Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-декабры № 807
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында баалоо ишин өнүктүрүү боюнча ченемдик-методологиялык базаны өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункттун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин убактылуу эрежелеринде:
3-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Баалоо ишмердигин өнүктүрүү боюнча кеңеш жөнүндө жободо:
аталышындагы жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети", "Маммүлкком" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктта "(мындан ары - Маммүлкком)" деген сөздөр алып салынсын;
4-пункттун үчүнчү жана бешинчи абзацтары, 5-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
6-пункттагы "Маммүлккомдун төрагасы" деген сөздөр "экономика министринин орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|