Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы № 214 Указы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия жөнүндөгү ЖОБО
(КР Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 156, 2009-жылдын 16-январындагы ПЖ № 37, 2015-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ № 258, 2017-жылдын 19-июлундагы ПЖ № 132 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлгөндөрдү алдын ала карап чыгуу, коомдук баа берүү жана Кыргыз Республикасынын граждандарын сыйлоого объективдүү мамилени камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлдөрүнөн, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн, илим жана маданият ишмереринен түзүлөт.
(КР Президентинин 2015-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ № 258 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында туруктуу иштей турган орган болуп саналат жана анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө комиссиянын төрагасынын, аныи орун басарынын, жооптуу катчысынын жана он эки мүчөсүнүн курамында бекитилет.
Кыргыз Республикасынын Президенти Комиссиянын мүчөлөрүн ротация кыла алат.
(КР Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 156, 2009-жылдын 16-январындагы ПЖ № 37, 2015-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ № 258 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
3. Комиссиянын иши коомдук башталышта жүргүзүлөт. Комиссиянын төрагасы, анын орун басары жана жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кызматкерлеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчилеринен дайындалат.
(КР Президентинин 2017-жылдын 19-июлундагы ПЖ № 132 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Өз ишинде Комиссия Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Указдарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
II. Комиссиянын функциялары
5. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлгөндөрдү карайт жана баа берет жана Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизет;
- сыйлык берүү, сыйлыктарга болгон укуктарын калыбына келтирүү, сыйлыктан ажыратуу, орден жана медалдардын, ардак наамдардын жоголуп кеткен күбөлүктөрүнүн ордуна дубликаттарды берүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө корутунду чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик сыйлыктарга байланыштуу тапшырмаларын аткарат;
6. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын катчылыгы Комиссиянын жумушчу органы болуп саналат.
(КР Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 156 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
III. Комиссиянын ишин камсыз кылуу
7. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Президентине мамлекеттик сыйлыктарды уюштуруу жана жоюу, мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө мыйзамдардын колдонуу тажрыйбасын өркүндөтүү жөнүндө сунуш киргизет;
- мамлекеттик сыйлыктарга, ошондой эле граждандарды сыйлоо, сыйлык берүү тажрыйбасына тиешеси бар мыйзам долбоорлорун жана башка нормативдик укуктук актылар боюнча корутунду чыгарат;
- министрликтерден, административдик ведомстволордон, мамлекеттик комиссиялардан, фонддордон жана башка мамлекеттик аткаруу органдарынан, уюмдардан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан , жергиликтүү өзүнөзү башкаруу органдарынан, ошондой эле ишканалардан, мекемелерден, коомдук уюмдардан жана кызмат адамдарынан Комиссия карап жаткан маселелер боюнча материалдарды жана документтерди суратат;
- өзүнүн жыйналышына мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдардын, эмгек жамааттарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын каралып жаткан маселеге тиешеси бар өкүлдөрүн чакыртат;
- мамлекеттик, анын ичинде өкмөттүк байланыш жана коммуникация системасынан пайдаланат.
IV. Комиссияга жетекчилик кылуу жана ишин уюштуруу
8. Комиссияга анын төрагасы жетекчилик кылат.
9. Комиссиянын жыйналышы зарылчылыгына жараша, бирок эки айда кеминде би жолуу өткөрүлөт. Жыйналышты Комиссиянын төрагасы, ал ами ал жокто комиссиянын төрагасынын орун басары алып барат.
10. Комиссиянын кеминде он эки мүчөсүнүн катышуусу зарыл болгон "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын берүү жөнүндө маселе каралган учурларды кошпогондо, Комиссиянын жыйналышына анын кеминде он мүчөсү катышса, ал ыйгарым укуктуу деп эсептелет. Комиссиянын чечими "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын берүү, "Манас", "Данакер" ордендери менен сыйлоо жана "эл" деген ардактуу наамды берүү маселелери каралып жаткан учурда Комиссиянын кеминде он мүчөсү "макул" деп добуш берсе кабыл алынды деп, ал эми калган маселелер боюнча Комиссиянын кеминде сегиз мүчөсү "макул" деп добуш берсе кабыл алынды деп эсептелет. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын берүү жөнүндө маселени кароону кошпогондо, зарыл болгон учурда Комиссиянын чечимдери сурамжылоо тартибинде кабыл алынышы мүмкүн. Комиссиянын мүчөлөрүн сурамжылоо тартибинде кабыл алынган чечимдерге 7 күндүк мөөнөттө милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө ырастоо талап кылынат.
(КР Президентинин 2015-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ № 258 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
11. Комиссиянын чечимине протокол жазылат жана ата Комиссиянын Төрагасы ал эми ал жокто Комиссиянын төрагасынын орун басары кол коет.
12. Туура толтурулган сыйлоо материалдары жыйналышка чейин бир ай мурда комиссияга сунуш кылынууга тийиш.
13. Комиссиянын жыйналышы үчүн материалдарды жана Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин долбоорлорун даярдоону, кабыл алынган чечимдерин өз учурунда аткарылышына контролдукту Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын катчылыгы жүзөгө ашырат.
(КР Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 156 Жарлыгынын редакциясына ылайык)