Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 11-майы № 288 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы № 287 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Республиканын калкына жогорку квалификациялуу адистештирилген ме-дициналык жардам көрсөтүү, медицина-санитардык жардамдын жогорку техно-логиялык түрлөрүнө жетүүнү камсыздоо жана дарылоо-диагностикалык проце-дуралардын кымбат баалуу түрлөрүн каржылоо максатында Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Меди-циналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фон-дун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-май-ындагы № 287
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламат-тык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялык(кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө
жобо ушул токтомдун
№ 1тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын; - аталган токтом менен бекитилген Медициналык жардамдын жогоркутехнологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн тизмеси ушул токтомдун
№ 2тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын; - 1-пункттун төртүнчү абзацы алып салынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгилен-ген тартипте: - жыл сайын программалык форматта саламаттык сактоонун бюджетинтүзүүдө Медициналык жардамдын жогорку технологиялык жана кымбат баалуутүрлөрүнүн фонду боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого каражаттардыаныктасын; - Медициналык жардамдын жогорку технологиялык жана кымбат баалуутүрлөрүнүн фондунун ишин уюштуруу үчүн жогорку медициналык технология-лар жаатындагы республиканын жетектөөчү адистеринен эксперттик комиссиятүзсүн; - бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык кел-тирсин. 3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү-лөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын31-январындагы № 44
токтомунун 7-пункту күчүн жоготту деп табылсын. 4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-майындагы № 288
токтомуна № 1 тиркеме Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду жөнүндө ЖОБО 1. Жалпы жоболор 2. ЖТФнын каражаттарын түзүү булактары 3. Саламаттык сактоо уюмдары боюнча ЖТФнын каражаттарын бөлүштүрүү (квоталоо) 4. Калк менен ишти уюштуруу 5. Эсепке алуу жана отчеттуулук 1. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медици-налык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду(мындан ары - ЖТФ) алардын наркын жарым-жартылай же толук жабуу жолуменен республиканын калкы үчүн медициналык жардамдын жогорку технологи-ялык жана кымбат баалуу түрлөрүнө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу максатындаөз ишин жүргүзөт. 2. ЖТФнын каражаттарынын тескөөчүсү болуп Кыргыз РеспубликасынынСаламаттык сактоо министрлиги эсептелет. 3. ЖТФнын иштешинин негизги принциби болуп каржылоо көлөмдөрүнүначык-айкындыгы, калк үчүн жогорку технологиялык жана кымбат баалуу кыз-маттарга бирдей экономикалык жана табигый жетүү, каражаттарды максаттуужана сарамжалдуу пайдалануу эсептелет. 4. ЖТФнын каражаттары төмөнкүдөй формада калкка медициналык жар-дамдын жогорку технологиялык же кымбат баалуу түрлөрүн каржылоого ганапайдаланылат: - жогорку квалификациялуу адистерди тартып, жогорку технологиялыкжабдууларды, кымбат баалуу медикаменттерди жана медициналык арналыштагыбуюмдарды пайдалануу менен оорулууларга пландуу жана ургенттүү стацио-нардык жардам көрсөтүү; - амбулаториялык процедуралардын жана дарылоонун, ошондой эле ла-бораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдүн жогорку технологиялыкжана кымбат баалуу түрлөрүн жүргүзүү. 5. ЖТФнын каражаттарынын эсебинен медициналык жардам Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Медициналык жардамдын жогоркутехнологиялык жана кымбат баалуу түрлөрүнүн тизмесинин жана кызмат көр-сөтүүлөрдүн саны жана аларды каржылоо боюнча бир жылга белгиленген кво-танын чектеринде калкка көрсөтүлөт. 2. ЖТФнын каражаттарын түзүү булактары 6. ЖТФ төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлөт: - республикалык бюджеттин; - гуманитардык жардамдын; - ЖТФнын максаттарына каршы келбеген жана Кыргыз Республикасынынмыйзамдары менен тыюу салынбаган башка түшүүлөрдүн. 3. Саламаттык сактоо уюмдары боюнча ЖТФнын каражаттарын бөлүштүрүү (квоталоо) 7. Региондорго карата саламаттык сактоо уюмдары боюнча ЖТФнын ка-ражаттарын бөлүштүрүүнү (квоталоону) республиканын жогорку технология-лар жаатындагы жетектөөчү адистеринен турган Кыргыз Республикасынын Са-ламаттык сактоо министрлигинин эксперттик комиссиясы (мындан ары - экс-перттик комиссия) жүргүзөт. 8. Эксперттик комиссиянын сандык курамын жана ал жөнүндө жобонуКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекитет. 9. Саламаттык сактоо уюмдарын квоталоо төмөнкүлөрдүн негизиндежүргүзүлөт: - жалпы Тизмеден жогорку технологиялык жана кымбат баалуу медици-налык кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн алдыдагы жылда каржылоо үчүнкабыл алынгандардын; - жашаган жери боюнча региондорго карата оорулуулардын санынынкөрсөткүчүн чагылдыруу менен белгиленген тизме боюнча кызмат көрсөтүүчүсаламаттык сактоо уюмдарынын арыздарынын; - оорулуулардын саны, көрсөтүлүүчү жогорку технологиялык жана кым-бат баалуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн прейскуранттыкнаркы жана ЖТФнын каражаттарынын эсебинен аларды жабуу нормативи боюнчасаламаттык сактоо уюмдарын каржылоо муктаждыктарынын. 10. Региондорду квоталоо ушул Кызмат көрсөтүүчүлөргө түшкөн арыз-дардын жалпы саны боюнча ар бир облустан, Бишкек жана Ош шаарларынаноорулуулардын үлүштөрүнө жараша жогорку технологиялык жана кымбат баа-луу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча аныкталат. 11. Калкка жогорку технологиялык жана кымбат баалуу кызматтардыкөрсөткөндүгү үчүн саламаттык сактоо уюмдары менен эсептешүүлөр ЖТФнынкаражаттарынан, мамлекеттик бюджеттен, милдеттүү медициналык камсыздан-дыруудан жана калктын тењ төлөөсүнүн жекече өлчөмдөрүнөн кызмат көрсө-түүлөрдүн прейскуранттык наркын көп каналдуу каржылоо принциби боюнчажүргүзүлөт. 12. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жогорку технологиялык жанакымбат баалуу түрлөрүнө баалардын прейскуранты Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүүбоюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республика-сынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аныкталат. 4. Калк менен ишти уюштуруу 13. Калк менен иштөө үчүн ЖТФ боюнча кызматтарды көрсөтүүчүлөр(улуттук борборлор, илимий-изилдөө институттары, республикалык саламат-тык сактоо уюмдары, облустук бириктирилген ооруканалар) Дарылоо-конт-ролдоо комиссияларын (мындан ары - ДКК) түзүшөт. 14. ДКК ар бир оорулуунун документин: оорулуунун тарыхынын көчүр-мөсүн, профилдик адистердин корутундуларын, клиникалык, лабораториялыкжана башка изилдөөлөрдүн натыйжаларын карайт жана дарылоонун зарылдыгыжана аларды Күтүү баракчасына киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат. 15. Ооруканага жаткыруу үчүн көрсөткүчтөр жок болгон учурда ДККжашаган жери боюнча оорулууну андан ары дарылоо үчүн же жакын жайгашканпрофилдүү саламаттык сактоо уюмуна толук сунуштар менен консультациялыккорутунду жиберет. 5. Эсепке алуу жана отчеттуулук 16. Саламаттык сактоо уюмдары оорулуулардын, кызмат көрсөтүүлөрдүнжана кымбат баалуу жана жогорку технологиялык материалдар менен медика-менттерди эсептен чыгаруу бөлүгүндө жүргүзүлгөн чыгымдардын эсебин алатжана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен фор-ма боюнча отчет берет. 17. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жалпысы-нан республика боюнча жана облустарга, Бишкек жана Ош шаарларына каратакөрсөтүлгөн жогорку технологиялык же кымбат баалуу медициналык кызматкөрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн көлөмдөрү, диагноздор боюнча оорулуулардынсаны жөнүндө топтомо отчет түзөт. 18. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кварталсайын ЖТФ боюнча чыгымдар сметасынын аткарылышы жөнүндө Кыргыз Респуб-ликасынын Финансы министрлигине отчет берет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-майындагы № 288
токтомуна № 2 тиркеме Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондунун каражатынын эсебинен каржылануучу медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн ТИЗМЕСИ -----------------------------------------------------------------------|№ | Топ | Жогорку технологиялык (кымбат баалуу) | Кызмат || |тогу №| кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн аталышы | көрсөтүү || | | | коду ||---------------------------------------------------------------------||1. Абдоминалдык хирургия ||---------------------------------------------------------------------||1 |1 |Ууланган богок учурунда калканч бездерин | 10100 || | |субтоталдык резекциялоо | ||--|------|------------------------------------------------|----------||2 |2 |Панкреатодуоденалдык резекциялоо (он эки эли | 10200 || | |ичегини сактоо менен ашказан безинин башын | || | |резекциялоо, ашказан безин ортосунан | || | |резекциялоо) | ||--|------|------------------------------------------------|----------||3 |3 |Адреналэктомия (бөйрөктүн үстүн алып салуу) | 10300 ||--|------|------------------------------------------------|----------||4 |4 |Боордун сегментин (сегменттерин) резекциялоо | 10400 ||--|------|------------------------------------------------|----------||5 |5 |Тиенаманы жана ванкомицинди колдонуу менен | 10500 || | |жугуштуу эндокардитти дарылоо | ||--|------|------------------------------------------------|----------||6 |6 |Ичке жана жоон ичегини резекциялоо (карын аралык| 10600 || | |проктопластика, колэктомия, Гиршпрунг оорусу | || | |учурунда жоон ичегини резекциялоо, Крон | || | |оорусунда жоон жана ичке ичегинин, алкактуу | || | |ичегинин такталбаган бөлүгүнүн түбүнүн зыянсыз | || | |жањы пайда болгон жараты) | ||--|------|------------------------------------------------|----------||7 |7 |Кызыл өњгөч ооруганда операция жасоо (кызыл | 10700 || | |өњгөчтүн пластикасы, кызыл өњгөчтүн | || | |экстирпациясы) | ||--|------|------------------------------------------------|----------||8 |8 |Бөйрөктөн сырткары өт жолдорунун патологиясын | 10800 || | |четтетүү | ||--|------|------------------------------------------------|----------||9 |9 |Тери аркылуу бөйрөк аркылуу эндобилиарддык | 10900 || | |стенттөө | ||--|------|------------------------------------------------|----------||10|10 |Боор циррозу учурунда спленореналдык анастомоз | 11000 ||--|------|------------------------------------------------|----------||11|11 |Пневмонэктомия жана плевропневмонэктомия | 11100 ||---------------------------------------------------------------------||2. Нефрология ||---------------------------------------------------------------------||12|1 |Курч жана өнөкөт диализ | 20100 ||---------------------------------------------------------------------||3. Комбустиология ||---------------------------------------------------------------------||13|1 |Поликомпоненттик медикаментоздук трасфузия | 30100 || | |терапиясын колдонуу менен комплекстүү дарылоо, | || | |хирургиялык ыкма менен дарылоо, күйүк учурунда | || | |реконструкция-пластикалык операция жасоо | ||---------------------------------------------------------------------||4. Нейрохирургия ||---------------------------------------------------------------------||14|1ё |Баш мээнин кан тамырларын аневризмин ачык | 40100 || | |бекемдөө | ||--|------|------------------------------------------------|----------||15|2 |Баш мээнин краниобазалдык шишигин алып таштоо | 40200 ||--|------|------------------------------------------------|----------||16|3 |Ликворошунтирлөөчү операция | 40300 ||--|------|------------------------------------------------|----------||17|4 |Ар түрдүү имплантанттардын корпородези менен | 40400 || | |омуртканы ордуна коюп түздөө | ||---------------------------------------------------------------------||5. Жүрөк-кан тамыр хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо ||---------------------------------------------------------------------||18|1 |Өпкө артериясы же аортаны клапандык стеноздоодо | 50100 || | |баллондук вальвулопластикалоо | ||--|------|------------------------------------------------|----------||19|2 |ИБС жана миокарддын курч инфаркты учурунда бир | 50200 || | |коронардык артерия менен стенттөө | ||--|------|------------------------------------------------|----------||20|3 |Кавафильтрди имплантациялоо | 50300 ||--|------|------------------------------------------------|----------||21|4 |Электрондук кардиостимуляторду алмаштыруу жана | 50400 || | |имплантациялоо | ||--|------|------------------------------------------------|----------||22|5 |Бир клапандуу протездештирүү (татаалдашпаган) | 50500 ||--|------|------------------------------------------------|----------||23|6 |Эки клапандуу протездештирүү (татаалдашпаган) | 50600 ||--|------|------------------------------------------------|----------||24|7 |Аортанын пластикалык бутагы жана протездештирүү | 50700 || | |менен аневризмаэктомиялоо | ||--|------|------------------------------------------------|----------||25|8 |Эмболикага каршы веноздук кавафильтрди орнотуу | 50800 ||--|------|------------------------------------------------|----------||26|9 |Татаал тубаса жүрөк ооруларынын типтерин | 50900 || | |радикалдуу коррекциялоо: Фалло, ТМС, ДОС | || | |тетраддары | ||--|------|------------------------------------------------|----------||27|10 |Аорто-ашказан тешигинин, жүрөктүн | 51000 || | |тоскоолдуктарынын кемтиктерин тигүү жана | || | |пластикалоо | ||--|------|------------------------------------------------|----------||28|11 |Жүрөктү эндокардиалдык электрофизиологиялык | 51100 || | |изилдөө | ||--|------|------------------------------------------------|----------||29|12 |Лериш сидромунда операция жасоо | 51200 ||--|------|------------------------------------------------|----------||30|13 |Вена көњдөйүнөн эмбологендик тромбаны алып салуу| 51300 || | |(тромбоэкстрактор) | ||--|------|------------------------------------------------|----------||31|14 |Жүрөк камерасынан бөтөн нерсени алып салуу | 51400 || | |(эндоваскулярдык, ачык) | ||--|------|------------------------------------------------|----------||32|15 |Аорто-коронардык шунтирлөөнү операция жасоо | 51500 || | |(татаалдашпаган) | ||--|------|------------------------------------------------|----------||33|16 |Төмөнкүдөй типтеги жүрөккө жабык операцияларды | 51600 || | |жасоо: митралдык комиссуротомия, | || | |перикардэктомия, ачык артериалдык түтүкчөнү | || | |(ААТ) тањуу, аорто-өпкө анастомозун бастыруу, | || | |коррекциялоо же аортонун коарктациясын четтетүү | ||--|------|------------------------------------------------|----------||34|17 |Төмөнкүдөй типтеги жүрөккө ачык операцияларды | 51700 || | |жасоо: жүрөккө чейинки аралыктагы тоскоолдуктун | || | |кемтиги (ЖЧАТД), ашказан аралыгындагы | || | |тоскоолдуктун кемтиги (ААТД), атрио-вентрикуляр-| || | |дык коммуникациянын (АВК) толук жана толук эмес | || | |формасы ж.б. | ||--|------|------------------------------------------------|----------||35|18 |Жүрөктүн кагышынын бузулушундагы радио жыштыктын| 51800 || | |катетердик абляциясы | ||--|------|------------------------------------------------|----------||36|19 |Баллондук ангиопластика жана перифериялык кан | 51900 || | |тамырларды стенттөө | ||--|------|------------------------------------------------|----------||37|20 |Коронарография | 52000 ||--|------|------------------------------------------------|----------||38|21 |Диагностикалык катетеризациялоо жана жүрөктүн | 52100 || | |көњдөйүн ангиографиялоо | ||--|------|------------------------------------------------|----------||39|22 |Жасалма кан айлануунун шартында аритмияны | 52200 || | |четтетүү | ||--|------|------------------------------------------------|----------||40|23 |Миокарддын биопсиясы | 52300 ||--|------|------------------------------------------------|----------||41|24 |Эндомиокардиалдык биопсия | 52400 ||--|------|------------------------------------------------|----------||42|25 |Аортанын аневризми | 52500 ||--|------|------------------------------------------------|----------||43|26 |Бөйрөктү трансплантациялоо | 52600 ||---------------------------------------------------------------------||6. Интервенциондук кардиология жана радиология ||---------------------------------------------------------------------||44|1 |Перифериялык кан тамырлардын, баш мээнин кан | 60100 || | |тамырларынын жана ички органдардын ангиографиясы| ||--|------|------------------------------------------------|----------||45|2 |Коронардык, магистралдык жана перифериялык кан | 60200 || | |тамырлардын ангиопластикасы | ||--|------|------------------------------------------------|----------||46|3 |Катмарларга бөлүнүүчү аневризм учурунда аортаны | 60300 || | |стенттөө | ||--|------|------------------------------------------------|----------||47|4 |Көк боордун, боордун, бөйрөктүн жана башка кан | 60400 || | |тамырларды эмболизациялоо | ||--|------|------------------------------------------------|----------||48|5 |Порталдык гипертензияда трансюгулярдык, | 60500 || | |трансбоордук порто-кавалдык анастомоз | ||---------------------------------------------------------------------||7. Торакалдык хирургия ||---------------------------------------------------------------------||49|1 |Кекиртек, бронха жана өпкөгө реконструктивдүү | 70100 || | |операция жасоо | ||--|------|------------------------------------------------|----------||50|2 |Кызыл өњгөчкө реконструктивдүү операция жасоо | 70200 ||---------------------------------------------------------------------||8. Травматология жана ортопедия ||---------------------------------------------------------------------||51|1 |Кол-буттун өсүүсүнүн кемтиги жана мандеми болгон| 80100 || | |учурда сөөктү реконструкциялоо | ||--|------|------------------------------------------------|----------||52|2 |Кол-буттун өсүүсүнүн кемтиги жана мандеми болгон| 80200 || | |учурда сөөктү остеотомия кылуу | ||--|------|------------------------------------------------|----------||53|3 |Кол-буттун өсүүсүнүн кемтиги жана мандеми болгон| 80300 || | |учурда сөөктү узартуу, кыскартуу | ||--|------|------------------------------------------------|----------||54|4 |Кол-буттун өсүүсүнүн кемтиги жана мандеми болгон| 80400 || | |учурун тышкы каттап турган жабдууну коюу | ||--|------|------------------------------------------------|----------||55|5 |Эндопротездештирүү, реэндопротездештирүү, | 80500 || | |муундун пластикасы | ||--|------|------------------------------------------------|----------||56|6 |Спондилосинтез | 80600 ||--|------|------------------------------------------------|----------||57|7 |Омуртканын артродези (спондилодез) | 80700 ||--|------|------------------------------------------------|----------||58|8 |Омуртканын пластикасы | 80800 ||---------------------------------------------------------------------||9. Проктология ||---------------------------------------------------------------------||59|1 |Жыныс мүчөсү менен арткы тешиктин ортосундагы | 90100 || | |аралыктын проктопластикасы | ||---------------------------------------------------------------------||10. Беш манжанын микрохирургиясы жана пластикалык калыбына ||келтирүүчү хирургия ||---------------------------------------------------------------------||60|1 |Беш манжа, бармак жана кол-буттун башка | 10010 || | |сегменттерин реинплантациялоо | ||---------------------------------------------------------------------||11. Онкология ||---------------------------------------------------------------------||60|1 |Көтөн чучук рагынын учурунда жанаша органдарды | 11010 || | |резекциялоо жана алып салуу менен айкалыштырып | || | |операция жасоо | ||--|------|------------------------------------------------|----------||61|2 |Алкактуу ичегинин рагы учурунда жанаша | 11020 || | |органдарды резекциялоо жана алып салуу менен | || | |айкалыштырып операция жасоо | ||--|------|------------------------------------------------|----------||62|3 |Табарсыктын рагы (табарсык резервуарынын жоон | 11030 || | |ичегисин түзүү менен цистэктомия кылуу) | ||--|------|------------------------------------------------|----------||63|4 |Бөйрөктүн рагы (нефрэктомия) | 11040 ||--|------|------------------------------------------------|----------||64|5 |Кызыл өњгөчтүн рагы (Льюис операциясы жана | 11050 || | |Герлок операциясы) | ||--|------|------------------------------------------------|----------||65|6 |Ашказан рагы (лимфодиссекциялуу гастроэктомия) | 11060 ||--|------|------------------------------------------------|----------||66|7 |Таяныч-кыймылдаткыч аппаратынын, жумшак ткандын | 11070 || | |шишиги (жамбаш-карын аралык мүчөлөштүрүү, | || | |көкүрөк-далы аралык мүчөлөштүрүү) | ||--|------|------------------------------------------------|----------||67|8 |Боор рагы (лимфодиссекциялуу гемигапатэктомия) | 11080 ||--|------|------------------------------------------------|----------||68|9 |Карын астындагы бездин рагы | 11090 || | |(гастропанкреатодуоденалдык резекциялоо) | |----------------------------------------------------------------------- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев