Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы ПЖ № 78 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 16-январы ПЖ № 37
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө"Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын ишин өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы № 214 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Указ менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиясы жөнүндө Жободо:
Жобонун 2-пунктунун биринчи абзацындагы "он эки" деген сөздөр "сегиз" сөз менен алмаштырылсын;
10-пункттагы "10" жана "8" деген сандар тийиштүү түрдө "7" жана "6" деген сандар менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |