устав кызматкерлерди кызматтык милдеттерин ак ниет аткарууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бекем жана так сактоого, инсандын ар-намысын жана аброюн сыйлоого, жарандардын жеке кол тийбестигин, укуктарын жана эркиндигин коргоого, жүрүм-турум эрежелерин сактоого, сылык болууга, ар дайым маданияттуу жүрүм-турум үлгүсүндө кызмат кылууга, жөнөкөйлүктү жана сабырдуулукту, ар-намысты ыйык тутууга, өз аброюн коргоого жана башкалардын аброюн сыйлоого милдеттендирет. Кызматкердин ар-намысы жана аброй түшүнүгү, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасы кодексинин талаптарына анын моралдык турпатынын дал келиши адепсиз, уят, орой сөздөрдү колдонууга жол бербейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик уставынын колдонулуусу жайылтылат.
4. Ушул Уставда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) тартиптик жоопкерчилик - кызматтык тартипти бузган жана тартиптик жорук жасаган кызматкерлерге укуктук таасир кылуунун формаларынын бири;
2) тартиптик жорук - эгерде жасалган иш укук бузуунун же кылмыштын курамын түзбөсө, кызматкер тарабынан кызматтык тартиптин бузулушу, ага тете "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген, кызматкердин укук коргоо органында кызматта болуусу менен байланышкан чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактабоосу;
3) буйрук - башчынын (командирдин), укук коргоо органынын жетекчисинин өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген жана баш ийүүчү кызматкердин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон жазуу жүзүндөгү же оозеки көрсөтмөсү;
4) жазуу жүзүндөгү берилген буйрук - башчы (командир), укук коргоо органынын жетекчиси жекече башкаруу укуктарында чыгарган негизги тескөөчү кызматтык документ;
5) укук коргоо органынын беделин кетирүүчү тартиптик жорук - ушул Уставда каралган, укук коргоо органынын беделин кетирүүчү деп таанылган жосун;
6) кызматкердин түздөн-түз башчылары (командирлери) - ал кызмат боюнча баш ийген, анын ичинде убактылуу башчылар (командирлер), кызматкерге жакын түздөн-түз башчысы (командири) анын тикелей башчысы (командири) болуп саналат;
7) кызматтык тартип - кызматкердин "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Уставга ылайык кызматтык милдеттерин так жана кынтыксыз сактоосу;
8) кызматтык милдеттер - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана укук коргоо органынын ведомстволук актыларында белгиленген, кызматкердин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон кызматтык функциялар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Укук коргоо органдарында кызматтык тартип төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыздалат:
а) өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусу үчүн ар бир кызматкердин жеке жоопкерчилигинин;
б) кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аткаруу тартибин жана эрежелерин, укук коргоо органынын (бөлүктөрүнүн) ички тартибинин эрежелерин, ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө кызматкер менен түзүлгөн контракттын шарттарын, формалык кийимди кийүүнүн эрежелерин сактоосунун, ага берилген укуктарды ишке ашыруусунун;
в) башчылардын (командирлердин), укук коргоо органдарынын жетекчилеринин белгиленген тартипте берилген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген буйруктарын жана тескемелерин кызматкерлердин кыйшаюусуз аткаруусунун;
г) "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген чектөөлөрдү кызматкердин сактоосунун;
д) ар бир кызматкер тарабынан кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн талап кылынган квалификациянын деңгээлин кармоосунун;
е) кол алдындагылардын арасында кызматтык тартиптин абалы үчүн башчынын (командирдин) жоопкерчилигинин;
ж) кол алдындагылардын кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн тикелей жана түздөн-түз башчылардын (командирлердин) күндөлүк контролдоону ишке ашыруусунун;
з) кызматкерлерди өзүнүн элине жан-дили менен берилгендик рухунда тарбиялоонун, аларда кызматтык милдеттерин аткарууга карата жогорку моралдык, эрктүүлүк жана ишкердик сапаттарды калыптандыруунун;
и) башчынын (командирдин), укук коргоо органынын жетекчисинен кол алдындагыларга карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын негиздүү колдонуусунун;
к) башчынын (командирдин), укук коргоо органынын жетекчисинин кол алдындагылардын аброюн жана кадыр-баркын урматтоосунун;
л) укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызматтык этиканын ченемдерин сактоосунун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кызматы боюнча бири-бирине баш ийбеген кызматкерлердин улуктугу кызматы боюнча аныкталат, ал эми кызматы теңдердики - атайын наамдары боюнча аныкталат.
7. Баш ийүүсү боюнча улук кызматкерлер кызмат өтөө учурунда же кызматтан тышкары убакта баш ийүүсү боюнча кенже кызматкерлерден кызматтык тартипти, кызматтык тартипке коюлган талаптарды, формалык кийимди кийүүнүн эрежелерин сактоону талап кылууга милдеттүү.
8. Бири-бирине баш ийбеген кызматкерлердин бирге кызмат өтөөсүндө, алардын бири-бирине карата кызматтык өз ара мамилеси башчы (командир), укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан аныкталбаган учурда, ошол иш-чараны өткөрүүгө жооптуу башчынын (командирдин), укук коргоо органынын жетекчисинин буйругу, көрсөтмөсү боюнча дайындалган кызматкер улук болуп эсептелет.
2-глава. Кызматтык тартипти камсыздоо боюнча башчынын (командирдин), укук коргоо органынын жетекчисинин милдеттери
9. Кызматтык тартипти камсыздоо максатында башчы (командир), укук коргоо органынын жетекчиси төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) кол алдындагы кызматкерлердин кызматтык тартипти сакташын камсыз кылууга;
б) кол алдындагыларга буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү так берүүгө, алардын так жана өз убагында аткарылышын текшерүүгө;
в) кызмат өтөөнүн белгиленген тартиптерин жана шарттарын сактоого, кол алдындагылардын кадыр-баркын жана ар-намысын сыйлоого, алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын чектөөнү болтурбоого, жекече мүнөздөгү себептер боюнча кызматкерлерди куугунтуктоого жол бербөөгө;
г) коррупцияга каршы аракеттер боюнча чараларды көрүүгө;
д) кол алдындагыларды укукка жат чечимдерди кабыл алууга же мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлабоого;
е) өз ишинде кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөөгө;
ж) кол алдындагы бөлүктөрдө кызматтык тартиптин абалына, моралдык-психологиялык жагдайларына талдоо жүргүзүүгө жана билүүгө, кызматкерлер тарабынан кызматтык тартипти бузууну алдын алуу боюнча өз убагында чара көрүүгө;
з) кол алдындагылардын кызматтык ишине баа берүүдө ачыктыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылууга;
и) кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн кол алдындагыларды жоопкерчилик сезимге тарбиялоого;
к) жамаатты коомдук пикирге тартуу менен, ачыктык принциптерин пайдаланып кол алдындагы бөлүктөрдө кызматтык тартипти бузуучуга карата келишпес мамилени түзүүгө;
л) кызматтагы тырышчаактыгы жана айырмалангандыгы үчүн кызматкерлерге карата сыйлоо чараларын көрүүгө, кызматтык тартипти бузгандарга карата катуу, бирок тартиптик таасир берүүчү чараларды негиздүү колдонууга;
м) кол алдындагылардын социалдык жана укуктук жактан корголушуна кам көрүүгө, кызмат өтөө үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, кызматтык өсүүсү, квалификациясын жогорулатуу, кесиптик, кызматтык жана дене тарбиялык даярдыгы, ошондой эле маданий эс алуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө;
н) кимдир-бирөө, анын ичинде ээлеген кызматына жана абалына карабастан башка кызмат адамдары тарабынан өзүнүн кызматтык ишине мыйзамсыз таасир берүүгө жол бербөөгө;
о) кесипкөйлүктүн, компетенттүүлүктүн, демилгелүүлүктүн, тартиптүүлүктүн, кызматтык милдетти үлгүлүү аткаруунун жекече үлгүсүн көрсөтүүгө;
п) кызматкерлердин кызматтык тартип бузууларын, ошондой эле аларды жасоонун себептери менен шарттарын табуу, аларга бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө.
10. Башчыларга (командирлерге), укук коргоо органынын жетекчисине берилүүчү тартиптик укуктар ушул Уставдын 1, 2, 3, 4-тиркемелерине ылайык кол алдындагы кызматкерлерге карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу боюнча башчылардын (командирлердин) укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жана аларга тийиштүү тартиптик укуктардын тизмеги менен белгиленет.
Укук коргоо органынын жетекчиси, башчы (командир) кызмат орду боюнча милдеттерин убактылуу аткарууда ошол кызмат орду боюнча тартиптик укуктарды пайдаланат.
11. Башчы (командир) ишенип берилген бөлүктөрүндө кызматтык тартипти камсыздоого жеке жоопкерчилик тартат.
3-глава. Башчынын (командирдин), укук коргоо органынын жетекчисинин буйругун аткаруунун милдеттүүлүгү
12. Башчынын (командирдин), укук коргоо органынын жетекчисинин берген буйругу, көз көрүнөө мыйзамсыз буйруктан башкасы, кол алдындагы кызматкерлер тарабынан милдеттүү түрдө кынтыксыз, так жана мөөнөтүндө аткарылууга тийиш. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген буйрукту алганда кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алууга милдеттүү. Бул учурда, кызматкер көз көрүнөө мыйзамсыз буйрук берген башчыга (командирге) же көз көрүнөө мыйзамсыз буйрукту аткарбагандыгы тууралуу жогору турган башчыга (командирге) же болбосо укук коргоо органынын жетекчисине кабарлоого милдеттүү.
Буйрукту аткаруу мүмкүн болбогондо кызматкер бул тууралуу буйрук берген башчыга (командирге) билдирүүгө милдеттүү.
13. Буйрук жазуу жөнүндө же оозеки түрдө, анын ичинде кол алдындагылардын бирөөнө же кол алдындагы топторго техникалык байланыш каражаттарын колдонуу менен берилиши мүмкүн.
14. Башчы (командир), укук коргоо органынын жетекчиси буйрук берүүнүн алдында кырдаалга бардык тарабынан баа берүүгө жана анын аткарылышын камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
15. Башчы (командир), укук коргоо органынын жетекчиси өзү берген буйруктун түшүнүктүүлүгүнө көзү жетиш үчүн, аны кайталоону талап кылышы мүмкүн, ал эми буйрукту алган кол алдындагы кызматкер башчыга (командирге), укук коргоо органынын жетекчисине кайталоо же аны түшүндүрүү өтүнүчү менен кайрыла алышат.
16. Буйруктар баш ийүү тартибинде берилет. Зарыл учурларда тикелей башчы (командир) кол алдындагыларга анын түздөн-түз башчысына (командирине) айтпай туруп буйрук бериши мүмкүн. Мындай учурларда тикелей башчы (командир) бул тууралуу кол алдындагылардын түздөн-түз башчысына (командирине) билдирет жана (же) кол алдындагылар өзү бул буйрукту алгандыгы тууралуу өзүнүн түздөн-түз башчысына (командирине) баяндайт.
17. Алынган буйруктун аткарылышы тууралуу кол алдындагы кызматкер буйрук берген башчыга (командирге) жана (же) өзүнүн түздөн-түз башчысына (командирине) билдирүүгө милдеттүү.
18. Эгер буйрукту аткаруучу кол алдындагы кызматкер, жогорку турган түздөн-түз башчыдан (командирден) мурда алынган буйруктун аткарылышына тоскоолдук кылган жаңы буйрук алса, ал бул тууралуу жаңы буйрук берген жогорку турган түздөн-түз башчысына (командирине) билдирет жана жаңы буйрук ырасталган учурда аны аткарат.
19. Берилген буйрукту аны берген башчы (командир) же жогорку турган тикелей башчы (командир) же болбосо укук коргоо органынын жетекчиси гана жокко чыгара алат.
20. Башчынын (командирдин), укук коргоо органынын жетекчисинин белгиленген тартипте берилген буйругун аткарбаган кол алдындагы кызматкер ушул Уставда каралган негиздер боюнча жоопкерчиликке тартылат.
21. Башчы (командир), укук коргоо органынын жетекчиси берген буйругу жана анын натыйжалары үчүн, буйруктун мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсү жана аны аткаруу боюнча чара көрбөгөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылат.
22. Кызматтык тартипти кармоо боюнча башчынын (командирдин), укук коргоо органынын жетекчисинин иши укук коргоо органындагы (бөлүгүндөгү) укук бузуулардын саны менен эмес, ал тарабынан мыйзамдын жана уставдардын так сакталышы, өзүнүн тартиптик укуктарын толук колдонушу жана тартипке келтирүү максатында өзүнүн милдеттерин аткаруу, кызматтык тартиптин бузулушун өз убагында алдын алуу менен бааланат. Ошол эле учурда бир дагы кызматтык тартипти бузуучу жоопкерчиликтен качууга жана бир дагы күнөөсүз жазаланууга тийиш эмес.
4-глава. Сыйлоо чаралары жана аларды колдонуунун тартиби
23. Сыйлоо кызматкерлердин кызматтык ишин баалоо болуп эсептелип, жумушка дем берүүнү, кызыгууну жана демилгелүүлүктү пайда кылып, анын натыйжаларын жогорулатып, тартиптүүлүктү камсыз кылат.
24. Кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы, кызматтык ишинде жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн, ошондой эле өзгөчө маанидеги жана татаалдыктагы милдеттерди ийгиликтүү аткаргандыгы үчүн кызматкерге төмөнкүдөй сыйлоо чаралары колдонулат:
а) алкыш жарыялоо;
б) акчалай сыйлык төлөө;
в) баалуу белектер менен сыйлоо;
г) мурда берилген тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда алуу;
д) укук коргоо органынын, анын аймактык органынын же бөлүктөрүнүн грамотасы, ардак грамотасы менен сыйлоо;
е) кызматкердин аты-жөнүн укук коргоо органынын, анын аймактык органынын же бөлүктөрүнүн ардак китебине же ардак тактасына киргизүү;
ж) ведомстволук медалдар жана төш белгилер менен сыйлоо;
з) кезектеги атайын наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгаруу;
и) ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган атайын наамдан кезектеги атайын наамды бир тепкичке жогору ыйгаруу;
к) курал (канжар, шамшар же кылыч) менен сыйлоо.
25. Укук коргоо органдарынын окуу жайларында (мындан ары - окуу жайы) курсанттарга карата ушул Уставдын 24-пунктунда каралган сыйлоо чаралары менен катар төмөнкүдөй сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:
а) окуу жайы жайгашкан жерден кезексиз бошотуу;
б) артыкчылык менен бүтүргөн курсанттын аты-жөнүн окуу жайдын ардак тактасына жазуу;
в) бөлүктүн күжүрмөн туусунун жанынан сүрөткө түшүү.
26. Кызматкерлер кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана кайраттуулугу, ошондой эле башка өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына же Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сыйлыктарына көрсөтүлүшү мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
27. Ушул Уставдын 24 жана 25-пункттарында каралган сыйлоо чаралары ушул Уставда белгиленген тартипте колдонулат. Кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, энчилүү курал, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын сыйлыктары менен сыйлоого сунуштоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
28. Ар бир башчы (командир), укук коргоо органынын жетекчиси ушул Уставда өзүнө берилген укуктардын чегинде кол алдындагы кызматкерлерди кызматтык ишиндеги тырышчаактыгы жана айырмалангандыгы үчүн сыйлаганга милдеттүү.
29. Сыйлоо түрүн аныктоодо кызматкердин өтөгөн эмгегинин мүнөзү, кызматтык ишиндеги өзгөчө айырмалангандыгы жана кесипкөй сапаттары, укук коргоо органындагы көп жылдык кызматы жана кынтыксыз иштегендигине көңүл бурулат.
30. Отчеттук мезгилдеги кызмат өтөөсүнүн кынтыксыздыгы акыркы тартиптик жаза алып салынган күндөн баштап эсептелет.
Ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүлгөндө кызмат өтөгөн жылдары календардык күндөр менен эсептелет (күнү күнүнө).
31. Башчынын (командирдин) пикири боюнча сыйлоо чараларын көрүү зарыл болсо, бирок аны сыйлоо өзүнүн тартиптик укугунан сырткары болсо, анда бул тууралуу жогору турган башчыга (командирге), укук коргоо органынын жетекчисине өтүнүч кат берет.
32. Сыйлоо түздөн-түз башчынын (командирдин) сунуштамасынын негизинде жүргүзүлөт жана кызматкерлердин кеңешмесинде (чогулушунда) же саптын алдында тикелей башчынын (командирдин), укук коргоо органынын жетекчисинин негизги иштер боюнча буйругу менен жарыяланат. Тиешелүү буйруктун мазмуну өздүк курамга толук жеткирилет жана кызматкерге сыйлык салтанаттуу жагдайда тапшырылат.
33. Кызматтык ишинде ийгиликке жетишкендиги үчүн алкыш жарыялоо, акчалай сыйлык төлөө, баалуу белек менен сыйлоо, укук коргоо органынын, анын аймактык органынын же бөлүктөрүнүн грамотасы, ардак грамотасы менен сыйлоо түрүндөгү сыйлоолор иштин, мелдештин жыйынтыгын чыгарууда жана майрам күндөрүндө колдонулат. Органдын (бөлүктүн) айрым кызматкерлери да, ошондой эле бүтүндөй жекече курамы да сыйланат.
Жогоруда аталган сыйлоонун түрлөрү менен сыйлоо тартиби укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.
34. Ведомстволук медалдар жана төш белгилер менен сыйлоо укук коргоо органынын жетекчиси бекиткен ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо тартибине ылайык ишке ашырылат.
35. Укук коргоо органынын (бөлүгүнүн) ардак китебине кызматкердин аты-жөнүн жазуу түрүндөгү сыйлоо кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда эрдик, баатырдык көрсөтүшкөн жана өз жанын аябаган кызматкерлерге карата колдонулат.
36. Ардак китепке кызматкердин аты-жөнүн жазуу түрүндөгү сыйлоо жарыяланган учурда башчынын (командирдин), укук коргоо органынын жетекчисинин колу коюлган мактоо грамотасы кызматкерге тапшырылат. Ардак китепке жазуу түрүндөгү сыйлыкты колдонуунун тартиби укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.
37. Атайын наамды мөөнөтүнөн мурда же ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган наамдан бир тепкич жогорку наамды ыйгаруу түрүндөгү сыйлоо "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат.
38. Сыйлыкка берилүүчү курал менен сыйлоо жогорку жана ардактуу сыйлык болуп эсептелет жана "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кызматтык милдетин аткарууда эрдикти, баатырдыкты, жогорку кесипкөйлүктү жана каармандыкты көрсөтүшкөн, сыйлыктын ушул түрүн берүүдө укук коргоо органдарында кызматта турган жетектөөчү курамдын кызматтык-кесиптик ишинде өзгөчө айырмаланган адамдарына карата бүтүндөй кызмат өтөө мезгилинде бир гана жолу берилет.
39. Сыйлоо тартибинде окуу жайы жайгашкан жерден кезексиз бошотуу, казармалык режимде турган, өзгөчө айырмаланган курсанттарга карата алардын кызыкчылыгын эске алуу менен, буйрук жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен, дем алыш күндөрү үч суткадан ашык эмес мөөнөткө берилет.
40. Окуу жайынын күндүзгү окуу бөлүмүндө окуп, артыкчылык менен бүтүргөн курсанттардын, угуучулардын, адъюнкттардын аты-жөнүн окуу жайдын ардак тактасына жазуу түрүндөгү сыйлоо окуунун бүткүл мезгилинде окуунун мыктысы болгон, кесипкөй жана дене тарбиянын жогорку көрсөткүчүнө ээ болгон, окуу жайынын коомдук иштерине жигердүү катышкан, өзгөчө айырмаланган адамдарга карата колдонулат.
41. Тартиптик жазасы бар кызматкер, ишиндеги жогорку көрсөткүчтөрү жана кызматтык милдетин ак ниет аткаргандыгы үчүн ушул Уставдын 42-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө мурда берилген тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салуу менен сыйланат.
42. Буйрук менен жарыяланган тартиптик жаза, сыйлоо тартибинде мөөнөтүнөн мурда алынышы мүмкүн, бирок:
а) "эскертүү", "сөгүш", "катуу сөгүш" түрүндөгү жаза берилгенден 3 айдан кийин;
б) "кызматка толук ылайык келбегендиги тууралуу эскертүү" түрүндөгү тартиптик жаза берилген күндөн тартып 6 айдан кийин.
Мурда тартиптик жаза берилген кызматкердин жазасын сыйлоо түрүндө мөөнөтүнөн мурда алып салуу ошол тартиптик жаза буйругу жарыяланган күндөн кийинки датадан тартып колдонулат.
43. Кызматкерден бир эле мезгилде бир гана тартиптик жаза алып салынат.
44. Мурда тартиптик жаза берилген кызматкерден сыйлоо чарасы катарында жазасын мөөнөтүнөн мурда алуу менен катар, ошол эле мезгилде ага карата сыйлыктын башка түрлөрүн колдонууга жол берилбейт.
45. Эки же андан ашык тартиптик жазасы бар кызматкерге карата акыркы жаза берилген күндөн тартып, үч айдан кийин гана сыйлоо чарасы катарында жазасын мөөнөтүнөн мурда алуу колдонулат. Мында тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салуу түрүндөгү сыйлоо кезекти так сактоо тартибинде колдонулат: мурда берилген тартиптик жазадан андан кыйла кечирээк берилген тартиптик жазага чейин.
46. Ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотуу жана атайын наамын бир тепкичке төмөндөтүү түрүндөгү тартиптик жазага карата сыйлоо чарасы катарында жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салуу колдонулбайт.
47. Ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотуу түрүндөгү тартиптик жазаны алып салуу ошол кызматкерди мурдагы кызматына орноштуруу дегенди билдирбейт, бирок анын кызматынан жогорулашына тоскоолдук келтирбейт.
48. Кызматкерге мурда берилген тартиптик жазаны сыйлоо чарасы катарында мөөнөтүнөн мурда алуу оң кызматтык мүнөздөмөсү болгондо, ошол тартиптик жазаны берген башчы (командир) же жогору турган башчы (командир), укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт. Башка кызматка кызматкер которулганда тартиптик жаза ошол жазаны берген башчыга (командирге) кызматы боюнча теңдеш башчы (командир) же жогору турган башчы (командир) же болбосо укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан алынышы мүмкүн.
49. Тикелей башчы (командир), укук коргоо органынын жетекчиси берген тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салуу үчүн түздөн-түз башчы (командир) инстанция боюнча тиешелүү өтүнүч кат (сунуштама) менен кайрылат.
50. Мурда берилген тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салуу буйрук менен таризделет.
51. Укук коргоо органынын коллегиясынын чечиминин негизинде берген тартиптик жаза укук коргоо органынын коллегиясынын чечиминин негизинде гана сыйлоо чарасы катарында мөөнөтүнөн мурда алып салынат. Бул чечимди ишке ашыруу укук коргоо органынын жетекчисинин буйругу түрүндө жүргүзүлөт.
5-глава. Кызматкерлердин тартиптик жоопкерчилиги. Тартиптик жаза-чаралар, аларды берүүнүн жана аткаруунун тартиби
52. Кызматкерлер атайын наамы жана кызматына карабастан мыйзам алдында бирдей жана жасаган укук бузуулардын оордугуна жана мүнөзүнө жараша тартиптик жоопкерчиликке, ошондой эле укук бузууларды жана кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Кызматкердин жасаган күнөөсү далилденип, аныкталгандан кийин гана тартиптик жорук жасагандыгы же кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартылат. Күнөө тартиптик жоруктун, кызматтык тартипти бузуунун курамынын субъективдүү жагынын негизги белгиси болуп эсептелет.
54. Кызматкерлерге тартиптик жорук жасагандыгы, кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн төмөнкүдөй тартиптик жазалар колдонулушу мүмкүн:
а) эскертүү;
б) сөгүш;
в) катуу сөгүш;
г) кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү;
д) атайын наамын бир тепкичке төмөндөтүү;
е) ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотуу;
ж) укук коргоо органдарынан кызматтан бошотуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
55. Укук коргоо органдарынын окуу жайларындагы курсанттарга, угуучуларга, магистрлерге, адъюнкттарга жана докторанттарга карата ушул Уставдын 54-пунктунда каралган тартиптик жазалар менен катар, төмөнкүдөй тартиптик жазалар колдонулушу мүмкүн:
а) кезексиз кезметке дайындоо;
б) окуу жайы жайгашкан жерден кезектеги бошотууну алып салуу;
в) окуу жайынан окуудан чыгаруу.
56. Ушул Уставдын 54 жана 55-пункттарында аталган тартиптик жазанын түрлөрү бир аз катуу жазадан бир кыйла катуу жаза түрлөрүнө карай баяндалган.
57. Ушул Уставдын 54 жана 55-пункттарында каралган тартиптик жазаларды колдонуу, ушул Уставдын 84-пунктунда баяндалган жагдайларды кошпогондо, тартиптик жазанын бир аз катуу түрүнөн кыйла катуу түрүнө карай колдонуу менен ишке ашырылат.
58. Мурда ушундай тартиптик жорук жасагандыгы, кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн тартиптик жаза берилген жана кийинки тартиптик жаза берилгенден кийин аныкталган же билинген учурларды кошпогондо, бир эле убакта эки бирдей тартиптик жазаны берүүгө тыюу салынат, эгерде андан мурунку ага окшош тартиптик жаза алына элек болсо.
59. Ушул Уставдын 54 жана 55-пункттарында каралбаган тартиптик жазаны кызматкерге карата колдонууга тыюу салынат.
60. Кол алдындагы кызматкер тартиптик жорук жасаган, кызматтык тартипти бузган учурда башчы (командир), укук коргоо органынын жетекчиси мындай аракеттерге (аракетсиздикке) жол берилбестигин эскертиши керек, ал эми зарыл учурларда жасаган тартиптик жоругунун, кызматтык тартипти бузуунун жана күнөөсүнүн оордугуна жараша тартиптик жаза берет.
Башчы (командир), укук коргоо органынын жетекчиси кызматкерди тартиптик жоругу, кызматтык тартипти бузуусу анча маанилүү эмес жана жеңилдетүүчү жагдайлар болуп, оордотуучу жагдайлар болбосо тартиптик жоопкерчиликтен бошотууга укуктуу.
61. Тартиптик жоруктун, кызматтык тартипти бузуунун маани-маңызын аныктоо үчүн жүйөө-себептин жана максаттын мазмуну олуттуу мааниге ээ болот.
62. Кызматкер жасаган тартиптик жорук, кызматтык тартипти бузуу фактысын белгилөө жана ырастоо үчүн кызматтык териштирүү (текшерүү) дайындалышы мүмкүн. Кызматтык териштирүү (текшерүү) жүргүзүүнүн тартиби укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан ушул Уставда каралган жоболорду эске алуу менен аныкталат.
63. Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча корутунду чыгарылат же болгон тартиптик жазаларын эске алуу менен кызматтык текшерүү жөнүндө маалым кат түзүлөт, аны дайындаган башчы (командир), укук коргоо органынын жетекчиси бекитет.
Кызматтык текшерүү жөнүндө маалым кат тартиптик жорук жасаган, кызматтык тартипти бузган фактылар ырасталбаган учурларда түзүлөт.
64. Кызматтык териштирүү (текшерүү) жүргүзүүнүн мыйзамдуулугуна, объективдүүлүгүнө, толуктугуна жана мөөнөтүнүн сакталышына, тартиптик жаза берүү жөнүндө буйруктун даярдалгандыгынын негиздүүлүгүнө жеке жоопкерчиликти түздөн-түз кызматтык териштирүү (текшерүү) жүргүзгөн кызматкер, ошондой эле ошол кызматтык териштирүүнүн (текшерүүнүн) корутундусун бекиткен башчы (командир), укук коргоо органынын жетекчиси тартат.
65. Кызматтык териштирүү (текшерүү) жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча кызматтык териштирүүнүн (текшерүүнүн) корутундусун чыгаруу жана тартиптик жаза берүү жөнүндө буйруктун долбоорун даярдоо бир бөлүктүн кызматкери тарабынан жүргүзүлөт.
66. Жазык-процесстик мыйзамдардын талаптарын сактоо маселелери боюнча укук коргоо органынын тергөө бөлүктөрүнүн тергөөчүлөрүнө, жетекчилерине карата кызматтык териштирүүнү (текшерүүнү) укук коргоо органынын тергөө бөлүгүнүн ыйгарым укуктуу кызматкери гана жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
67. Эгерде кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө кызматкердин жасаган тартиптик жоругунда кылмыштын курамынын белгилери бар экендиги аныкталса, анда аны дайындаган башчы (командир), укук коргоо органынын жетекчиси кызматтык териштирүүнүн (текшерүүнүн) материалдарын тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
68. Кызматтык териштирүү (текшерүү) жүргүзүлүп жаткан мезгилде башчыга (командирге) кызматтык териштирүү (текшерүү) жүргүзүлүп жаткан кызматкерди иш сапарга жиберүүгө, ага жыл сайын берилүүчү кезектеги же кыска мөөнөттөгү өргүү (катуу ооругандыгын же жакын туугандарынын каза болгондугун, же болбосо башка форс-мажордук жагдайларды кошпогондо) берүүгө тыюу салынат.
69. Тартиптик жаза жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн (текшерүүнүн) жыйынтыгы менен аныкталган жасалган тартиптик жоруктун, кызматтык тартипти бузуунун оордугуна жана күнөөнүн даражасына ылайык келиши керек.
70. Тартиптик жоопкерчиликке тартылып жаткан кызматкерден милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө түшүндүрмө талап кылынышы керек. Кызматкер жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан учурда тийиштүү акт түзүлөт.
Укук коргоо органынын коллегиясынын, ыкчам кеңешмелеринин чечими менен тартиптик жаза берилген кызматкердин коллегиянын, ыкчам кеңешменин жүрүшүндө айтылган түшүндүрмөсү протоколго киргизилет же аталган кызматкер жазуу жүзүндө түшүнүк берет.
71. Кызматкер укук коргоо органынын (бөлүгүнүн) ыкчам кеңешмесинин тартиптик жаза берүү жөнүндөгү чыгарган чечими менен макул болбогон учурда кызматтык териштирүү дайындалат.
72. Укук коргоо органынын кадрларынын карамагына кирген кызматкерге ушул Уставда каралган сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чаралары, анын ичинде ал кадрлардын карамагына киргенге чейинки мезгилде өтөгөн кызматында жасаган тартиптик жоругу, кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн да колдонулушу мүмкүн.
73. Буйрук менен берилген тартиптик жаза, берилген күндөн тартып төмөнкү мөөнөткө чейин жарактуу болот:
- "эскертүү", "сөгүш", "катуу сөгүш" түрүндөгү тартиптик жаза алты ай ичинде;
- "кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү", "ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотуу" түрүндөгү тартиптик жаза бир жыл ичинде.
Аталган мөөнөт аяктагандан кийин тартиптик жаза буйрук чыгарылбастан, автоматтык түрдө алып салынат, бул тууралуу кызматкердин өздүк ишине тиешелүү жазуу жазылат.
Кызматкер укук коргоо органдарында кызмат өтөөдөн бошотулганда, мурда берилген бардык тартиптик жазалар автоматтык түрдө буйрук чыгарылбастан алып салынат.
74. Атайын наамды бир тепкичке төмөндөтүү түрүндөгү тартиптик жаза өзгөчө жаза болуп саналат. Атайын наамы бир тепкичке төмөндөтүлгөн кызматкердин мурдагы атайын наамы ал төмөндөтүлгөн күндөн тартып бир жылдан эрте эмес убакытта анын атайын наамын төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алган башчынын (командирдин), ага тең башчынын (командирдин) жана жогору тургандардын жазуу жүзүндөгү буйругу менен, ал ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамына карабастан калыбына келтирилет.
Кызматкердин мурдагы атайын наамы, тартиптик жазасын алып салуу менен бир убакта калыбына келтирилет.
75. Тартиптик жаза негизги иштер боюнча буйрук менен жарыяланат.
76. Ушул Уставдын 91-93-пункттарында саналган тартиптик жазаларды жарыялоо жөнүндө негизги иштер боюнча буйруктар өздүк курам боюнча буйруктар менен ишке ашырылат.
77. Тартиптик жаза Тиркемеге ылайык берилген тартиптик укуктун чегинде башчынын (командирдин), укук коргоо органынын жетекчисинин буйругу менен берилет. Тартиптик жаза укук коргоо органынын коллегиясы, укук коргоо органынын (бөлүктөрүнүн) ыкчам кеңешмеси тарабынан берилет, алардын чечимдери башчынын (командирдин), укук коргоо органынын жетекчисинин буйруктары менен ишке ашырылат.
78. Кызматкердин кызматта жок болгон убактысын эсепке албастан, кызматкерге тартиптик жаза берүү жөнүндө буйрук ал чыккан күндөн тартып же болбосо кызматкердин кызмат өтөгөн жери боюнча укук коргоо органынын бөлүгүнө бул буйруктун көчүрмөсү келип түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде ага кол койдуруу менен түздөн-түз башчысы (командири) тарабынан тааныштырылат.
79. Буйрук менен таанышкандыгы жөнүндө кол коюудан кызматкер баш тарткан учурда тиешелүү акт түзүлөт, ал эми буйрук менен таанышуу үчүн кызматкер келүүдөн баш тарткан учурда буйрук чыгарган бөлүк кызматкердин жашаган дареги боюнча билдирүү жиберет. Бул учурда кызматкер ага карата кабыл алынган чечим жөнүндө маалымдалган болуп эсептелет.
80. Тартиптик жаза берүү жөнүндө буйруктун, кызматтык териштирүүнүн корутундусунун көчүрмөлөрү кийинкиге калтырылбастан же буйрукка кол коюлган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирилбестен кызматкердин кызмат өтөгөн жери боюнча укук коргоо органынын бөлүгүнө жана тиешелүү кадрдык бөлүгүнө жиберилет.
81. Тартиптик жазанын түрүн аныктоодо жасаган тартиптик жоруктун, кызматтык тартипти бузуунун мүнөзүнө, жүйө-себебине, максатына жана кесепетине, ал жасалган учурдагы шартка көңүл бурулат. Ошондой эле тартиптик жорук жасаган, кызматтык тартип бузган кызматкердин жоопкерчилигин жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар, анын жасаган тартиптик жоругуна, кызматтык тартипти бузуусуна болгон жеке мамилеси, бүтүндөй кызматка болгон мамилеси, мурдагы жүрүм-туруму, анын мурда тартиптик жазасы бар же жок экендиги аныкталат. Берилген жаза жеке күнөөлүү жоопкерчиликтин жана шайкештик принциптерине жооп бериши керек, негиздүү жана адилет болууга тийиш.
82. Тартиптик жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жагдайлар:
а) тартиптик жорукту жасаган, кызматтык тартипти бузган кызматкердин өкүнүүсү;
б) тартиптик жорук жасагандыгы, кызматтык тартипти бузгандыгы тууралуу кызматкердин өз ыктыяры менен башчысына (командирине) билдирүүсү;
в) тартиптик жорук жасоонун, кызматтык тартипти бузуунун кесепеттерине тартиптик жорук жасаган, кызматтык тартип бузган кызматкер тарабынан бөгөт коюу, келтирилген чыгымдарды ыктыярдуу төлөп берүү жана келтирилген зыяндарды жоюу;
г) өтө катуу толкунданып турган абалда (аффект) тартиптик жорук жасоо, кызматтык тартипти бузуу.
83. Тартиптик жоопкерчиликти оордотуучу жагдайлар:
а) башчынын (командирдин), укук коргоо органынын жетекчисинин тартип бузууну токтотуу талаптарына карабастан, укукка каршы аракеттерди (аракетсиздиктерди) улантуу;
б) мурда тартиптик жорук жасагандыгы, кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн кызматкерге тартиптик жаза колдонулуп, ал белгиленген тартипте алына элек кезде, кайрадан тартиптик жорук жасашы, кызматтык тартипти бузушу;
в) кызматкерлер тобу менен тартиптик жорук жасашы, кызматтык тартипти бузушу;
г) алкоголдук, баңгилик, уу заттарга мас абалында тартиптик жорук жасашы, кызматтык тартипти бузушу.
84. Кызматкерге карата башчынын (командирдин) тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик таасир этүү чараларын колдонуу зарыл болгон учурларда, ал жогору турган башчыга (командирге), укук коргоо органынын жетекчисине ал жөнүндө өтүнүч кат берет.
85. Кызматтык тартипти одоно бузгандыгы, укук коргоо органынын беделин кетирүүчү тартиптик жорук жасагандыгы үчүн кызматкерге, анын мурда тартиптик жазасы бар же жок экендигине карабастан, анын кызматтык тартипти бузуунун, жасаган тартиптик жоругунун оордугун жана күнөөсүнүн даражасын эске алуу менен, ошол эле учурда тартиптик жазанын бир кыйла оор түрү колдонулат: катуу сөгүштөн тартып укук коргоо органынан кызматтан бошотконго чейин.
86. Кызматтык тартипти одоно бузууга төмөнкүлөр кирет:
а) кызматкердин функциялык милдеттерин бир нече ирет аткарбоосу же тийиштүү түрдө аткарбоосу, эгерде ага карата мурда таасир берүүчү тартиптик чаралар колдонулса (жоюла элек тартиптик жазасы бар болсо);
б) кызматкердин аскердик куралды жоготуусу (согушта жана кылмыштуу кол салууда жоготкондон башка учурларда);
в) кызматкердин ишке чыкпашы, анын ичинде күн сайынкы белгиленген кызматтык убакыттын ичинде жүйөөлүү себепсиз катары менен үч сааттан ашык иште жок болушу;
г) укук коргоо органдарында кызмат өтөп жаткан мезгилде кызматкер тарабынан убактысына жана колдонгон ордуна карабастан баңгизаттарды колдонуусу, ошондой эле алкоголдук, баңгизаттык же уу заттарга мас абалда кызматка келүүсү;
д) укук коргоо органында кызмат өтөөсү менен байланышкан кызматкерлер үчүн "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды кызматкердин сактабоосу;
е) мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтарды жайылтуу;
ж) иштеген жеринде мүлктү атайылап бузуу же уурдап алуу;
з) жоготуу (уурдап алуу):
- Евразия экономикалык бирлигинин бажы чегарасы аркылуу товарларды (буюмдарды) өткөрүү үчүн негиз болуп саналган документтерди, жеке номерлүү мөөрлөрдү, штамптарды, пломбираторлорду, ага тете белгиленген тартипти бузуу менен аларды башка адамдарга берүү;
- бажы органдары кармап алган же сактоого кабыл алган буюмдарды жана бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуунун натыйжасында алынган акча суммаларын;
и) кызматты өз алдынча таштап кетүү.
87. Укук коргоо органынын беделин кетирүүчү тартиптик жоруктарга төмөнкүлөр кирет:
а) жеке пайда көрүү кызыкчылыгында кызмат абалынан пайдалануусу;
б) кызматкер өзү бир тарабында турган кызыкчылыктардын кагылышуусун токтотуу жана (же) жөнгө салуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү;
в) иш таштоо, митинг жана тынчтык жыйын өткөрүүгө болгон жалпы жарандык укуктун башка формасынын көрүнүштөрүн кошкондо, мамлекеттик органдардын талаптагыдай иштөөсүнө жана кызматтык милдеттерин аткаруусуна тоскоол болгон аракеттерди уюштуруусу жана (же) катышуусу;
г) уюшкан кылмыштуу топтор, террордук, экстремисттик же сепаратисттик уюмдар менен байланышы же катыштыгы бар экендиги тууралуу тастыкталган маалыматтардын болушу.
88. Ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотуу жана атайын наамын бир тепкичке төмөндөтүү түрүндөгү тартиптик жаза, эгерде берилген башка тартиптик жазалар кызматкерге тийиштүү тарбиялык таасирин тийгизе албаган же анын жасаган тартиптик жоругунун, кызматтык тартипти бузуусунун оордугу жана кетирген күнөөсү ушул жазага туура келген учурда колдонулушу мүмкүн.
89. Мурда ээлеген кызмат ордунан төмөндөтүү менен бошотуу түрүндөгү тартиптик жаза берилген жана ал жазасы алына электе тартиптик жорук жасаган, кызматтык тартипти бузган кызматкерге ушул Уставдын 85-пунктунда баяндалган жагдайлардан тышкары, ушул Уставдын 54 жана 55-пункттарында каралган тартиптик жазанын бир аз катуу түрүнөн тартып кыйла катуу түрүнө чейинки тартиптик жаза берилет.
90. Атайын наамын бир тепкичке төмөндөтүү түрүндөгү тартиптик жаза кызматкерге берилген учурда, тийиштүү белгилерин алмаштыруу үчүн убакыт белгиленет. Кызматкердин погондорун жулуу, тикмелерин кесүү жана башка керт башын кемсинткен аракеттерге тыюу салынат.
91. Атайын наамын бир тепкичке төмөндөтүү түрүндөгү тартиптик жаза ошол атайын наамды берүүгө укугу бар башчы (командир), укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан колдонулат.
92. Укук коргоо органдарынан кызматтан бошотуу түрүндөгү тартиптик жаза кызматтык тартипти одоно бузгандыгы же укук коргоо органынын беделин кетирүүчү жорук жасалгандыгы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ченемдерине ылайык реабилитациялоого тиешелүү жагдайлар боюнча өндүрүш кыскартылган учурлардан тышкары, жазык иш боюнча айыптоочу өкүмдүн же өндүрүштүн кыскартылганынын негизинде колдонулушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
93. Ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотуу жана укук коргоо органдарынан кызматтан бошотуу түрүндөгү тартиптик жазалар кызматка дайындоого жана андан бошотууга укук берилген башчылар (командирлер), ошондой эле укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан берилет.
94. Укук коргоо органдарынын окуу жайларынын курсанттарына кезметке кезексиз дайындоо түрүндөгү тартиптик жаза берүүдө, жуманын каалаган күнүндө бир жолку кезметтен көп эмес, өзүнүн окуу жайында гана кызмат өтөөгө же жумуш аткарууга тартылат. Катары менен кезексиз эки же үч жолу кезметке коюуга, ошондой эле жаза берүүдө жана аткарууда курсанттын жеке беделин басмырлоого жана оройлукка жол берүүгө тыюу салынат.
95. Укук коргоо органынын окуу жайы жайгашкан жерден кезектеги бошотуудан ажыратуу казармалык тартипте жүргөн курсанттарга жаза жарыялангандан кийин бир айдын ичинде окуу жайы жайгашкан жерден кызматтык зарылчылыгы жок кетүүгө тыюу салынат дегенди түшүндүрөт.
96. Күндүзгү окуу формасындагы курсанттар жана адъюнкттар, кызматтан бошотуу үчүн негиздер болсо, укук коргоо органынын окуу жайынан окуудан чыгарылат жана "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте кызматтан бошотулат.
97. Бир нече кызматкер тартиптик жорук жасаган жана кызматтык тартипти биргелешип бузган учурда тартиптик жаза кызматтык тартипти бузган ар бир кызматкердин өзүнө берилет. Тартиптик жорук жасаган, кызматтык тартипти бузган кызматкер кызмат өтөгөн бөлүктөгү бүтүндөй өздүк курамга тартиптик жаза берүүгө жол берилбейт.
98. Суткалык нөөмөт же кызмат өтөгөн учурларда тартиптик жорук жасагандыгы, кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн тартиптик жаза берүү күнөөлүү нөөмөттөн, кызмат өтөөдөн келгенден кийин же аны башка кызматкер менен алмаштыргандан кийин гана, бирок бир суткадан эрте эмес убактан кийин берилет.
99. Кызмат өтөгөн мезгилинде баңгизаттарын колдонгондугу, ошондой эле алкоголдук же уулуу каражаттарды колдонуу менен мас абалда кызматка келгендиги үчүн кызматкерди тартиптик жоопкерчиликке тартууда, кызматкердин аларды колдогондугу жана (же) мас абалда экендигинин фактысы медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы менен аныкталат.
Ал эми кызматкер медициналык күбөлөндүрүүдөн баш тарткан учурда экиден кем эмес күбөлөрдүн катышуусу менен тиешелүү акт түзүлөт. Бул учурда актыда алкоголду жана баңгизаттарды колдонгондугу жана (же) мас абалын күбөлөндүрүүчү белгилер көрсөтүлөт. Кызматкерден ал соолукканга чейин кандайдыр бир түшүнүк алганга жол берилбейт.
100. Өргүүдө жүргөн же ооруп жаткан кызматкерге тартиптик жаза ал кызматка чыккандан кийин берилет, эгерде жасалган тартиптик жорук, кызматтык тартипти бузуу ал ооруп жаткан учурунда, өргүүдө жүргөн мезгилинде жасалбаса.
101. Эгер кызматкерге тартиптик жаза берген башчыга (командирге), укук коргоо органынын жетекчисине анын убактылуу эмгекке жөндөмдүү эместиги (оорусу) жөнүндө маалым болбосо, тартиптик жаза кызматкерге ал айыккан күндөн баштап берилди деп эсептелет. Мында ушул Уставдын 110-пунктунда каралган тартиптик жоопкерчиликке тартуунун өтүп кеткен мөөнөтү, тартиптик жаза берүү жөнүндө буйрук чыгарылган учурдан баштап токтотулат.
102. Жогору турган башчы (командир), укук коргоо органынын жетекчиси төмөн турган башчы (командир) тарабынан берилген тартиптик жазаны, эгерде ал жумшактыгынан кызматкер жасаган тартиптик жоруктун, кызматтык тартипти бузуунун оордугуна ылайык келбеген учурларда аны өзгөртүүгө жана кыйла катуу тартиптик жаза берүүгө же болбосо аны жеңилдетүүгө же негизсиз берилген катары алып салууга укуктуу.
103. Өзүнө берилген тартиптик жазалоо укугун ашыкча пайдалангандыгы же ушул Уставда каралбаган тартиптик жазаны колдонгондугу үчүн, ошондой эле кол алдындагы кызматкерлер жасаган тартиптик жоруктарын, кызматтык тартипти бузууларын атайын жашыргандыгы үчүн башчы (командир), укук коргоо органынын жетекчиси жоопкерчилик тартат.
104. Тартиптик жорук жасаган, кызматтык тартип бузган кол алдындагы кызматкер менен аңгемелешүү жүргүзүүдө же ага тартиптик жаза берүүдө башчыга (командирге), укук коргоо органынын жетекчисине ал кызматкердин жеке беделин түшүрүүгө жана оройлукка жол берүүгө тыюу салынат.
105. Ачыктык чараларын колдонуу жана коомдук талкууга коюу, кызматтык тартипти, жалпы адамзаттык жана кесиптик жактан маанилүү адептик, этикалык жана жүрүм-турумдун башка жалпы кабыл алынган принциптерин жана ченемдерин бузуучуларга карата укук коргоо органында (бөлүктө) келишпес мамилени түзүү максатында кызматкердин тартиптик жоруктары тартип бузуучулардын иштеген жериндеги кызматтык этика боюнча комиссиянын жыйналыштарында каралышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
106. Тартиптик жорук жасаган, кызматтык тартипти бузган кызматкерди кызматтык этика боюнча комиссиянын жыйындарында кароо чечими ошол коомдук түзүлүш түзүлгөн укук коргоо органынын бөлүгүнүн башчысы (командири), укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан кабыл алынат. Кызматтык этика боюнча комиссиянын өтүнүч каты боюнча тартиптик жазаны жарыялоо буйругу, ушундай укукка ээ болгон башчы (командир), укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан, өтүнүч кат келип түшкөндөн кийин токтоосуз же беш жумуш күндөн кечиктирилбестен чыгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
107. Тартиптик жаза берүү тартиптик жорук, кызматтык тартипти бузуу табылгандан же аныкталгандан кийин түздөн-түз аткарылат, бирок табылган же аныкталган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбеши керек, кызматкердин ооруп калган, иш сапарда же өргүүдө жүргөн мезгилдери, кызматтык териштирүүгө (текшерүүгө) кеткен убакыттар эсептелбейт.
108. Тартиптик жорук, кызматтык тартипти бузуу белгилүү болгон же аныкталган күн деп бул тартиптик жорук, кызматтын тартипти бузуу тууралуу түздөн-түз башчыга (командирге), укук коргоо органынын жетекчисине тартиптик таасир берүүчү чараларды колдонуу боюнча анын тартиптик укугуна карабастан белгилүү болгон күн эсептелет. Тартиптик жоруктун, кызматтык тартипти бузуунун белгилүү болгондугу же аныкталгандыгы тиешелүү документ менен белгиленет, белгиленген тартипте каттоого алынат жана бул кызматтык териштирүүнү (текшерүүнү) дайындоого негиз болуп берет.
109. Берилген жазанын өз убагында, белгиленген мөөнөттө аткарылбай калгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар тартиптик негизде жоопкерчиликке тартылышат.
110. Тартиптик жаза тартиптик жорук жасагандан, кызматтык тартипти бузуу болгон күндөн тартып 6 айдан кечиктирилбестен, ал эми каржы-чарба ишин текшерүүнүн, тескөөчүлүк текшерүүнүн же аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча - аны жасаган күндөн тартып 2 жылдан кечиктирилбестен колдонулушу мүмкүн. Бул мөөнөткө жазык сот өндүрүшүнүн убактысы кошулбайт.
111. Ушул Уставдын 110-пунктунда аталган тартиптик жоопкерчиликке тартуунун эскирүү мөөнөтү "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5, 10 жана 13-пункттарында каралган тартиптик жоруктарга жайылтылбайт.
112. Кызматкерге берилген тартиптик жаза колдонулган, ага карата кызматтык териштирүү (текшерүү) жүргүзүлгөн мезгилде же кызматкер шектүү, күнөөлүү болуп саналган жазык иши болсо, аны кызматынан жогорулатууга, кезектеги атайын наам ыйгарууга сунуштоого, сыйлоого жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
113. Кызматкерлер автожол, темир жол, аба, суу жолдорунда баратканда, ошондой эле өргүүдө, иш сапарда, дарыланууда же окуп жүргөн учурларда тартиптик жорук жасашса, кызматтык тартипти бузушса, ал тууралуу белгилүү болгон укук коргоо органынын аймактагы бөлүгүнүн башчысы (командири) тартиптик жоруктун жасалышына, кызматтык тартиптин бузулушуна бөгөт коюу чараларын көрөт. Андан кийин тартиптик жорук жасаган кызматкерлердин кызмат өтөгөн жерине окуя тууралуу жазуу жүзүндө билдирет.
114. Кол алдындагы кызматкер өргүүдө, иш сапарда, дарыланууда жана окууда, кызматтан тышкаркы убакта жана кызматтык ишине жана кызматтык кызыкчылыктарына байланышпаган тартиптик жоруктарды, кызматтык тартипти бузууга жана кылмыштарды жасагандыгы үчүн башчы (командир), укук коргоо органынын жетекчиси жоопкерчилик тартпайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Кызматкердин кызматтык жана (же) эмгек укуктарын бузган башчыны (командирди) тартиптик жоопкерчиликке тартуу
115. Тартиптик жаза берүүдө кол алдындагы кызматкерлерге карата мыйзамсыз же негизсиз аракеттерге (аракетсиздикке) жол берген башчы (командир), эгерде жасалган иште кылмыштын белгилери байкалбаса, тартиптик негизде жоопкерчиликке тартылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
116. Кызматкерге мыйзамсыз тартиптик жаза берүүнүн натыйжасында мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурган жана натыйжасында кызматкерге акча каражатын төлөгөн укук коргоо органы, укук коргоо органынын бөлүгү түздөн-түз мыйзамсыз аракет жасаган кызмат адамына каршы талаптарды (регресс) коюуга укуктуу.
117. Кызматкерге мыйзамсыз тартиптик жаза берген, анын натыйжасында мамлекетке материалдык зыян келтирген, жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте күнөөлүү деп таанылган укук коргоо органынын кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылуу менен катар жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекетке келтирген материалдык зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.
7-глава. Тартиптик жазаларга даттануунун тартиби
118. Кызматкерге тартиптик жаза берүү жөнүндө башчынын (командирдин) чечимине, тиешелүү буйрукка кол коюп таанышкан күндөн тартып, ал эми бошотуу маселеси боюнча - бошотуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн кызматкерге кол койдуруп тапшырган күндөн тартып же талаптагыдай кабарландыргандан кийин, бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен кызматкер тарабынан андан жогору турган башчыга (командирге), укук коргоо органынын жетекчисине рапорт түрүндө жазуу жүзүндө (бошотулган учурда - арыз) даттана алат.
119. Кызматкер тиешелүү буйрукка кол коюудан же таанышуудан, ошондой эле буйрук менен таанышууга келүүдөн баш тарткан учурда, ага карата кабыл алынган чечимге даттануунун мөөнөтү тиешелүү акт толтурулган күндөн же кызматкердин жашаган жери боюнча дарегине билдирүү жиберилген күндөн тартып белгиленет.
120. Кабыл алынган чечимге даттанып жаткан кызматкердин рапорту (арызы) ал берген күнү милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
121. Даттанууну иш-аракети күнөөлөнгөн башчынын (командирдин) кароосуна жиберүүгө болбойт.
122. Жогору турган жетекчи берилген даттанууну 14 күндөн кечиктирбестен ар тараптуу кароого жана ал боюнча төмөнкүдөй формада таризделүүчү чечим чыгарууга милдеттүү:
а) буйрук - тартиптик жазага тартуунун укук ченемдүү эместиги жөнүндө даттануу негиздүү болгон учурда;
б) кат - эгерде даттануудагы баяндалгандар ырасталбаса.
123. Кабыл алынган чечим жөнүндө жогору турган жетекчи ал кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде даттанган адамга, ошондой эле иш-аракети даттанылган башчыга (командирге) жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
124. Өзүнүн даттануусу боюнча жогору турган жетекчинин кабыл алган чечимине макул болбогон кызматкер өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында тийиштүү чечим менен таанышкан күндөн тартып бир айдын ичинде жогору турган органдарга кайрылууга же соттук тартипте даттанууга укуктуу.
125. Даттануу эгерде анда коюлган бардык маселелер каралып, алар боюнча зарыл чаралар көрүлүп, толук жооптор берилгенде гана алар чечилген болуп эсептелет.
126. Кызматкерлердин даттануусуна тоскоолдук жасоого жана ал үчүн аны жазалоого, куугунтуктоого же иши боюнча кысымга алууга тыюу салынат.
127. Тартиптик жазага тартылган кызматкер жогору турган жетекчиге даттанган учурунда тартиптик жазаны аткаруу токтотулбайт.
128. Мыйзамда белгиленген тартипте мыйзамсыз же негизсиз ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулган, атайын наамы бир тепкичке төмөндөтүлгөн, ошондой эле укук коргоо органынан кызматтан бошотулган деп таанылган кызматкердин тиешелүү ээлеген кызматы, атайын наамы, кызматы калыбына келтирилет.
8-глава. Сыйлоо чараларын жана тартиптик жазаларды эсепке алуунун тартиби
129. Сыйлоолорду жана тартиптик жаза берүүнү эсепке алуу бардык укук коргоо органдары жана бөлүктөрү үчүн милдеттүү.
130. Укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн мезгилине кызматкерлерге жарыяланган сыйлыктар жана сыйлоолор тууралуу маалыматтар анын өздүк ишинин кызматы жөнүндөгү маалымат тизмесинин "Сыйлоолор жана сыйлыктар" бөлүгүнө жана эмгек китепчесине жазылат.
131. Укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн мезгилинде кызматкерге берилген тартиптик жазалар тууралуу маалыматтар анын өздүк ишинин кызматы жөнүндөгү маалымат тизмесине тартиптик жаза берүү жөнүндө буйрукка кол койдуруп алынган күндөн тартып үч күндөн кечиктирилбей жазылат.
132. Кызматкердин өздүк ишине тартиптик жаза берүү тууралуу жазуулар өз убагында киргизилбесе же атайлап эле киргизилбей калса ал тартиптик жорук болуп саналат жана тартиптик жоопкерчиликке тартууга алып келет.
133. Сыйлоо жана тартиптик жазаларды эсепке алуу боюнча кызматтык документтер белгиленген тартипте бекитилген иштердин номенклатурасына ылайык иштерге түзүлөт.
| Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставына 1-тиркеме |
Кол алдындагы кызматкерлерге карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчилеринин (башчыларынын) жана тийиштүү тартиптик укуктардын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
№ | Кызмат орду | Чараларды колдонуу боюнча тартиптик укуктар | |
|
| сыйлоо | тартиптик жоопкерчилик |
1 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри | Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бардык кызматкерлерине карата Тартиптик уставдагы тартиптик укуктарды толук көлөмдө колдонот. Кыргыз Республикасынын ички иштер органындагы өзгөчө тартипте дайындалуучу административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата ээлеген кызмат ордунан бошотуу түрүндө тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштарды киргизет | |
2 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, орун басары | Алкыш жарыялайт. Мурда берилген тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салат. Сыйлоолор жөнүндө өтүнүч кат берет | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Кызматына толук ылайык эместиги жөнүндө эскертет. Төмөндөтүү менен ээлеген кызмат ордунан бошотот (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри белгилеген компетенциянын чегинде). Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
3 | Кыргыз Республикасынын ИИМинин окуу жайларынын жетекчилери (башчылары) | Алкыш жарыялайт. Акчалай сыйлык төлөйт. Баалуу белек менен сыйлайт. Окуу жайдын ардак грамотасы менен сыйлайт. Окуу жайдын ардак китебине же ардак тактасына кызматкердин аты-жөнүн (анын ичинде окуу жайдын курсанттарына, угуучуларына, адъюнкттарына карата) киргизет. Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын кызматкерлерине кезектеги атайын наамды мөөнөтүнөн мурда (компетенциясынын чегинде) ыйгарат. Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын кызматкерлерине ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогорку кезектеги атайын наамды (компетенциясынын чегинде) ыйгарат. Курсанттарды окуу жайы жайгашкан жерден кезексиз бошотот. Мурда берилген тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда (компетенциясынын чегинде) алып салат. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген сыйлоолор жөнүндө өтүнүч кат берет | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Кызматына толук ылайык эместиги жөнүндө эскертет. Төмөндөтүү менен ээлеген кызмат ордунан (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Атайын наамын бир тепкичке (атайын наамдарды ыйгаруу боюнча берилген укуктарынын чегинде) төмөндөтөт. Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынан кызматтан (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Кезексиз кезметке (курсанттарды) дайындайт. Курсанттардын окуу жайы жайгашкан жерден кезектеги бошотуусун алып салат. Окуу жайынан (окуу жайдын курсанттарына, угуучуларына, адъюнкттарына, докторанттарына карата) окуудан чыгарат. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
4 | ИИМдин ведомстволук, бөлүктөрүнүн жетекчилери (башчылары), командирлери (кызмат орундарына дайындоого жана ички иштер органдарынан кызматтан бошотууга укугу барлар). | Алкыш жарыялайт. Акчалай сыйлык төлөйт. Баалуу белек менен сыйлайт. Бөлүктүн ардак грамотасы менен сыйлайт. Бөлүктүн ардак китебине же ардак тактасына кызматкердин аты-жөнүн киргизет. Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын кызматкерлерине кезектеги атайын наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгарат. Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын кызматкерлерине ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогорку кезектеги атайын наамды ыйгарат. Мурда берилген тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда (компетенциясынын чегинде) алып салат. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген сыйлоолор жөнүндө өтүнүч кат берет | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Кызматына толук ылайык эместиги жөнүндө эскертет. Төмөндөтүү менен ээлеген кызмат ордунан (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Атайын наамын бир тепкичке (атайын наамдарды ыйгаруу боюнча берилген укуктардын чегинде) төмөндөтөт. Ички иштер органдарынан кызматтан (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
5 | Аймактык ИИББдердин - ИИБдердин жетекчилери (башчылары) | Алкыш жарыялайт. Акчалай сыйлык төлөйт. Баалуу белек менен сыйлайт. Бөлүктүн ардак грамотасы менен сыйлайт. Бөлүктүн ардак китебине же ардак тактасына кызматкердин аты-жөнүн киргизет. Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын кызматкерлерине кезектеги атайын наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгарат. Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын кызматкерлерине ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогорку кезектеги атайын наамды ыйгарат. Мурда берилген тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда (компетенциясынын чегинде) алып салат. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген сыйлоолор жөнүндө өтүнүч кат берет | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Кызматка толук ылайык эместиги жөнүндө эскертет. Ички иштер органдарында кызмат өтөөдөн төмөндөтүү менен ээлеген кызмат ордунан (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Атайын наамын бир тепкичке төмөндөтөт (атайын наамдарды ыйгаруу боюнча берилген укуктардын чегинде). Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
6 | Райондук ИИБдердин, шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын күзөт бөлүмдөрүнүн жана бөлүмчөлөрүнүн, Түштүк башкармалыгынын жетекчилери (башчылары) | Алкыш жарыялайт. Акчалай сыйлык төлөйт. Баалуу белек менен сыйлайт. Бөлүктүн ардак грамотасы менен сыйлайт. Бөлүктүн ардак китебине же ардак тактасына кызматкердин аты-жөнүн киргизет. Мурда берилген тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салат (компетенциясынын чегинде). Алардын тартиптик укуктарына кирбеген сыйлоолор жөнүндө өтүнүч кат берет | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Кызматына толук ылайык эместиги жөнүндө эскертет. Атайын наамын бир тепкичке төмөндөтөт (атайын наамдарды ыйгаруу боюнча берилген укуктардын чегинде). Төмөндөтүү менен ээлеген кызмат ордунан бошотот (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде). Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан кызматтан (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
7 | Саптык бөлүктөрдүн командирлери (кызмат орундарына дайындоого жана ички иштер органдарынан кызматтан бошотууга укугу барлар) | Алкыш жарыялайт. Акчалай сыйлык төлөйт. Баалуу белек менен сыйлайт. Бөлүктүн ардак грамотасы менен сыйлайт. Бөлүктүн ардак китебине же ардак тактасына кызматкердин аты-жөнүн киргизет. Мурда берилген тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда (компетенциясынын чегинде) алып салат. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген сыйлоолор жөнүндө өтүнүч кат берет | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын кызматкерлерин кызматына толук ылайык эместиги жөнүндө эскертет. Атайын наамын бир тепкичке төмөндөтөт (атайын наамдарды ыйгаруу боюнча берилген укуктардын чегинде). Төмөндөтүү менен ээлеген кызмат ордунан бошотот (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде). Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан кызматтан (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
8 | Бардык деңгээлдеги башка жетекчилер (башчылар, командирлер) | Алардын тартиптик укуктарына кирбеген сыйлоолор жөнүндө өтүнүч кат берет | Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
Кыскартуулардын тизмеси:
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; |
ИИББ | - | Ички иштер башкы башкармалыгы; |
ИИБ | - | ички иштер башкармалыгы. |
| Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставына 2-тиркеме |
Кол алдындагы кызматкерлерге карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчилеринин (начальниктеринин) жана тийиштүү тартиптик укуктардын ТИЗМЕГИ
№ | Кызмат орду | Чараларды колдонуу боюнча тартиптик укуктар |
|
|
| сыйлоо | тартиптик жоопкерчилик |
1 | ЖАКнын төрагасы | Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарынын бардык кызматкерлерине карата Тартиптик уставдагы тартиптик укуктарды толук көлөмдө колдонот. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарындагы өзгөчө тартипте дайындалуучу административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата ээлеген кызмат ордунан бошотуу түрүндө тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштарды киргизет | |
2 | ЖАКнын төрагасынын биринчи орун басары, орун басары | Алкыш жарыялайт. Акчалай сыйлык, баалуу белек, ардак грамота, ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт. Мурда берилген тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салат. Кезектеги атайын наамды мөөнөтүнөн мурда же штатта ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогорку кезектеги атайын наамды ыйгаруу жөнүндө өтүнүч кат берет | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Кызматына толук ылайык эместиги жөнүндө эскертет, төмөндөтүү менен ээлеген кызмат ордунан, ЖАС мекемелеринен жана органдарынан кызматтан (ЖАКнын төрагасы тарабынан белгиленген компетенциясынын чегинде) бошотот. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
3 | ЖАКнын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери (башчылары) (кызмат орундарына ЖАС органдарынан кызматка дайындоого жана кызматтан бошотууга укугу барлар) | Алкыш жарыялайт. Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын кызматкерлерине кезектеги атайын наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгарат. Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын кызматкерлерине ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогорку кезектеги атайын наамды ыйгарат. Мурда берилген тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда (компетенциясынын чегинде) алып салат. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген сыйлоолор жөнүндө өтүнүч кат берет | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде). Кызматка толук ылайык эместиги жөнүндө (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) эскертет. Төмөндөтүү менен ээлеген кызмат ордунан, ЖАС мекемелеринен жана органдарынан кызматтан (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Атайын наамын бир тепкичке төмөндөтөт (атайын наамдарды ыйгаруу боюнча берилген укуктардын чегинде). Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
4 | Түзөтүү мекемелеринин, тергөө изоляторлорунун башчылары | Алкыш жарыялайт. Акчалай сыйлык төлөйт. Баалуу белек менен сыйлайт. Бөлүктүн ардак грамотасы менен сыйлайт. Бөлүктүн ардак китебине же ардак тактасына кызматкердин аты-жөнүн киргизет. ЖАС органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын кызматкерлерине кезектеги атайын наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгарат. ЖАС органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын кызматкерлерине ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогорку кезектеги атайын наамды ыйгарат. Мурда берилген тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салат. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген сыйлоолор жөнүндө өтүнүч кат берет | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Кызматка толук ылайык эместиги жөнүндө эскертет. Төмөндөтүү менен ээлеген кызмат ордунан (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Атайын наамын бир тепкичке төмөндөтөт (атайын наамдарды ыйгаруу боюнча берилген укуктардын чегинде). ЖАС мекемелеринен жана органдарынан кызматтан (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
5 | Бардык деңгээлдеги башка жетекчилер (башчылар, командирлер) | Алардын тартиптик укуктарына кирбеген сыйлоолор жөнүндө өтүнүч кат берет | Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЖАС | - | Жазык-аткаруу системасы; |
ЖАК | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы.
|
| Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын 3-тиркеме |
Кол алдындагы кызматкерлерге карата сыйлоо
жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу
боюнча Кыргыз Республикасынын бажы иши
чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органдын жетекчилеринин (башчыларынын)
жана тийиштүү тартиптик укуктардын
тизмеги
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орду | Чараларды колдонуу боюнча тартиптик укуктар | |
сыйлоо | тартиптик жоопкерчилик | ||
1 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бардык кызматкерлерине карата Тартиптик уставдын тартиптик укуктары толук көлөмдө колдонулат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына дайындоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата тартиптик жоопкерчилик чараларын, анын ичинде ээлеген кызмат орундарынан бошотуу түрүндө чараларды колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет | |
2 | Бардык деңгээлдердеги башка жетекчилер (башчылар) | Сыйлоо жөнүндө өтүнүч берүү | Тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизүү |
|
| Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставына 4-тиркеме |
Кол алдындагы кызматкерлерге карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчилеринин (башчыларынын) жана тийиштүү тартиптик укуктардын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 400 токтомуна ылайык күчүн жоготту)