Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы №168
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 25-январындагы №63/08-13 Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 28-августундагы №134 токтому менен бекитилген Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын айрым түзүмдөрүнүн аталыштарын өзгөртүү жана “техникалык тейлөөчү кызматкерлер” тобуна кошумча 1 (бир) “Эсепчи” штаттык бирдик кошуп берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-мартындагы №152 “Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 30-январындагы №5 жана 2019-жылдын 12-февралындагы №7 токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 28-августундагы №134 “Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-№1 “Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын штаттык саны” тиркемесиндеги техникалык тейлөөчү кызматкерлеринин штаттык бирдиги 11 санынан 12 санына алмаштырылсын;
-№2 “Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмү” тиркемесиндеги "Юристтер тобу" деген аталыш “Юридикалык кызмат”, "Аймактык кеңештердин иши боюнча адистер тобу" деген аталыш "Муниципалдык аймактык башкармалыктарды координациялоо тобу" деп өзгөртүлсүн жана техникалык тейлөөчү кызматкерлеринин тобундагы 11 саны 12 санына алмаштырылсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Раимбердиев) жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж.Ормонов |
|
| Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 19-февралындагы кезектеги XIX сессиясынын №168 токтомунун 1-тиркемеси
|
Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын штаттык саны
№ № | Кызматтык орундардын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1. | Мэр | 1 |
2. | Биринчи вице-мэр | 1 |
3. | Вице-мэр | 3 |
4. | Аппарат жетекчи | 1 |
5. | Мэрдин кеңешчиси | 1 |
6. | Мэрдин жардамчысы | 1 |
7. | Бөлүм башчы | 7 |
8. | Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу | 1 |
9. | Башкы адис | 14 |
10. | Жетектөөчү адис | 14 |
11. | Адис | 7 |
|
Бардыгы: |
51
|
12. | Техникалык тейлөөдө иштеген кызматкерлер
| 12 |
13. | Кенже тейлөөчү кызматкерлер
| 7 |
|
Бардыгы: |
19
|
|
Жыйынтыгы: |
70
|
Ош шаардык Кеңешинин
аппарат жетекчиси С.Маматалиева
| Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 19-февралындагы кезектеги XIX сессиясынын №168 токтомунун 2-тиркемеси
|
Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмү
Ош шаардык Кеңешинин
аппарат жетекчиси С.Маматалиева