Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы №155
Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылга карата кабыл алынган иш планына ылайык «Ош шаарынын 2019-жылга бюджетин жана 2020-2021-жылдарга болжолун, 2019-2021-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө» маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексинин» негизинде Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 1-февралындагы №3, №5 жана 11-февралындагы №11 токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-2021-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2019-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджети кирешелери жана чыгашалары боюнча 1 127 634,0 миң сом, 2020-жылга болжолу 1 172 311,0 миң сом жана 2021-жылга болжолу 1 232 345,0 миң сом суммасында 2, 3, 4 жана 5- тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. Жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн ченемдери «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга Республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленсин.
4. 2019-жылга башкаруу органдарын каржылоого кетүүчү чыгымдар 6-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Шаардагы тейлөө тармагындагы муниципалдык мекеме ишканаларга жергиликтүү бюджеттин эсебинен берилүүчү субсидиялар 7-тиркемеге ылайык каралсын.
6. Ош шаарынын коомдук муниципалдык жүргүнчүлүк автоунааларында жеңилдиктерден пайдаланып жүрүүгө укуктуу жарандардын жол кире акысы үчүн төлөнүүчү компенсацияга субсидия 15 000,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
7. Бүткүл дүйнөлүк, Европалык реконструкциялоо жана өнүгүү банктары аркылуу алынган кредиттерди жоюуга, ошондой эле Ош шаары мүчө болуп кирген Эл аралык уюмдарга жана ассоциацияларга мүчөлүк акы төлөөгө 67 000,0 миң сом акча каражаты каралсын.
8. «Ош жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасына 19 620,0 миң сом субсидия Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан берилген ссуданы төлөө үчүн каралсын.
9. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен шаардагы мектептердин 1-4-класстарда окуган окуучулардын тамактануусун уюштуруу (ченеми бир окуучуга 10 сом эсебинде) жана өз убагында камсыз кылуу жагы Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (А.Асанов) милдеттендирилсин.
10. Шаардагы мектептердин мугалимдеринин, бала-бакчалардагы тарбиячылардын жана шаардагы медицина тармагында эмгектенген медайымдардын, санитаркалардын коммуналдык төлөмдөрүнө женилдиктер үчүн айына бир кызматкерге 300 сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен бекитилсин.
11. Ош шаарындагы педиатр врачтардын коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдиктер үчүн айына бир кызматкерге 500 сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен бекитилсин.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы №157 токтому менен бекитилген Жобонүн 13-пунктуна ылайык, Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлеринин коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдиктерге жана транспорт чыгымдарына бир кызматкерге айына 1 000 сомдон бекитилсин.
13. Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо боюнча иш-чараларына акча каражаты 8-тиркемеге ылайык бекитилсин.
14. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 2019-жылга түшкөн кирешелердин чегинде биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, дары-дармек, тамак-аш жана социалдык жеңилдиктер) каржылануусу белгиленсин. Чыгашалардын корголгон беренелерин жана башка максаттарга бөлүнгөн акча каражаттарын туура жана так колдонуу үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жетекчилерине жүктөлсүн.
15. Бюджеттик мекемелерге атайын каражаттарын казына системасынан сырткары колдонууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын.
16. Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдын 1-январына калган акча каражаттарынын калдыгынын эсебинен кошумча каржылоолор 9-тиркемеге ылайык бекитилсин.
17. 2019-жылдын 1-январына карата Ош шаарынын жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 12 000,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
18. Ош шаарынын мэриясына (Т. Сарыбашов):
-жергиликтүү бюджеттен мекеме-уюмдарга берилүүчү субсидия түрүндөгү акча каражатынын көлөмүн кыскартуу үчүн муниципалдык мекеме-уюмдардын өздүк кирешесин көбөйтүү боюнча тиешелүү иш-аракеттерди камсыз кылуу;
-Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасында каралган акча каражаттарын максаттуу каржылоо;
-Ош шаардык капиталдык курулуш жана шаардык жолдор башкармалыктарынын 2019-жылга түзүлгөн титулдук баракчаларында курулуш иштерине бөлүнгөн акча каражаттарын өз убагында так жана толугу менен аткаруусун камсыздоо милдеттендирилсин.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгына (Э.Чоюнов), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгына (О.Торобаев) жана шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев) 2019-жылдын бюджетинде бекитилген киреше бөлүктөрүн (ар бир түрү боюнча) толугу менен өз убагында сапаттуу аткаруу милдеттендирилсин.
20. Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялсын (А.Эргашева).
21. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) тапшырылсын.
Тѳрага | Ж.Ормонов |
|
Ош шаардык Кеңешинин | |||||||
2019-жылдын 19-февралындагы | |||||||
кезектеги XIX сессиясынын | |||||||
№155 токтомуна | |||||||
1-тиркеме | |||||||
Ош шаарынын негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн 2019-2021-жылдарга болжолу | |||||||
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Өлчөм бирдиги | 2017-жыл факт | 2018-жыл факт | 2019-жылга болжол | 2020-жылга болжол | 2021-жылга болжол |
1 | Региондук дүң продукт | млн.сом | 30 442,1 | 32 227,0* | 34 341,3 | 38 851,2 | 44 150,8 |
| мурунку жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу | % | 108,0 | 103,7* | 104,0 | 104,2 | 104,4 |
2 | Айыл чарба, токой чарба жана балык уулоочулуктун дүң продукциясы | млн.сом | 955,1 | 977,1 | 1 012,9 | 1 202,3 | 1 282,9 |
| мурунку жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу | % | 103,6 | 102,3 | 102,2 | 102,4 | 102,7 |
3 | Өнөр жай продукциясынын көлөмү (сатып алынуучу электр энергиясын эсепке албаганда иштетип алма чийки затты кайра иштетүүнүн наркын эске алуу менен) | млн.сом | 4 747,3 | 4 213,6 | 4 539,8 | 4 896,0 | 5 305,7 |
| физикалык көлөмүнүн индекси | % | 114,5 | 102,8 | 103,4 | 103,1 | 103,3 |
4 | Өнөр жай продукциясынын көлөмү (иштетип алма чийки затты кайра иштетүүнүн наркын эске албастан, бирок сатып алынуучу электр энергиясын эсепке алуу менен) | млн.сом | 4 300,2 | 4 549,6 | 4 700,4 | 5 172,1 | 5 594,2 |
| физикалык көлөмүнүн индекси | % | 114,5 | 101,7 | 103,3 | 103,0 | 103,1 |
5 | Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң чыгарылышы | млн.сом | 35 275,3 | 38 628,3 | 42 583,9 | 48 412,3 | 55 163,7 |
| мурунку жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу | % | 104,5 | 103,6 | 104,0 | 106,2 | 106,4 |
6 | Көрсөтүлгөн рыноктук кызматтардын көлөмү - бардыгы | млн.сом | 59 026,7 | 63 515,4 | 68 727,7 | 77 031,9 | 86 629,7 |
| мурунку жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу | % | 109,5 | 104,4 | 104,9 | 104,8 | 105,3 |
7 | Дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо | млн.сом | 49 836,5 | 53 674,9 | 58 230,8 | 65 485,7 | 74 061,7 |
| мурунку жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу | % | 113,4 | 104,0 | 105,3 | 105,2 | 105,6 |
8 | Курулуштун дүң продукциясы | млн.сом | 6 621,8 | 7 501,0 | 7 680,7 | 8 158,4 | 8 575,1 |
| мурунку жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу | % | 105,7 | 111,9 | 102,0 | 106,0 | 105,0 |
9 | Негизги капиталга инвестициялар | млн.сом | 5 218,0 | 5 397,2 | 5 864,1 | 6 245,4 | 6 903,1 |
10 | Экономикада иштеген адамдардын саны | миң адам | 101,5 | 102,8 | 102,0 | 102,3 | 103,5 |
11 | Түзүлгөн жумуш орундары |
| 1 114 | 1 032 | 1 560 | 1 880 | 2 100 |
12 | Жумушсуздуктун жалпы деңгээли | % | 3,5 | 3,4 | 3,2 | 3,1 | 3,0 |
13 | Орточо бир айлык эмгек акы | сом | 13 274 | 14 393 | 15 291 | 16 445 | 17 372 |
| мурунку жылга карата реалдуу өсүш темпи | % | 96,5 | 101,8 | 102,3 | 101,6 | 99,6 |
14 | Жашоо минимуму | сом | 5 101,8 | 5 056,6 | 5 233,3 | 5 353,9 | 5 504,9 |
| мурунку жылга карата реалдуу өсүш темпи | % | …… | 99,1 | 103,5 | 102,3 | 102,8 |
* - күтүлүүдө | |||||||
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси | С.Маматалиева | ||||||
Ош шаардык Кеңешинин | |||
2019-жылдын 19-февралындагы | |||
кезектеги XIX сессиясынын | |||
|
| №155 токтомуна 2-тиркеме | |
| |||
2019-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин | |||
кирешелер бөлүгү | |||
(миң сом) | |||
№ | Кирешелер | Суммасы | |
| Салык кирешелери | 982 091,0 | |
1 | Киреше салыгы | 445 796,0 | |
2 | Милдеттүү патенттөө негизиндеги салык | 21 200,0 | |
3 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 163 480,0 | |
4 | Кичи ишкерлерлерден алынуучу бирдиктүү салык | 3 200,0 | |
5 | Кыймылсыз мүлккө салык | 85 095,0 | |
6 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 38 390,0 | |
7 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 13 500,0 | |
8 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 730,0 | |
9 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 35 000,0 | |
10 | Сатуудан түшүүчү салык | 174 800,0 | |
11 | Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык | 900,0 | |
| Салыктык эмес кирешелер | 65 300,0 | |
12 | Мамлекеттик имараттарды ижарага берүүдөн акы төлөө | 26 500,0 | |
13 | Жерлерден ижарасы үчүн акы төлөө | 33 500,0 | |
|
|
| |
14 | Жерди бөлүштүрүү Фондусунун жеринин ижара акысы | 1 500,0 | |
15 | Таштандыларды ташып чыгууга жыйымдар | 1 300,0 | |
16 | Автотранспорт токтоочу жайлардан алынуучу жыйым | 2 500,0 | |
| Жалпысы (атайын каражаттарды кошпогондо) | 1 047 391,0 | |
17 | Атайын каражаттар | 80 243,0 | |
| ЖАЛПЫ КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 1 127 634,0 | |
Ош шаардык Кеңешинин | |||
аппарат жетекчиси | С.Маматалиева | ||
|
|
| |
Ош шаардык Кеңешинин | ||
2019-жылдын 19-февралындагы | ||
кезектеги XIX сессиясынын | ||
№155 токтомуна 3-тиркеме | ||
2019-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин | ||
чыгашалар бөлүгү | ||
(миң сом) | ||
№ | Чыгашалар | Суммасы |
1 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга, анын ичинен: | 168 640,6 |
| мэриянын резервдик фонду | 10 000,0 |
| кредиттерди жоюга | 67 000,0 |
| атайын каражаттар | 200,0 |
2 | Коргоо тармагына | 7 835,8 |
3 | Экономикалык маселелерге | 112 030,7 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 292,5 |
4 | Турак-жай жана коммуналдык кызматтарга | 372 353,7 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 2 578,0 |
5 | Маданият жана спортко | 73 736,4 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 500,0 |
6 | Билим берүүгө | 377 717,6 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 76 322,5 |
7 | Социалдык коргоого | 15 319,2 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 350,0 |
|
|
|
| Жыйынтыгы | 1 127 634,0 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 80 243,0 |
Ош шаардык Кеңешинин | ||
аппарат жетекчиси | С.Маматалиева | |
Ош шаардык Кеңешинин | ||
2019-жылдын 19-февралындагы | ||
кезектеги XIX сессиясынын | ||
№155 токтомуна 4- тиркеме | ||
2020-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин жана чыгашаларынын | ||
болжолу | ||
(миң сом) | ||
№ | Кирешелер | Суммасы |
| Салык кирешелери | 1 046 168,0 |
1 | Киреше салыгы | 593 369,0 |
2 | Милдеттүү патенттөө негизиндеги салык | 21 200,0 |
3 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 163 480,0 |
4 | Кичи ишкерлерлерден алынуучу бирдиктүү салык | 3 200,0 |
5 | Кыймылсыз мүлккө салык | 83 095,0 |
6 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 36 890,0 |
7 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 12 500,0 |
8 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 730,0 |
9 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 35 000,0 |
10 | Сатуудан түшүүчү салык | 95 744,0 |
11 | Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык | 960,0 |
| Салык эмес кирешелери | 45 900,0 |
12 | Мамлекеттик имараттарды ижарага берүүдөн акы төлөө | 17 800,0 |
13 | Жерлерден ижарасы үчүн акы төлөө | 23 000,0 |
14 | Жерди бөлүштүрүү Фондусунун жеринин ижара акысы | 1 300,0 |
15 | Таштандыларды ташып чыгууга жыйымдар | 1 300,0 |
16 | Автотранспорт токтоочу жайлардан алынуучу жыйым | 2 500,0 |
| Жалпысы (атайын каражаттарды кошпогондо) | 1 092 068,0 |
17 | Атайын каражаттар | 80 243,0 |
| ЖАЛПЫ КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 1 172 311,0 |
№ | Чыгашалар | Суммасы |
1 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга | 183 344,9 |
| атайын каражаттар | 200,0 |
2 | Коргонууга | 7 307,0 |
3 | Экономикалык маселелерге | 108 846,3 |
| атайын каражаттар | 292,5 |
4 | Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө | 382 970,2 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 2 578,0 |
5 | Маданият жана спортко | 81 737,2 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 500,0 |
6 | Билим берүүгө | 391 674,7 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 76 322,5 |
7 | Социалдык камсыздоого | 16 430,7 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 350,0 |
| Жалпы чыгашалар: | 1 172 311,0 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 80 243,0 |
Ош шаардык Кеңешинин | ||
аппарат жетекчиси | С.Маматалиева | |
Ош шаардык Кеңешинин | ||
2019-жылдын 19-февралындагы | ||
кезектеги XIX сессиясынын | ||
№155 токтомуна 5-тиркеме | ||
2021-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин жана чыгашаларынын | ||
болжолу | ||
(миң сом) | ||
№ | Кирешелер | Суммасы |
| Салык кирешелери | 1 106 202,0 |
1 | Киреше салыгы | 749 108,0 |
2 | Милдеттүү патенттөө негизиндеги салык | 21 200,0 |
3 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 163 480,0 |
4 | Кичи ишкерлерлерден алынуучу бирдиктүү салык | 3 200,0 |
5 | Кыймылсыз мүлккө салык | 83 095,0 |
6 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 36 890,0 |
7 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 12 500,0 |
8 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 730,0 |
9 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 35 000,0 |
10 | Сатуудан түшүүчү салык |
|
11 | Жер казынасын пайдалангандык үчүн салык | 999,0 |
| Салык эмес кирешелери | 45 900,0 |
12 | Мамлекеттик имараттарды ижарага берүүдөн акы төлөө | 17 800,0 |
13 | Жерлерден ижарасы үчүн акы төлөө | 23 000,0 |
14 | Жерди бөлүштүрүү Фондусунун жеринин ижара акысы | 1 300,0 |
15 | Таштандыларды ташып чыгууга жыйымдар | 1 300,0 |
16 | Автотраспорт токтоочу жайлардан алынуучу жыйым | 2 500,0 |
| Жалпысы (атайын каражаттарды кошпогондо) | 1 152 102,0 |
17 | Атайын каражаттар | 80 243,0 |
| ЖАЛПЫ КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 1 232 345,0 |
№ | Чыгашалар | Суммасы |
1 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга | 193 417,8 |
| атайын каражаттар | 200,0 |
2 | Коргонууга | 7 708,9 |
3 | Экономикалык маселелерге | 114 816,7 |
| атайын каражаттар | 292,5 |
4 | Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө | 403 862,1 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 2 578,0 |
5 | Маданият жана спортко | 86 205,2 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 500,0 |
6 | Билим берүүгө | 409 019,1 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 76 322,5 |
7 | Социалдык камсыздоого | 17 315,2 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 350,0 |
| Жалпы чыгашалар: | 1 232 345,0 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 80 243,0 |
Ош шаардык Кеңешинин | ||
аппарат жетекчиси | С.Маматалиева | |
Ош шаардык Кеңешинин | ||
2019-жылдын 19-февралындагы | ||
кезектеги XIX сессиясынын | ||
№155 токтомуна 6-тиркеме | ||
2019-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинен башкаруу органдарына каралган чыгымдар | ||
(миң сом) | ||
№ | Ишканалардын аталышы | Суммасы |
1 | Ош шаарынын мэриясы | 24 943,2 |
2 | Ош шаардык Кеңеши | 9 029,1 |
3 | Ош шаарынын мэриясынын гаражы | 6 988,0 |
4 | Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштарды жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттиги | 3 362,2 |
5 | Ош шаардык муниципалдык менчик башкармасы | 11 547,9 |
6 | Жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменти | 4 444,4 |
7 | Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматы | 1 174,6 |
8 | Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитети | 3 021,5 |
9 | Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети | 2 593,9 |
10 | Ош шаардык маданият башкармалыгы | 3 737,2 |
11 | Ош шаардык билим берүү башкармалыгы | 320,0 |
12 | Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы | 5 610,9 |
13 | Муниципалдык аймактык башкармалыктар | 28 984,7 |
| Жалпысы | 105 757,6 |
Ош шаардык Кеңешинин | ||
аппарат жетекчиси | С.Маматалиева | |
Ош шаардык Кеңешинин | ||
2019-жылдын 19-февралындагы | ||
кезектеги XIX сессиясынын | ||
№155 токтомуна 7-тиркеме | ||
2019- жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинен субсидия берилүүчү мекеме ишканалар | ||
(миң сом) | ||
№ | Ишканалардын аталышы | Суммасы |
1 | Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы | 15 000,0 |
2 | Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасы | 10 320,0 |
3 | Ош муниципалдык "Жылуулук камсыздоо" ишканасы | 19 620,0 |
4 | " Ош шамы" гезитинин редакциясы | 2 000,0 |
5 | "Алай" футболдук клубу, А.Сүйүмбаев атындагы шаардык стадион | 19 500,0 |
6 | "Сулайман-Тоо" волейбол клубу | 3 900,0 |
7 | "Ош тазалык" адистештирилген муниципалдык ишканасы | 6 000,0 |
| Жалпысы | 76 340,0 |
Ош шаардык Кеңешинин | ||
аппарат жетекчиси | С.Маматалиева | |
Ош шаардык Кеңешинин |
| |||
2019-жылдын 19-февралындагы |
| |||
кезектеги XIX сессиясынын |
| |||
№155 токтомуна 8-тиркеме | ||||
2019-жылга Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо | ||||
боюнча иш-чараларына каралган чыгымдар | ||||
миң сом | ||||
№ | Аталышы | Суммасы | ||
1 | "Бүчүр" калыбына келтирүү борборуна | 443,2 | ||
2 | "Мөл булак" күндүзгү жашы жете элек эмгекке тартылган балдардын борборуна | 65,0 | ||
3 | ВИЧ Спид оорусун жуктурган балдарга ай сайын 1000 сомдон материалдык жардам көрсөтүүгө | 144,0 | ||
4 | Пенсионерлерге, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жеңилдиктерге | 1744,8 | ||
5 | Социалдык кызматкерлердин коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдиктерге жана транспорт чыгымдарына (ар бир кызматкерге 1000 сомдон бир айга) | 300,0 | ||
6 | Ош шаарындагы көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн бир жашка чейинки балдарына, сүт азыктарын алып берүүгө | 1000,0 | ||
| Жалпысы | 3697,0 | ||
Ош шаардык Кеңешинин | ||||
аппарат жетекчиси | С.Маматалиева | |||
Ош шаардык Кеңешинин | ||
2019-жылдын 19-февралындагы | ||
кезектеги XIX сессиясынын | ||
№155 токтомуна 9-тиркеме | ||
2019-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен | ||
каржылануучу иш-чаралардын тизмеси | ||
(миң сом) | ||
№ | Иш чаралар | Суммасы |
1 | Ош шаарында медицина тармагында эмгектенген медайымдардын жана санитаркалардын коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдиктерге (1 кызматкерге айына 300 сомдон) | 6 480,0 |
2 | Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын бала бакчаларында эмгектенген тарбиячылардын коммуналдык төлөмдөрүнө (1 кызматкерге айына 300 сомдон) жеңилдиктерге | 1 623,6 |
3 | Шаардагы №40 "Наристе" атайын бала бакчаларында тарбияланган балдардын тамак-ашына кошумча күнүнө бир балага кенже тайпаларга 22 сомдон, орто жана жогорку тайпаларга 28 сомдон | 1 022,5 |
4 | Аймактык Кеңештердеги аксакалдар сотторунун төрагаларын сыйлоого жана канцелярдык товар менен камсыз кылууга | 218,0 |
5 | Ош шаарынын социалдык жактан муктаж болгон жарандарына жардам көрсөтүүгө | 1 500,0 |
6 | Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" мыйзамынын алкагында коомдук пайдалуу иш-чараларды ишке ашырууга | 1 000,0 |
7 | Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ар түрдүү иш-чараларын өткөрүүгө | 500,0 |
8 | Афган согушунун катышуучуларынын жана ветерандарынын ар түрдүү иш-чараларын өткөрүүгө | 575,0 |
9 | Чернобыль атомдук элктростанциясындагы авариянын кесепеттерин жоюууга катышкандардын, инвалиддердин ар түрдүү иш-чараларына | 350,0 |
10 | "Ош шаары - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" долбоорунун алкагында иш-чараларды өткөрүүгө | 5 000,0 |
11 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 "Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" токтомун ишке ашырууга | 1 728,2 |
12 | Ош шаарынын деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгууга | 5 000,0 |
13 | Ош шаарынын мэриясынын өкүлчүлүк чыгымдарына | 1 000,0 |
14 | Ош шаардык Кеңешинин курьердик кызматтарды аткаруучуга айлык акыга жана күйүүчү майга төлөө үчүн | 145,2 |
15 | Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык жана тейлөөчү кызматкерлеринин кызматтык маяналарына айына кошумча төлөөгө 2019-жылдын 1-январынан | 6 666,7 |
16 | Ош шаардык Кеңешинин муниципалдык жана тейлөөчү кызматкерлеринин кызматтык маяналарына айына кошумча төлөөгө 2019-жылдын 1-январынан | 2 603,5 |
17 | Ош шаарынын коомчулук менен байланыш кызматынын муниципалдык жана тейлөөчү кызматкерлеринин кызматтык маяналарына айына кошумча төлөөгө 2019-жылдын 1-январынан | 409,1 |
18 | Ош шаарынын мэриясынын тышкы экономикалык байланыштарды жана бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү агенттигинин муниципалдык жана тейлөөчү кызматкерлеринин кызматтык маяналарына айына кошумча төлөөгө 2019-жылдын 1-январынан | 955,4 |
19 | Ош шаарынын мэриясынын автогаражынын кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча төлөөгө | 1 044,5 |
20 | Муниципалдык кызматкерлерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана муниципалдык мекемелердин тейлөөчү кызматкерлерине материалдык колдоо көрсөтүүгө | 3 544,7 |
21 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгына кошумча 30 штаттык бирдик кармоого | 6 045,2 |
22 | Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Ош башкармалыгына кошумча штаттык бирдик кармоого 2019-жылдын 1-январынан (иш кагаздарын жүргүзүүчү) | 150,0 |
23 | Ош шаарындагы педиатр врачтардын коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдиктерге (бир кызматкерге 500 сомдон бир айга) | 210,0 |
| Жалпысы | 47 771,6 |
Ош шаардык Кеңешинин | ||
аппарат жетекчиси С.Маматалиева | ||
|
| |