Загрузка документа…
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2022-жылдын 17-февралындагы
№60-28 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Калктуу конуштарда канализациянын жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруунун тартиби жөнүндө
№ 5 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Аламүдүн айыл аймагында “Калктуу конуштарда канализациянын жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашыруунун тартибин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги аталган маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерди аныктайт.
2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
3. “Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
4. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
5. “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
6. Кыргыз Республикасында калкка коммуналдык кызматтарды көрсөтүүнүн эрежелерин (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-декабрындагы №783 токтому менен бекитилген);
7. Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесине (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 128 токтому менен бекитилген);
8. Кыргыз Республикасынын Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик комитетинин 1994-жылдын 5-сентябрындагы буйругу менен бекитилген канализация системасына агынды сууларды кабыл алуу эрежесине;
9. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
3. “Калктуу конуштарда канализациянын жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
4. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат:
суу – жыты жана даамы жок, түзсүз, тунук суюктук;
сууну буруу - бул керектөөчүлөрдөн жана алардын тазалоочу тутумунан кийинки жеткирүүчү агып чыккан сууларды буруп кетүү үчүн арналган инженердик курулма комплекси;
суу түтүгүнүн тармагы (суу түтүгү) - ичүүчү сууну керектөөчү жерлерге берүү үчүн курулуштар менен жабдылган түтүк өткөргүчтөр тутуму.
санитардык коргоо зонасы - суу менен камсыз кылуу булагын жана ушул булактан чарбалык-ичүүчү багыттагы суу берүүчү суу түтүгү, анда сууну өтө коркунучтуу химиялык жана биологиялык заттардан жана организмдерден булгануудан сактоонун өзгөчө режими белгиленген чектеги аймак;
канализациялык тармак – агып чыккан сууларды буруп кетүү жана чогултуу үчүн аларга курулмалар жана каналдар, өткөрмө түтүктөр тутуму;
жергиликтүү тазалоочу курулмалар – канализация тутумундагы (кабыл алуу) аларды түшүрүүнүн алдында керектөөчүлөргө агып чыккан сууларды тазалоо үчүн арналган түзүлүш жана курулма;
суу пайдалануу чеги (сууну буруу) - коё берилген (алынган) ичүүчү суулардын жана аныкталган убак аралагында кабыл алынган (түшүрүлгөн) агып чыккан суулардын көлөмүнүн жеткен чегин өз алдынча башкаруу органдарынын белгиленген керектөөлөрү;
тыюу салынган таштанды – негизги айлана-чөйрөнү булгоочу жана бул тутумдун кадимкидей иштөөсүн бузган, зыян келтирүүчү жана канализация тутумун аварияга алып келүүчү же чакыруучу агып чыккан сууну кирдетүүчү заттар;
агып чыккан суулар - адамдардын чарба ишмердигинин (тиричиликтен агып чыккан суулар) жана суу менен камсыз кылуунун бардык булактарынан керектөөчүлөрдүн пайдалангандан кийинки жыйынтыктарында пайда болгон суулар;
чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутуму – ичүүчү суу менен калкты камсыз кылуу үчүн дайындалган техникалык система;
канализациянын борборлоштурулган тутуму (сууну буруу) - суу объектилериндеги агып чыккан сууларды буруп кетүү жана агып чыккан суулардын сиңишин иштетүү жана тазалоо, чогултуу үчүн калктуу жайлардагы инженердик курулмалар комплекси.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттары жана милдеттери
5. Аламүдүн айыл аймагынын (мындан ары – Айыл аймагы) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
- Айыл аймагынын калкынын канализациянын (сууну буруунун) жана тазалоочу курулмалардын сапаттуу тутумуна болгон муктаждыгын канааттандырууга.
6. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
- Айыл аймагынын коммуналдык канализациясынын борборлоштурулган тутумун өнүктүрүү;
- Айыл аймагынын канализация (сууну буруу) жана тазалоочу курулмаларынын тутумунун туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча суу түтүгү-канализациялык чарбасы ишканасынын ишин координациялоо жана контролдоо;
- Айыл аймагынын канализацияны (сууну буруу) колдонуу боюнча кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу жана суу түтүгү-канализациялык чарба муниципалдык ишканасын өнүктүрүү;
- агып чыккан сууларды агызуу жана булгануучу заттардын агып келүү ченемдерин контролдоо;
- Айыл аймагынын канализация (сууну буруу) жана тазалоочу курулмаларынын объектилеринин курулмаларына жана эксплуатациялоого курулуштагы жаңы экономикалык механизмдерди жана илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктерин жайылтуу;
-санитардык коргоо зонасындагы суу камсыздоо булактарынын булгануусун жоюу жана алдын алуу боюнча зарыл иш-чараларды өткөрүү.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциялары
7. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- канализация (сууну буруу) жана тазалоочу курулмалар тутуму менен Айыл аймагынын калкын камсыз кылуу боюнча программалардын долбоорлорун айылдык кеңеш тарабынан бекитүү үчүн иштеп чыгат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди, анын ичинде канализация (сууну буруу) жана тазалоочу курулмалардын тутумун колдонуунун жергиликтүү эрежелерин, Канализация тутумуна агынды сууларды кабыл алуунун эрежесин ж.б. иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет;
- канализация (сууну буруу) жана тазалоочу курулмалардын тутумун өнүктүрүү боюнча башкы схемасын, максаттуу программаларды жана иш-чаралардын планын иштеп чыгат;
- канализацияны (сууну буруу) пайдалануу үчүн тейлөөлөрдүн тарифин иштеп чыгат.
аткаруу жана колдоо функциялары
- Айыл аймагынын калкын канализация (сууну буруу) жана тазалоочу курулмалардын тутуму менен камсыз кылуу боюнча программалар айылдык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин аткарууну камсыз кылат;
- Айыл аймагынын калкын канализация (сууну буруу) жана тазалоочу курулмалардын тутуму менен камсыз кылуу боюнча уюштуруучулук-укуктук, уюштуруучулук-тескөө аракеттеринин комплексин ишке ашырат;
- Айыл аймагынын канализация (сууну буруу) жана тазалоочу курулмалар тутумунун туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу боюнча суу түтүгү-канализациялык чарба ишканасы менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат;
- суу түтүгү-канализациялык чарба тейлөөлөрүнө муниципалдык заказдарды түзөт жана жайгаштырат;
- суу түтүгү-канализациялык чарба муниципалдык ишканасын түзөт;
- суу түтүгү-канализациялык чарба муниципалдык ишканасын уставын бекитет;
- суу түтүгү-канализациялык чарба муниципалдык ишканасынын жетекчисин жана башкы бухгалтерин дайындайт;
- Аламүдүн айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган каражаттардын чегинде суу түтүгү-канализациялык чарба муниципалдык ишканасын каржылоону ишке ашырат.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Айыл аймагынын калкын канализация (сууну буруу) жана тазалоочу курулмалардын тутуму менен камсыз кылуу боюнча программалардын аткарылышына контроль жүргүзөт;
- Айыл аймагынын канализация (сууну буруу) жана тазалоочу курулмалар тутумунун туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу боюнча суу түтүгү-канализациялык чарба ишканасынын ишине контроль жүргүзөт;
- суу менен камсыздоо булактарын жана суу түтүктөрүнүн санитардык коргоо зоналарынын режими бузулган учурларда жоюу боюнча чараларды кабыл алууну жана айыл аймагынын аймактарындагы суу коргоо иш-чараларынын аткарылышына контроль жүргүзөт;
- Айыл аймагынын калкын канализация (сууну буруу) жана тазалоочу курулмалар тутуму менен камсыз кылуу боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышына контроль жүргүзөт.
8. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- Айыл аймагынын калкынын канализация (сууну буруу) жана тазалоочу курулмалар тутуму менен камсыз кылуу боюнча программаларды бекитет;
- өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жөнгө салуучу документтерди, анын ичинде канализация (сууну буруу) жана тазалоочу курулмалар тутумун колдонуунун жергиликтүү эрежелерин, Канализация тутумуна агып чыккан сууларды кабыл алуунун эрежелерин ж.б. бекитет;
- канализация (сууну буруу) жана тазалоочу курулмалар тутумун өнүктүрүү боюнча башкы схемаларды, максаттуу программаларды жана иш-чаралардын планын бекитет;
- канализацияны (сууну буруу) пайдалануу үчүн тейлөөлөрдүн тарифин бекитет.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Аламүдүн айыл өкмөтүнө жүктөлгөн жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү
9. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары);
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары ж.б.
10. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
V. “Калктуу конуштарда канализациянын жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
11. Жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кызматтардан жана иштерден түшкөн кирешелердин
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
VI. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоопкерчилиги
12. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, анын кызмат адамдары ушул Жободо каралган жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.